|
Жолдубай Кайыпов
Бардык видеолор: 1
Бардык аудиолор: 22
00:03:20
Сөзү : Омор Султановдуку
Обону : Канымгүл Досмамбетованыкы
Аралап шаар ичин басып жүргөн,
Андагы ак буурул түн эсиңдеби?
Ойгонуп уйкусунан жымыңдашкан,
Оттору Фрунзенин кечиндеги.
Убакыт суудай акты, унутпадым,
Ачылган аппак гүлдөй күлгөнүңдү.
Ал түндү айта бердим жетине албай,
Калтырбай бул дүйнөгө билгенимди.
Эстеймин элесиңди көзүмдү талбай,
Азыр мен амалым жок алыс жакта...
Түшүмдө күндө сени жолуктурам,
Ырахмат миң мертебе махабатка.
Жалжал тиктеп жүрөгүмдү жаралап,
Жылмаясың жан дүйнөмдү аралап.
Сезип турам жактырасың сен дагы,
Көңүлүңө мени катып паналап.
Ой, кара көз,
Ай, карга сөз.
Билбегенсип ачылбайсың, кыйлага
Ой, садага, ой, караба,
Мени дагы, сезимди да кыйнаба.
Жаштыгыма жарык чачты жамалың,
Эмнегедир келе берет карагым.
Сезип турам сыңарындай жакынсың,
Сени гана эмнегедир карадым.
Ой, кара көз,
Ай, карга көз.
Билбегенсип эс саласың сыйдана
Ой, садага, ой, караба,
Өзүңдү да мени дагы кыйнаба.
Сезимимден такыр кетпейт элесиң,
Сен ичиңден өзүңдү-өзүң эзесиң.
Эмне оюң бар, же бир ачык айтпасаң,
Ансыз өлүм бул азаптын желеси.
Ой,кара көз,
Сен дагы сез.
Махабаттан ажырайбыз сыйдана.
Ой, санаага, ой караба,
Өзүңдү, мени дагы кыйнаба.
Сөзү : Ж.Кайыповдуку
Обону : Ж.Кайыповдуку
Көлдүн үстү толкунду аралады,
Көңүл учун канткенде табаламын
Кандай кылам күндөгү жалгыз кайык
Көрүнбөдүң, жүрөктү жараладың.
Калак шилтем баратам түгөй издеп
Табияттын татына жытын искеп
Кубаныч күтүп, үмүттө жашасам да,
Кыйын экен чыдаган үмүт үзбөй.
Көл бетинде бүлбүлдөп күйөт жарык,
Кумарланам көркүнө, сүзүп барып
Мага булгап жолугун, ал да келет,
Мен издеген баягы жалгыз кайык.
Сөзү : Абдыжапар Эгембердиевдики
Обону : Алымбек Коробаевдики
Мен сүйсөм да, сен сүйбөйсүң, Тумарым,
Түнкү шамдай өчүп барат ыраңым.
Таш боор белең жүрөгүңдө мээрим жок,
Аясаңчы, аясаңчы, менин сүйгөн Тумарым.
Тумарым, ай-ай, Тумарым.
Жүрөгүмдөн кайнап чыккан махабат,
Күндөн-күнгө кайгы-капа жаратат.
Сенин атың, сенин ошол элесиң,
Жүрөгүмө тумар болуп кадалат.
Тумарым, ай-ай, Тумарым,
Жүрөгүмө тумар болуп кадалат.
Мен сүйсөм да, сен сүйбөйсүң, Тумарым,
Түнкү шамдай өчүп барат ыраңым.
Таш боор белең жүрөгүңдө мээрим жок,
Аясаңчы, аясаңчы,менин сүйгөн Тумарым.
Тумарым, ай-ай, Тумарым.
Аясаңчы менин сүйгөн Тумарым.
Сөзү : Эркин Тазабековдуку
Обону : Жолдубай Кайыповдуку
Көк асманда сүттөй ай,
Биздин сөздөр бүтпөй ай.
Сансыз жылдыз жагылат,
Жашообузду ары улап,
Жаштык ыры жаңырат.
Кайырма:
Э-эй, бизге заман жылмайды,
Суктандырып күндү, айды.
Күлкү чачып, кыз-жигит,
Кел, бийлейли, ырдайлы.
Күлгүн курак, гүл курак,
Күндө жаңы ыр курап.
Кайгы сезбей мүнөткө,
Күлкү толуп жүрөккө,
Шаттык менен күн өтсө.
Кайырма:
Ырлар, ырлар, ырлар ай,
Жашообуздун жыргалы ай.
Күлкү чачып эриндер,
Көкөлөсүн көңүлдөр,
Көркүн ачып өмүрлөр.
Сөзү : Т. Кожомбердиевдики
Обону : Ж. Кайыповдуку
Жүрөсүңөр жашап-иштеп алыста,
Чоло тийбейт ай өткөрбөй барышка.
Ак эмгекти актайын деп уулуңар,
Билим үчүн түшкөн узак жарышка.
Ойлоорсуңар санаа тартып, камыгып,
Садагалап, караанымдан кагылып.
Силер мени самагандай жол карап,
Мен да жүрөм өзүңөрдү сагынып.
Силер анда, мен күнчөлүк алысмын,
Заманамдан калбай келет жарышкым.
Алпештеген энем менен атакем,
Экөөңөргө өмүр бою карызмын.
|