|
Калыс Жакыпов
Бардык видеолор: 22
Бардык аудиолор: 37
00:03:09
00:04:28
00:03:37
00:02:57
00:03:30
00:03:27
00:02:17
Сөзү : Нурболат Абдулиндики
Обону : Нурболат Абдулиндики
Сөзү : Ж . Мирзакасимовдуку
Обону : Ж . Мирзакасимовдуку
Сөзү : Адилет Токендики
Обону : Адилет Токендики
Сөзү : Гүлжигит Сатыбековдуку
Обону : Гүлжигит Сатыбековдуку
Сөзү : Бек Борбиевдики
Обону : Бек Борбиевдики
Сөзү : Калыс Жакыповдуку, С. Молдолиевдики
Обону : Калыс Жакыповдуку
Сөзү : Ынак Осмоналиевдики
Обону : Ынак Осмоналиевдики
Сөзү : Сагынбек Молдоевдики
Обону : Сагынбек Молдоевдики
Сулуусуң, ажарлуусуң сен бүгүн өзгөчө
Ак жүзүң нурга бөлөнүп.
Анткени сен каралдым бир канча жылдар алдын
Келгенсиң дал ошол күн дүйнөгө жаңы төрөлүп.
Кайырма:
Дагы бир гүлүң ачылып бүгүн
Куттуу болсун, жаным, сенин туулган күнүң
Бакыт коштоп менин сүйгөн ардагым болуп
Жүрө бер, гүлүм, жүрө бер, гүлүм,
Кут болсун туулган күнүң.
Ыр, күлкү шаңдуу кече,
Каалоолор бир сага арнашып достор белегин,
Кеченин аягында жаныңа барамын да
Сен сүйгөн ырды бүгүн сага арнап, ырдап беремин.
Сөзү : Сагынбек Молдоевдики
Обону : Сагынбек Молдоевдики
Жаңырган айды көрсөм,
Сени эңсеймин.
Ачылган гүлдү көрүп,
Аны сен деймин.
Оо, гүлүм, кыйнадың го,
Мени мынчалык?
Сагындым, саргайдым го,
Неге келбейсиң?
Кайырма:
Алты тоонун тескейи,
Алты куш аны эңсейби?
Алсырадым, аздым го,
Алтыным эрте келбейби?
Жети тоонун тескейи,
Жети куш аны эңсейби?
Жетимсиреп калдым го,
Жейреним эрте келбейби?
Өзүң бил,
Максатыңа эми жеттиңби?
Өзүң бил,
Биротоло менден кеттиңби?
Оо, гүлүм, кыйнадың го,
Мени мынчалык?
Же гүлүм, сагындырып,
Келем дедиңби?
Кайырма:
Тогуз тоонун тескейи,
Тогузу аны эңсейби?
Томсоруп калдым го,
Тоо гүлүм эрте келбейби?
Отуз тоонун тескейи,
Улар аны эңсейби?
Буулугуп калдым го,
Булбулум эрте келбейби?
Сөзү : Б. Борбиевдики
Обону : Б. Борбиевдики
Кызына калып ападан,
Иниге калып агадан.
Ыр деген ыйык бул өнөр,
Калыптыр ата-бабадан.
Ырлардын учу сахнада,
Ырлардын күчү сахнада.
Ыроолойт аруу жакшылык,
Ырыскы түбү сахнада.
Жүргөнсүйт ырлар кемеси,
Ырысбай, Чубак элеси.
Жаңырып төрдө тургансыйт,
Токтогулдун кербези,
Токтогулдун кербези.
Кайырма:
Сахна, сахна, сахна,
Сахна, сахна, сахна,
Сахна, сахна, сахна,
Жан дүйнөбүз сахна,
Сүйүүбүз да сахна.
Бешенеге бүткөн,
Үйүбүз да сахна.
Арзуубуз да сахна,
Ардагыбыз сахна.
Ыйык биздин,
Ыр сахна.
Курбу, дос, тыңшап көңүл бур,
Сахнанын сыйкыр күчү ушул.
Ырларын окуп тургансыйт,
Акындар Аалы, Алыкул.
Билишип эгиз эки ак куу,
Чолпонбек менен Айсулуу.
Айтышып төрдө жаткансыйт,
Жеңижок, Барпы айтылуу.
Серпишип Мыскал үкүсүн,
Созгонсуйт ырдын бүтүшүн.
Сооротуп кейип тургансыйт,
Сүймөнкул Таттыбүбүсүн.
Кайырма:
Сөзү : Түгөлбай Казаковдуку
Обону : Түгөлбай Казаковдуку
Жамгыр төктү эч басылбай,
Биз келаттык көл-шал болуп.
Жол кароого көз ачырбай,
Бет алдыдан шамал согуп.
Кайырма:
Күн күркүрөп, жамгыр төккөн,
Ошол күндөр кайда кеткен.
Жаштыгымдай же кечээги,
Кайрылбай кетеби.
Жамгыр төктү эске түштүң,
Алыс калган жаштыгымдай.
Сагынтасың жүрөктү эзип,
Колдон учкан ак куумдай.
Кайырма:
Жылдар учаар канаттуудай,
Жамгыр төгөт эч басылбай.
Жамгырларда эске түшөт,
Туңгуч сүйүү унутулбай.
Кайырма.
Сөзү : Сагындык Өмүрбаевдики
Обону : Аксуубай Атабаевдики
Тамчыдай денедеги сүтүң менен,
Талпынтып ак бешикке баккан энем.
Нуруңа, мээримиңе магдыраткан,
Маңдайда менин батпас күнүм белең.
Түбөлүк түн күзөткөн канаттуудай,
Уйкудан чолпон көзүн ачкан энем.
Алдыңа ажал келип турса дагы,
Мен үчүн жанды курман кылат элең.
Кайырма:
Асыл энем, таалайым энем,
Жыргалым сен, бакытым сен,
Сүйүктүү менин энем.
Кайырма:
Шаңданган шоола болду бул жүзүңө,
Асманда ай нурундай асыл энем.
Көзүмдүн карегиндей бапестеген,
Алтындай эмгегиңди неге теңейм?
Кайырма:
Байкабай, мезгилге кайдигер болуп,
Түн жана кеч, күндүз, таңдарына.
Аз гана өмүрдү өткөрүп коюп,
Өкүнүп арманда калбагыла.
Жайнаган гүлдөр, жагымдуу күндөр,
Жараткан пендесин сыйлаганын көр.
Жанымды эргитип, чертилип күүлөр,
Жанданып өмүрлөр.
Кайырма:
Аруулук менен күн кечип,
Жашаган кандай керемет,
Жашаган кандай керемет, керемет!
Акырын, абайла адашып кетпей,
Азгырык көрсөткөн жолдоруна.
Бактылуу күндөрдүн баркына жетпей,
Өмүрдү өксүтүп койбогула.
Жагымдуу сырлар, жазылган ырлар,
Жазында жадырап жүрбөгөн ким бар?
Жайдары жүрөктөр өзүнчө гүлзар,
Жаш, курак, жылдар.
Кайырма:
|