|
Ильяз Андаш
Бардык видеолор: 27
Бардык аудиолор: 45
00:03:23
00:03:21
00:05:28
00:03:56
00:03:53
00:03:45
00:03:32
Сөзү : Акбар Кубанычбековдуку
Обону : Руслан Исаковдуку
Сөзү : Керимжан Ниязовдуку
Обону : Керимжан Ниязовдуку
Мен ушундай жөнөкөй жигит,
Сендей кызга ашык болупмун.
Көктөгү жылдызды, кашы кундузду,
Жете албай мен арзуу кылыпмын.
Кезиккенбиз ошондо бакта,
Сен жылмайсаң мен да күлүпмүн.
Жалган сүйүүлөр, жалган күлкүлөр.
Сени сүйүп ката кылыпмын.
Каталарда билинди баркым
Сен билбедиң жан дүйнө дартын.
Кадырым билбедиң, дартым сезбедиң,
Сени сүйүп мен жаңылыпмын.
Көздөрүм бар мага жарашкан,
Мга бардык селки карашкан.
Калды сүйүүлөр, калды күлкүлөр,
Өкүнүчтүү жетпей калганым.
Мен ушундай жөнөкөй жигит,
Сендей кызга ашык болупмун.
Көктөгү жылдызды, кашы кундузду,
Жете албай мен арзуу кылыпмын.
Сөзү : Жалил Садыковдуку
Обону : Насыр Давлесовдуку
Сөзү : Эмил Тилекматовдуку
Обону : Эмил Тилекматовдуку
Сөзү : Бексултан Ашымбековдуку
Обону : Бексултан Ашымбековдуку
Жүрчү элек бир кезде,
Кол кармашып жан эркем.
Түшүнбөдүм себебин,
Ажырадык эмнеге?
Жүрөсүң,
Кубандырып башка жанды.
Сүйгөнүм,
Бактылуу го жаныңдагы,
Жүргөнүң,
Аябадың мени андай,
Сүйгөнүм,
Сүйгөнүм.
Күндөн күнгө алсырайм,
Ойлоп сени жаным ай.
Көздөн жашым токтобойт ай,
Кусалыктан чыдабай.
Жүрөсүң,
Кубандырып башка жанды.
Сүйгөнүм,
Бактылуу го жаныңдагы,
Жүргөнүң,
Аябадың мени андай,
Сүйгөнүм,
Сүйгөнүм.
Сөзү : Бакыт Оторбаевдики
Обону : Эдил Гайфулиндики
Жашоого жаралып өз койнуңдан,
Озандым бал ширин булагыңдан.
Бөлөнгөм арча жыт бешигиңе,
Үзүлбөй санжыраң, дилимден жаңырган
Айланам таңындан, нур мончок тагынган
Өзүң деп суранам жараткандан.
Кайырма:
Айылым, айылым туулган жерим,
Искеймин кымыздай жытың сенин.
Алыста сагынат уул-кыздарың,
Аманбы меймандос элим менин.
Карагай мөңгү суу, арча-кайың,
Тарабайт кумарым барган сайын.
Башталат башааты бул жашоомдун,
Киндик кан тамган жер, айылым.
Суктанып даалайлар көзүн артып,
Кеткендер келишет кайра кайтып.
Акын да сөз менен жеткире албас,
Ак пейил элиңди, асыл төр жериңди.
Көлүңдү, кениңди, күч берген элиңди,
Бейиштин төрүңдөй илебиңди.
Сөзү : Жаныш Кочкоровдуку
Обону : Жаныш Кочкоровдуку
Сөзү : А.Мамытбековдуку
Обону : А.Мамытбековдуку
Көп ойлоп дайым өзүңдү,
Жалынга таштайм өзүмдү.
Көңүлдөш курбум болсоң деп,
Айжамал, Айжамал, укчу сөзүмдү.
Кыйнаба мени, жаркыным,
Жыттайын тосчу алкымың.
Кусадар болуп жүрөмүн,
Айжамал, Айжамал, укчу сөзүмдү.
Көзүнө түшсөң башканын,
Убайым тартат жаш жаным.
Ушул ыр сага арналат,
Айжамал, Айжамал, укчу сөзүмдү.
Сөзү : Алымбек Коробаевдики
Обону : Алымбек Коробаевдики
Таң алдында таттуу махабат,
Көл толкуну улам каратат.
Дал ошондо күүлөп канатын,
Кийген өндүү аппак халатын,
Ойкуйт да кайкыйт, ойкуйт да кайкыйт, ойкуйт да кайкыйт,
Ак чардак.
Дал ошондо күүлөп канатын,
Кийген өндүү аппак халатын,
Ойкуйт да кайкыйт, ойкуйт да кайкыйт, ойкуйт да кайкыйт,
Ак чардак.
Көл түбүнөн көлгө күн чыгат,
Келбечүдөй кайра жай сызат.
Бирок, менин махабатым,
Айланчыктап артта калат.
Көрүнө да калса, көрүнө да калса, көрүнө да калса,
Ак чардак.
Бирок, менин махабатым,
Айланчыктап артта калат.
Көрүнө да калса, көрүнө да калса, көрүнө да калса,
Ак чардак.
Көл түбүндө сүзөт ак чабак,
Көл үстүндө сүзөт ак чардак.
Арасынан таппай өзүңдү,
Унуттуңбу айткан сөзүңдү?
Кайдасың ай сүйгөн, кайдасың а сүйгөн, кайдасың а сүйгөн,
Ак чардак?
Арасынан таппай өзүңдү,
Унуттуңбу айткан сөзүңдү?
Кайдасың ай сүйгөн, кайдасың а сүйгөн, кайдасың а сүйгөн,
Ак чардак?
Асыккан суу тасуугу водовозбын
Талайды жалга тастап басып ооздым
Суга емес кызга абден шөлдегендей жигитим
Неге сонша мойның создың
Кайырма:
Еду, еду гашыккан
Мен водовоз ассыккан
Мөлдир суу бар достар,
Мөлдир суу бар достар,
Каму надо поскорей
Суу тасып өлен айтып аралаймын,
Кыздарды анаулынау каламаймын.
Шөлтеңдеп кейбирөөүлер эуре болп жүр так что,
Ондайларды карамаймын.
Кайырма:
Акелген мөл булактан мөлдир суу бар,
Өтерик шөлдей берип кейбир куулар.
Жасында бул аулдын кыздарысы абайла,
Алып калма большой удар.
Сөзү : Лариса Асанбекова
Обону : Мирлан Абдраев
Жаз күнүндөй татына, сулуусуңар,
Жигиттердин жүрөгүн элжиретип, кыздар.
Жанды эритет назданып турушуңар,
Айдай сулуу биздин кыздар.
Кайырма:
Кыздар... Кыздар...
Болбогула жигитке кайгы, муң, зар.
Түбөлүккө сүйүп жүрүп өтөлүчү, кыздар,
Күн келбесин силер үчүн жүрөк муздар.
Биздин кыздар.
Силерсиңер жашоодо бүтпөс кумар,
Каректерден төгүлгөн мээримиңер, кыздар.
Жарык чачып, өмүрдү улап турар,
Айдай сулуу биздин кыздар.
Кайырма:
Обону : Мукан Рыскулбековдуку
Адыр-адыр тоолордон,
Айгыр минип түшөбүз.
А, дүйнөдө не кызык,
Ачуу айран ичебиз,
Аа-аа агайың, ачуу айран ичебиз.
Ачуу кефир ичебиз.
Ар тарапты аралап,
Кең жайлоого барабыз.
Кымыздарын аяшса,
Чийки суудан ичебиз,
Арыктан суу ичебиз ,
Аа-аа агайың, арыктан суу ичебиз
Чийки суудан ичебиз.
Алты саның аманда,
Ырда бийле карманба.
Шаң болбосо өмүрдө,
Куруп кетсин замана
Аа-аа агайың, куруп кетсин замана.
Алты саның аманда,
Ырда бийле карманба.
Мен сени сагынган бойдон жүрөм, алтыным,
Жазды эңсеп сагынган боз жамгырдай,
Күкүктөп сайраган боз куштардай,
Мен сени издеп жүрөм,
Мен сени сүрөп жүрөм,
Сыртымдан сыр бербей жүргөн менен,
Ичимден ыйлап жүрөм,
Өмүмчө сыздап жүрөм,
Бир сен деп ырдап жүрөм.
Сагындым, саргайдым бир сен үчүн,
Сен муну билесиңби?
Суранам кайра бир келсеңчи сен,
Мен сени сагынган бойдон калам, ардагым,
Жете албай калсам, ай арманым көп,
Кеңчилик дүйнөнү кечип таштап,
Мен сени издей берем,
Мен сени сурай берем,
Сыртымдан сыр бербей жүргөн менен,
Ичимден ыйлай берем,
Өмүмчө сыздай берем,
Бир сен деп ырдай берем.
Кыйналдым, кысталдым бир сен үчүн,
Сен муну билесиңби,
Суранам кайра бир келсеңчи сен.
Сыртымдан сыр бербей жүргөн менен,
Ичимден ыйлап жүрөм,
Өзүмчө сыздап жүрөм,
Бир сен деп ырдап жүрөм.
Ай чыкканда балбылдап,
Айды көрсөм сени көрүп тиктей берем жалдырап.
Айдай сезем элесиңди,
Айдан түшүп келесиңби?
Келесинби, жан эркем?
Келесиңби деги сен?
Суу жээгинен кучактап,
Сууну көрсөм сени көрүп карай берем кылчактап.
Суудай көрөм элесиңди,
Суудан агып келесиңби,
Келесиңби, жан эркем?
Келесиңби деги сен?
Арчадагы булагым,
Билдиңерби, көрдүңөрбү аскадагы уларым?
Кырдан издейм элесиңди,
Кырдан түшүп келесиңби?
Келесиңби, жан эркем?
Келесиңби деги сен?
Жылдыз болуп койнума,
Кирип келчи, эркелетчи колуң коюп мойнума.
Жүрөк какшайт, не кылайын?
Кара көзүм, ананайын,
Ананайын, жан эркем,
Келесиңби деги сен?
Сөзү : Нурлан Эсенгуловдуку
Обону : Нурлан Эсенгуловдуку
Акыркы жолу мен сага барам,
Акыркы жолу сүйөм деп айтам.
Канчалык сени сүйүп турсам да,
Кайрылып кайра, бара албайм сага.
Акыркы жолу гүлүмдү сунам,
Акыркы жолу саамайың сылайм.
Бактылуу бол деп колуң булгалап,
Каларсың жаным менден алыстап.
Кайырма:
Арманым күчөп, алыстап сенден
Каламбы жалгыз ак сүйүүм менен
Арманым күчөп, алыстап сенден
Каламбы жалгыз ак сүйүүм менен
Ыйлаба жаным өзүңдү кыйнап,
Ыйлаба жаным жүрөгүм сыздайт.
Жалгыз сүрөтүң калат сакталып,
Көргөндө аны жүрөмүн ыйлап.
Кайырма:
Ысык-Көлүм пейлиң кенен, тоо койнунда төрөлгөм,
Толукшуйсуң күмүш түскө, бермет түскө бөлөнгөн.
Бир кумарым таркабады, таркабады өзүңдөн.
Кучак жайып толкунуңа кетким келбейт жээгиңден.
Кайырма:
Ырыс, бакыт көл жээгинде,
Күлкү, шаттык, жаштык той.
Сен экенсиң кыргызыма,
Жалгыз бүткөн бейиш жай.
Ысык-Көлүм ырдын кени, канча акын ырдаган,
Кылым жолдо өткөндөргө кимди куштар кылбаган.
Күн тийгенде толкундарың күмүш нурун чагылтып
Көркөмүңдү ар күн сайын алмаштырам жаңыртып
|