9-сентябрь - 16-сентябрь
|
Нурлан Насип, Самара Каримова "Бололу бирге"
Жүктөлгөн: 2017-03-26
Текст
Ай сулуу аткан таңдай,
Көңүл учту сага карай, Карайм карегимди албай... Тилегиңиз жанга дос бекен? Жүрөгүңүз али бош бекен? Кечиктимби мен ай, билемин кандай? Баатыр жигит болчу Абай, Сендейлерди көргөм далай. Анча, ашыкпаңыз андай... Жүрөк ээси болуу урмат го, Аны ачуу сизге кымбат го, Ачкычын да албай, Ачасыз кандай? Кайырма: Ачып алам, оңой жолу керек, Ашык адам тапкыч болуу керек. Максаттарын бийик коюу керек, Эки жүрөк бирдей согуу керек. Көзүңүздү жатка ыйгарбай, Өзүңүздү бекер кыйнабай. Бөлүнбөй, биз күндө, бололу бирге! Кабагыңа конгон Күн-Ай, Карегиңе толгон чырай, Сени шүгүр берген Кудай. Сезимиңди арнап келсең ай, Эркелеген менин эркем ай. Бакытты далай, көрөлү ары карай. Эркелетип эчен курдай, Кылыгыма жүрсөң чыдай, Бактылуу боломун тынбай. Сен болосуң менин шерим ай, Мен болоюн сенин теңиң ай, Сүйүүмдү арнай, жүрөйүн талбай. Кайырма: Ары жагы биздин багыбыздан, Арылалы жалгыз жагыбыздан. Сагыналы ойлоп таңыбыздан, Табылалы дайым жаныбыздан. Көзүбүздү жатка ыйгарбай, Өзүбүздү бекер кыйнабай, Бөлүнбөй, биз күндө, бололу бирге!
Биз социалдык тармактарда:
Популярдуу видеолор
Жылаңач Бактыгүл (жашыруун камера, нерви жукалар көрбөгүлө!).18 жашка чейинкилерге көргөнгө болбойт.
Күн
Жума
Ай
Жыл
Баардыгы
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Медиа-портал" бөлүмүнө кирди:
|