|
Кутман Жолдошев
Бардык видеолор: 0
Бардык аудиолор: 31
Сөзү : Бурулкан Карагулованыкы
Обону : Арзыбек Бедияровдуку
Сөзү : Турар Кожомбердиевдики
Обону : Сардарбек Жумалиевдики
1
Гүлдү көрдүм, аяп аны үзбөдүм,
Бирок калды жаз гүлүндө менин издерим.
Эмнегедир көңүл дегдеп ошондо,
Көп гүлдөрдөн сени гана издедим.
Акыры таптым, ошол мага туу болду,
Жүрөккө дем, өмүргө ынак гүл болду.
Доорун сүрүп, элин мактап жактырар,
Доско кайрат, душман, кастар кул болду.
Эгер мени кайгы булут каптаса,
Ачык бойдон, ачык асман, таптаза.
Үмүт жылт деп, үйдүн куту жарк этип,
Өмүр, чиркин, өйдө көздөй акпаса.
Аралап шаар ичин басып жүргөн,
Андагы ак буурул түн эсиңдеби?
Ойгонуп уйкусунан жымыңдашкан,
Оттору Фрунзенин кечиндеги.
Убакыт суудай акты, унутпадым,
Ачылган аппак гүлдөй күлгөнүңдү.
Ал түнү айта бердиң жетине албай,
Калтырбай бул дүйнөдө билгениңди.
Үн катпай мени тиктейт бак-дарактар,
Жүрөктө сагынчыма карашкансып.
Негедир канаттуулар учуп өтсө,
Сезилет сени көздөй бараткансып.
Издеймин элесиңди көзүм талбай,
Азыр мен амалым жок алыс жакта.
Түшүмдөн түндө сени жолуктурган,
Ырахмат миң мертебе махабатка.
Сакта деп өзүң берген жалгыз сүрөт,
Сакталуу ошол бойдон менде жүрөт.
Тиктешиң тамашалап турган өңдүү,
Неге сен, неге сен, неге сен түштүң экен күлүмсүрөп.
Неге сен, неге сен, неге сен түштүң экен күлүмсүрөп.
Күлкүңө шектүү карап күткөн жүрөк,
Сезимге бир башкача ой түшүрөт.
Өкүнөм сен кайрылбай кеткениңе,
Калбай деп, калбай деп, калбай деп эч болбосо беттен бир өөп.
Калбай деп, калбай деп, калбай деп эч болбосо беттен бир өөп.
Өппөдүм мен өппөйүн, өкүнүч көп,
Мени алдап түшүмө окшоп кеттиң жөнөп.
Байкатпай мурдагыдай жүргөндүрсүң,
Башкалардын, башкалардын, башкалардын жүрөгүнө башың жөлөп.
Башкалардын, башкалардын, башкалардын жүрөгүнө башың жөлөп.
Эгерде бирөө болсо менден бөлөк,
Же тытып сүрөтүңдү же өрттөмөк.
Мен тытпайм, күнөө сенде сүрөттө эмес,
Сүрөтүң, сүрөтүң, сүрөтүң жүрө берсин күлүмсүрөп.
Сүрөтүң, сүрөтүң, сүрөтүң жүрө берсин күлүмсүрөп.
Сөзү : Шаршен Термечиковдуку
Обону : Шаршен Термечиковдуку
Стаканда кантың бар,
Ыргаласың, баркың бар.
Ыргаласың, жыргаласың,
Ышкылуусуң талпынган.
Кайырма:
Келсеңчи, күлсөңчү,
Ойносоңчу, жүрсөңчү.
Ой, ашык Дилбар, ой,
Көңүлүм гана сенде да, ой.
Пиялада кантың бар,
Билимдүүсүң, баркың бар.
Билимдүүсүң, илимдүүсүң,
Калгым келбейт артыңдан.
Кайырма:
Сен менин жазылбаган ырларымсың,
Сен менин айтылбаган сырларымсың.
Туйлатып жүрөгүмдү алоолонткон,
Сен менин жаштык жалын жыргалымсың.
Сен менин көк деңизим чалкып жаткан,
Үстүндө ак куу ойноп, чардак учкан.
Эң назик эрке сезим кылдарындай,
Сен менин келечегим нурун чачкан.
Сен менин ак кептерим канат каккан,
Сен менин мөл булагым чалкып аккан.
Ыраазымын миң мертебе тагдырыма,
Өмүрдө издеп жүрүп сени тапкан.
Жүзүңдү чайкап, мөлтүр сууң бойлоп,
Бүлдүркөн терип жүрчү элек ойноп.
Киндик кан тамган кутмандуу жерим,
Кусадар болом күн сайын ойлоп.
Долоно, чие, карагат жайнап,
Токойдо булбул тил безеп сайрап.
Жашоонун шаңдуу музасын чалып,
Көркөмүң мени тургансыйт арбап.
Ак чөлмөк ойноп атырчу таңды,
Армансыз күндөр өзүңдө калды.
Алыста жүрсөм дем берет дайым,
Өзүңдөн алган өмүрдүн шамы.
Жаштык кез ырын ырдайлы,
Жалындап күйүп жыргайлы.
Жүрөктөр жакын экенин, ээ-эй,
Жүзүбүз айтып турбайбы.
Ашыктык ырын ырдайлы,
Алышып ойноп-жыргайлы.
Көңүлдөр туура келгенин, ээ-эй,
Көздөрүң айтып турбайбы.
Санаамдан чыкпай кыялың,
Сарсаамал жыттуу ынагым.
Сабырың бошоп өзүңдөн, ээ-эй,
Сагынам, кандай кыламын?
Жолукчу мезгил бүдөмүк,
Жолубуз башка түбөлүк.
Кыйышпас эркем, эсен бол, ээ-эй,
Кыялда бирге жүрөлү.
Эстесем дайым өзүңдү,
Суз басат шайыр көңүлдү.
Сагынып сага келемин,
Айылым - алтын бешигим.
Кайырма:
Туулган айылым,
Балалык чагым.
Алыстап сенден,
Түшүндүм баарын.
Туулган айылым,
Сагынып келдим.
Алыстап сенден,
Баркыңды билдим.
Барарым менен өзүңө,
Кериле басам көчөңдө.
Досторум мени күткөнсүп,
Сагыныч турат жүзүндө.
Кайырма:
Айылдын жийде жыттарын,
Келип бир турат жыттагым.
Кантсе да мага кымбатсың,
Сени мен даңктап ырдаймын.
Обону : Ж.Шамшиевдики
Балбылдап улам мени эстеп,
Бассам да, турсам сени эстеп.
Башкага көңүл бурулбайт, ай,
Баягы күндөр элестеп.
Эркелей калсаң артылып,
Эт жүрөк чери жазылып.
Аралай кирип кетчү элең, ай,
Алмалуу бакка жашынып.
Бул кезде анын бири жок,
Буркурайт жүрөк тили жок.
Бир сөзгө анча таарынып, ай,
Каякка кеттиң жиби жок?
Сен үчүн далай ырдадым,
Дагы эле келет ырдагым.
Кетирген күнөөм мойнумда, ай,
Кечирип койсоң, жыргалым.
Атыңдан кагылайын, алтын апа,
Алыста жүргөнүмө санаа тартпа.
Максаты ар бир жаштын билим алуу,
Азыркы гүлдөп турган ушул чакта.
Кайырма:
Алтын апа, болбочу капа,
Уулуң үчүн санаа тартпа.
Алтын апа, кат жазам сага,
Сен мен үчүн санаа тартпа,
Алтын апа.
Күнүгө үйдөн чыгып жолду карап,
Жүргөндүрсүң келсечи деп күндү санап.
Максатым - адам болуу дал өзүңдөй,
Элиңдин керегине турган жарап.
Кайырма:
Эстеймин сенин жумшак колдоруңду,
Ал колдор көрсөткөнсүйт жолдорумду.
Оболоп жылдыз болуу - улуу максат,
Жетелеп ээликтирет ойлорумду.
Сөзү : Надырбек Алымбековдуку
Обону : Арзыбек Бедияровдуку
Ал күндөр жыргал түш эле,
Арзуудан бүткөн иш эле.
Сезимге ыйык гүл өнүп, гүл өнүп,
Сен деген көңүл түз эле.
Көксөгөн ойлор жыш эле,
Көкөлөп учкан куш эле.
Көргөнүм жалгыз сен болуп, сен болуп,
Көңүлдүн дарты ушу эле.
Күлгүн жаш сенсиз бай беле?
Күркүрөп аккан дайра эле.
Толукшуп турган ажарың, ажарың,
Тоо башын өпкөн ай беле?
Ал мезгил алтын кез эле,
Алтын кез өттү тез эле.
Унуткус күндөр эми жок, эми жок,
Ушундай беле бешене?
Из калтыр бул дүйнөдө, ансыз да өмүр кыска,
Атыңды айтып урпак, иштериң болсун нуска.
Из калтыр бул дүйнөдө, жакшылык ишиң менен,
Акындар ыр жазышсын, канаттуу сезим менен.
Из калтыр бул дүйнөдө, акыйкат сөзүң менен,
Эч качан ушак айтпа, көрбөсөң көзүң менен.
Из калтыр бул дүйнөдө, боорукер сезим менен,
Көңүлдү калтырбайлы, баары өтөт бул дүйнөдөн.
Из калтыр бул дүйнөдө, ак эмгек кызмат менен,
Унутпай элиң жүрсүн, кетсең да бул дүйнөдөн.
Из калтыр бул дүйнөдө, атанын уулу деген,
Ашыкча мүлк жыйнаба, ал кетпейт өзүң менен.
Из калтыр бул дүйнөдө, боорукер сезим менен,
Көңүлдү калтырбайлы, баары өтөт бул дүйнөдөн.
Сөзү : Э.Ибраевдики
Обону : А.Бедияровдуку
Таң шооласы нур чачканда,
Тал-теректер бүр ачканда.
Кыр-кырлардан кол булгалап,
Кызгалдактар гүл ачканда.
Кайырма:
Алга сүрөп үмүт гана,
Алоолонуп күйүп жана.
Бар жогуна кайыл болуп,
Барам сага, барам сага.
Жылдыз көктө тагылганда,
Жылгадан суу агылганда.
Алтын сөйкө сыяктанып,
Ай кайрадан жаңырганда.
Кайырма:
Дайра толуп чамынганда,
Дарак жоолук салынганда.
Санаам сары саман болуп,
Сага карай агылганда.
Кайырма:
Сөзү : И. Жунусовдуку
Обону : И. Жунусовдуку
|