9-сентябрь - 16-сентябрь
|
Жеңишбек Айтиев "Мурат менен Зымырат"
Жүктөлгөн: 2014-09-01
Текст
Мурат менен Зымырат экөө коңшу турушат,
Бала кезден чогуу өсүп, экөө бирге окушат. Зымыратка Гүлмурат күндө келип гүл сунат, "Азыр эрте, кой" дешип ата-энелер урушат. Мезгил учат зымырап, Мурат менен Зымырат Мектеп окуп, аяктап, Бой жетилип калышат. Окуу жайга жогорку алар бирге барышат, Бүтүп келип беш жылда чогуу иштеп калышат. Зымыратка Гүлмурат күндө келип гүл сунат, "Үйлөнгүлө, болду" деп ата-энелер урушат. Мезгил учат зымырап, Мурат менен Зымырат 30 жаштан ашса да, Үйлөнүүгө шашылбайт. Көп иштешет, тынышпайт, эл кылганды кылышат. Көр оокат деп жүрүшүп, элүү жашка чыгышат. Зымыратка Гүлмурат күндө келип гүл сунат, Туугандары "болду" деп, үйлөндүрүп салышат. Мезгил учат зымырап, Мурат менен Зымырат Алтымыштан ашканда Бир балалуу болушат. Өмүр учат зымырап, Улам бизди карытат. Бойдок болуп карыбай, Үйлөнөлү батыраак.
Биз социалдык тармактарда:
Популярдуу видеолор
Жылаңач Бактыгүл (жашыруун камера, нерви жукалар көрбөгүлө!).18 жашка чейинкилерге көргөнгө болбойт.
Күн
Жума
Ай
Жыл
Баардыгы
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Медиа-портал" бөлүмүнө кирди:
|