9-сентябрь - 16-сентябрь
|
Фархат Кеңешбек уулу, Азиза "Бактылуу сүйүү"
Жүктөлгөн: 2011-06-10
Текст
Баарына даяр, мен баарына даяр сиз үчүн,
А билбейм, сулуу, сулуу кыз жашайт ким үчүн? Даярмын мен да, даярмын мен да сиз үчүн, Сүйүүнүн жолу кең болсо экен биз үчүн. Жүрөгүм дегдеп, жүрөмүн издеп перини, Ал пери менин жүрөк отумду сездиби? Баарына даяр, мен баарына даяр сиз үчүн, А билбейм, сулуу, сулуу кыз жашайт ким үчүн? Сезбейин кантип, сезбейин кантип сүйүүңдү? Жылдыздуу жигит, кабыл ал менин сүйүүмдү. Даярмын мен да, даярмын мен да сиз үчүн, Сүйүүнүн жолу кең болсо экен биз үчүн. Артыңдан барып, аңдып бир сизди жүрөмүн, Көңүлдүн ээлеп, ээлеп бир алдың түнөгүн. Сулуу кыз, эгер, сулуу кыз, эгер түшүнсөң, Бир сиз деп өмүр, бир сиз деп өмүр сүрөмүн. Жолуңду карап, жоругуң эстеп күлөмүн, Келсе деп сени, күнү да, түнү күтөмүн. Жылдыздуу жигит, жылдыздуу жигит, түшүнсөң, Бир сен деп кагат, бир сен деп согот жүрөгүм. Бактылуу сүйүү, бактылуу өмүр жаратып, Сүйүүнүн сырдуу багына барып конолу. Айрылып калбай, адашып калбай өмүрдө, Жашоодо бирге, сүйүүдө бирге бололу.
Биз социалдык тармактарда:
Популярдуу видеолор
Жылаңач Бактыгүл (жашыруун камера, нерви жукалар көрбөгүлө!).18 жашка чейинкилерге көргөнгө болбойт.
Күн
Жума
Ай
Жыл
Баардыгы
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Медиа-портал" бөлүмүнө кирди:
|