|
Азиза
Бардык видеолор: 13
Бардык аудиолор: 34
00:03:12
00:03:40
00:02:55
00:03:56
00:03:48
00:03:15
00:03:51
Сөзү : Тимур Салиевдики
Обону : Роза Шакированыкы
Сөзү : Гүлмира Рыспаеваныкы
Обону : Жолдошбек Исраиловдуку
Карлыгач канат карагым.
Кадырлуу болсун кадамың
Бактылуу кылсын түбөлүк,
Баш кошуп жаткан адамың.
Айланам алтын чырагым
Аңкыган жыттуу бурагым.
Атаңдай сыйлап-урматтап,
Алдынан өтпө куданын.
Бакыттын учкан кушундай,
Барагой турмуш ушундай.
Өксүтпөй баккын апаңды,
Өзүнүн тууган кызындай.
Калтырбай ушак-айыңга,
Кадырлуу болгун кайыңга
Чыккан кыз чийден тышкары,
Чынардай көктөп, байырла.
Бактылуу болгун жан кызым,
Балбылдап жанган ай кызым.
Бактыңа жазган бүлөңдү,
Бапестеп сыйлап ал кызым.
Барагой, эми бар кызым.
Сөзү : Гүлмира Рыспаеваныкы
Обону : Сулайман Рыспаевдики
Сурасан бербес, качырсаң келбес,
Тирүүлүк чиркин бир келет.
Ак шоокум бал-бал,
Апапак таңдар, ар күнкү асыл бир белек
Капаңды айдап, жаз болуп жайнап,
Жаңырсаң мукам музыка.
Керемет дүйнө, чакырып бийге,
Күндөргө биздин шаң берет.
Жадырап жаздай, жаман сөз айтпай,
Жайдары ойноп күлөлү
Жарк эткен күндөй, капалык билбей,
Жашоону жаркын сүйөлү.
Ырыскы чачып, ыроолоп бакыт,
Ынтымак бизден кетпесин.
Табышмак сымал, таркабай кумар,
Өмүрдүн баркын билели.
Көңүлдүн баркын билели
Ак таңдар жанган, ар күнү майрам,
Эшигин ачып эл күтөт.
Булбул кош сайрап, дасторкон жайнап,
Жакшы сөз жанды эргитет.
Толпуруп болбой толкуган көлдөй,
Пейилдер кенен жашайлы,
Ар дайым даяр, апамдай аяр,
Мээримиң көңүл сергитет.
Кайырма:
Өтсө да өмүр, калтырбай көңүл.
Сыйлашып барктап жүрөлү.
Өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк
Бир тууган таза жүрөгү.
Дем берип деми, кыйбаган сени
Кадырын билгин досуңдун.
Өткөрүп алба, өкүнүп калба.
Баалаган куунак өмүрдү
Кайырма:
Элибизге мейман келсе,
Жайылат ак дасторкон.
Дүйүм тамак, шербет мейиз,
Анар, алма жык толгон.
Кыргыз пейили тоодой бийик,
Көлдөй терең, туптунук.
Колдо барын төгүп чачып,
Аябагын достордон.
Кайырма:
Дасторконду кенен жайгын,
Күлкү болсун, ыр болсун.
Бабалардан мурас калып,
Келе жатат бул жосун.
Элге-жерге берсин бакыт,
Кут төгүлгөн береке.
Умай эне, Теңир ата,
Урпактарың колдосун.
Дасторкондун даамын татып,
Жарык кылып көңүлдү.
Ынтымактын сөзүн сүйлөп,
Болсун элим өмүрлүү.
Намысыңды дасторкондой,
Кирсиз, таза сактагын.
Арам ойлуу адам келсе,
Тебелетпе төрүңдү.
Кайырма:
Сөзү : Динара Сагынбаеваныкы
Обону : Р.Шакированыкы
Сөзү : Л. Асанбекованыкы
Обону : И. Абдыразаковдуку
Ак сүйүүмдүн тумарысың,
Жан дүйнө кумарысың.
Өмүрүмдү жарык кылган,
Жанган бир чырагымсың.
Кайырма:
Тагдырдан тапканым сен.
Жүрөккө жакканым сен.
Ай-күнүм, жылдыз жанган,
Чеги жок асманым сен.
Көңүлүмө жагарымсың,
Күн болуп жанарымсың.
Махабаттын отун жагып,
Түбөлүк каларымсың.
Сөзү : Кубат Жакыповдуку
Обону : А.Карымовдуку
Өмүргө келдим, өзүңдү көрдүм,
Түйшүгүм тартып, түн уйкуң бөлдүң.
Алпештеп бактың, азабым тарттың,
Апакем менин, алмашкыс бактым.
Мээримиң төктүң, эркелеп өстүм,
Арнасам деймин асылын сөздүн.
Тилегим тилеп, турмушка сүрөп,
Өксүгөн кезде, өзүңсүң тирек.
Энекем күнүм, бой жеттим бүгүн,
Алайын колго Ата Журт жүгүн.
Апакем менин, ак бата бергин,
Болгун деп кызы кыргыз элимдин.
Түйшүктөн качпайм, эмгегиң актайм.
Насаатың накыл жүрөктө сактайм.
Бейишим менин, өрүшүм менин,
Ыйыктан ыйык кол тийбес чебим.
Гүлдөгөн бакчам, бүтпөгөн дастан
Мен үчүн апам күн-ай, жер-асман.
Сөзү : Сөзү элдики, жаңылап иштеп чыккан Жеңишгүл Өзүбекова
Обону : Элдики
Кере жутуп салкын абаны,
Шаттуу кыял ага канабы?
Булак бойлоп бүлдүркөн терген,
Эсиӊдеби, курбум, баягы?..
Кубалашып чыгып кыяга,
Күч жок эле бизди тыярга.
Каткырыктан тоону жаӊыртып,
Батчу элек го, түркүн кыялга.
Тунук булак жашын чубуртуп,
Саамайына мончок тагалы.
Экөөбүз теӊ чөлмөк суу болгон,
Эсиӊдеби, курбум, баягы?..
Ал кезекте биз, биз эселек,
Таттуу сезим колдон жетелеп.
Далай жылдар өтүп кетсе да,
Бирок ал кез эстен кете элек.
Ырдасам ырларым да сен жөнүндө,
Жүрөктө сырларым да сен жөнүндө.
Нымдалган кирпигиңе көз жашырып,
Сен дагы ойлойсунбу мен жөнүндө?
Кыялды бир үн коштойт аянычтуу,
Жаңы эле сен тараптан келгенимде.
Жаңыртып жараатымды оорутасың,
Жөн кана ойлойунчу сен жөнүндө.
Кайырма:
Билбейм неге?
Сен жашап түшүмдө, көңүлүмдө.
Айтчы, айтчы,
Сен дагы ойлойсуңбу мен жөнүндө?
Сезимди бир ой ээлейт өкүнүчтүү,
Жомоктой айтып бүткүс сен жөнүндө.
Уктаарда дуба кылып мен сураарым,
Жөн кана ойлоп койчу мен жөнүнүндө.
Кайырма:
Ырдасам ырларым да сен жөнүндө,
Жүрөктө сырларым да сен жөнүндө.
Нымдалган кирпигиңе көз жашырып,
Сен дагы ойлойсунбу мен жөнүндө?
Мен сенден сүйүү күтөм,
Жан дүйнөм арууланган.
Жалындап нурга бөлөп,
Балбылдап күйүп-жанган.
Кайырма:
Мен сенден сүйүү күтөм,
Акындын жакшы ырындай.
Сүйүү деп зар какшаткан
Жүрөктүн бар сырындай.
Мен сенден сүйүү күтөм,
Сүйүү күтөм, сүйүү күтөм,
Акындын жакшы ырындай.
Мен сенден сүйүү күтөм,
Күн сымал жаркыраган,
Мээримдүү көз карашың,
Заматта тартып алган.
Кайырма:
Мен сенден сүйүү күтөм,
Таңдагы шүдүрүмдөй.
Көңүлдү көкөлөткөн,
Жылдыздын үзүмүндөй.
Кайырма:
Аччы бүгүн көңүлдү,
Шаңга бөлөп өмүрдү.
Достор шайыр-шат болуп ,
Көтөрчү бир көңүлдү.
Кайырма:
Жадырачы жаздай,
Каалайм шаттык маанай.
Таза болсун көңүлдөр да,
Жааган аппак кардай.
Жаркырачы жайдай,
Жазып жаркын маанай.
Ырдап, бийлеп сайрандайлы,
Карап туруп калбай.
Жабыркаткан жанымды,
Унут көйгөй барыңды.
Андан көрө кел бийлечи,
Көрсөт бийге алыңды.
Кайырма:
Жүрөк жаштык чагыңда,
Ойноп-күлгүн жалында.
Тартынып сен турбастан,
Бийлеп, ырдап сайрааңда.
Кайырма:
Сөзү : С. Абдыкадырованыкы
Обону : К. Эралиеваныкы
Тоо гүлүндөй жытыңан тебеленем
Чарк айланып бала үчүн эбеленем
Отко сууга канаты кайрылса да
Түтөт тура баарына эне деген
Кайырма:
Кумарланам ансайын
Жытынан искеп
Садага деп айдайым
Садага деп күндөйүм
Апакең алкап
Ак сүйүүдөн жаралган наристеби
Аппак ууздай таптаза периштеби
Бала деген жүрөктү толгоп турган
Кандай ыйык ал сезим деги ичтеги
Кайырма:
Мен эненин бир эрке баласы элем
Өтөт тура зуулдап өмүр деген
Мына бүгүн мен өзүм эне болуп
Эзилишип олтурам балам менен
Кайырма:
Гүл болуп өбүлбөдүм
Күү болуп төгүлбөдүм
Күн чубак чыга келип
Түн сымал көрүнгөнүң
Кайырма:
Өкүнткөн кайран жашым
Өтө элек арман жашым
Бактылуу болсоң экен
Бактысыз армандашым
Көктөгү желбирегим
Шактагы жалбырагым
Таалайга туш болбодуң
Таба албай жалдырадым
Кайырма:
Шурумду карматпадым
Нуруңдан алдастадым
Муңумду билип туруп
Муңумду таркатпадың
Кайырма:
Алчадай мөлтүр, арчадай аңкыган,
Ай жүзүң сүйкүм, ак шамдай жаркыган.
Ак сүйүүм сен деп ашыгып, арзыган,
Арбалгам бир өзүңө.
Жалооруй жанып, жалындайт демибиз,
Жар болдук сүйгөн, жалжалым, эми биз.
Жашоодо жетер кең болуп чегибиз,
Келсе экен тилегибиз.
Тамшанткан дүйнө тартуулап гүлдесте,
Күн келди бүгүн күттүргөн бир кезде.
Арнаймын сага ак дилден
ырдесте,
Баш кошкон ушул кечте.
Ардагым, сага асылкеч жар болуп,
Ачылсын өмүр асмандан кут конуп.
Ак сүйүү өчпөй алоолоп от болуп,
Сакталсын жүрөктөрдө...
Сөзү : Гүлмира Рыспаеваныкы
Обону : Жолдош Исраиловдуку
Бактылуумун мен, бакытымсың сен
Бир келген сезим өчпөсө экен
Дүйнө сен менен, көз жеткис кенен
Бул аруу сезим көктөсө экен
Кайырма:
Сүйүү, биздин сүйүү
Күнгө канат сермейт
Жүрөгүм менин
Жалгыз сен гана дейт
Сүйүү, биздин сүйүү
Кыялдарга термейт
Жүрөгүм менин
Жалгыз сен дейт
Жүрөсүң жандай, жашообуз балдай Жарыгым сен кымбатсың кандай
Асыл бир жандай, ак жарык таңдай Ардагым сен кымбатсың кандай
Кайырма:
Сүйүү, биздин сүйүү
Күнгө канат сермейт
Жүрөгүм менин
Жалгыз сен гана дейт
Сүйүү, биздин сүйүү
Кыялдарга термейт
Жүрөгүм менин
Жалгыз сен дейт
Көзүмдөн учуп элесиң,
Көңүлдү бийлеп келесиң.
Жабыркап жалгыз жүргөндү,
Жарыгым качан сезесиң?
Кайдасың азыр кайдасың?
Тагдырдан тапкан табылгам.
Кылчая карап өткөнгө,
Сагынам сени сагынам.
Өчүрүп көңүл арманы,
Ак сүйүүм келет арнагым.
Жылт этип мага көрүнчү,
Жылдыздуум менин ардагым.
Кайырма:
Экөөбүз өзгөчө ынакпыз,
Бирок неге өгөй булакпыз?
Көңүлдөр келишип турса да,
Өмүрлөр ар башка, ыраакпыз.
Кайырма:
Эй, ээлиге ээрчишпей экөөбүз,
Ой, эзилтет зар дүйнө, эки өйүз.
Улутунуп, кайра умтулуп,
Өмүрдөн биз өксүп өтөрбүз.
Асманга көрк бербейт жалгыз куш,
Биз турмушта неге жалгызбыз?
Билгенге чачылган шурубуз,
Билбеске ачылбас сандыкпыз.
Кайырма:
Жанашып өспөгөн чынарбыз,
Адашып үн салган уларбыз.
Жашоого бүтпөгөн арманбыз,
Жаштыкка канбаган кумарбыз.
Кайырма:
Көл үстүндө көпкөк, көк жылгаяк,
Бара жатат андагы эл абайлап.
Эл артында мен дагы бара жаттым,
Шылдың болуп калбайын деп,
Башты жерге салбайын деп, көк жылгаяк,
Көк жылгаяк, көк жылгаяк.
Эсте калды ошондогу бир кыш убак,
Көңүлдөрдө кубаныч, шаттык улап.
Сыйгаланып жыгылды бир сулуу кыз,
"Тура кой" деп колдон тартып, жайды сурап,
Алды сурап, жайды сурап.
Кандай сонун табигаты кышындагы,
Карарган жер жамынып күмүш карды.
Кызыгына мен батып табигаттын,
Унутупмун таптакыр, эстебедим таптакыр
Жылгаякты, жылгаякты, жылгаякты.
Биз кайдабыз, калдык топтолбой?
Тизгиндеген бизди бош койбой.
Самасак да улам жаңыны,
Сагыныч бар эски достордой.
Артта калды дүйнө жоктолбой,
Алып учат мезгил жоктобой.
Бааласак да жаңы бакытты,
Баркка жетпес эски достордой.
Арманы көп күнгө коштолбой,
Ар-кай жерде күйгөн от болбой.
Жалындайлы бүгүн чогулуп,
Табылбастыр эски достордой.
Бала кезден жанды кошкондой,
Бар бололу таңды тоскондой.
Жардылык жок, жаңы кылымга,
Байлыгым бар эски достордой.
Бир көрүп, капилеттен көңүл сүйүп,
Алыстан караныңды көрүп жүрүп.
Өзүм да түшүнө албай калгансыдым,
Же сени калдым бекен чындап сүйүп.
Кайырма:
Сезимге сен кайрылып келген жоксуң,
Сүйүүңдү чын дилиңден берген жоксуң.
Сага арнап жүрөгүмдү жүрсөм дагы,
Сезбедиң, аттиң арман, сезген жоксуң.
Мен сени бир көргөндө сүйгөн элем,
Махабат жалынына күйгөн элем.
Качандыр бир бактыма жолугам деп,
Кыялда сени ойлоп жүргөн элем.
Кайырма:
Сөзү : Ж.Исабаева
Обону : Б.Мамаев
|