|
Добр
Бардык видеолор: 32
Бардык аудиолор: 83
00:03:05
00:04:02
00:03:27
00:03:40
00:03:36
00:02:51
00:03:56
Сөзү : Адилет Жортушев
Обону : Адилет Жортушев
Учугун сөздүн улап
чын достук мамиледен,
Айтамын ичте жаткан сырларымды анык эле,
Чыныгы досторумду унутпаймын эч убакта,
Өтсө да ортобуздан
далай жылдар дагы деле!
Достун дагы досу болот,
баардыгы билет аны,
Колуңда болгон кезде,
көбөйөт анын саны,
Белчеңден сазга батып, кыйналып калган кезде,
Кээ бири чилче тарайт таппайсың, бирин дагы,
Достун дагы досу болот,
чын дилинен сага күйгөн,
Доомат кылып догурунбай,
Дайыма чогу жүргөн,
Суук кышта, бирге тоңгон,
Ыссык жайда муздак болгон,
Чыныгы бул досторду табалбайсын узак жолдон,
Андыктан чын достуктун,
Убадасын бекем карма,
Ичи тар, арамзага карыш жолоп жакын барба,
Такап койсо сени жарга,
Кыла албай эч бир арга,
Таң калам досум деген, жасалма адамдарга,
Жамандын жолдошу көп, жанында бир пайдасы жок,
Акча үчүн дос болгон бар,
башка кылар айласы жок,
Досум деп баарын билбе,
четинен бирден ирге,
Жолобо эки жүздүү,
ичи тар арам кирге!
Кайырма:
Чыныгы жакын досум таштабайт ара жолго,
Жыгылсаң эңип кетчү шамдагай кара жорго,
Жасалма калп досторум андайда четке чыгат,
Кайгырып чың дилиңден
аларга капа болбо!
Жаралсын ар убакта
намысын уятыңа,
Чындык деп чыркырасаң
күч беремин кубатыңа,
Чылбырды бекем карма,
Ооздукту бошотпогун,
Ардайым татыктуу бол, энчилүү бул атыңа!
2 куплет:
Бөлүнөт өз ич ара,
достор да далай топко,
Саны бар, сапатсызды
жолотпо жакын кошпо,
Аяба жардамынды
эң жакын досторуңдан,
Жакшылык кайра кайтат андан сен такыр коркпо,
Кээ бири четке чыгат
бөлүнүп өз тобунан,
Эч качан кол үзбөгүн
татыктуу досторуңдан,
Сезерсин баркын билип алыста жүргөнүңдө,
Эң жакын досторуңдун жоруктарын эстеп улам,
Билинет достун досу
башыңа иш түшкөндө,
Карайлап караан таппай кайсалап күн бүткөндө,
Билинет мына ошондо
кимдин чын ким экени,
Жардамга муктаж болуп
жол карап сен күткөндө,
Өткөрдүм өз башымдан
достун дагы далай түрүн,
Досмун деп саналгандардын көбү жок эми бүгүн,
Сакталып калдарада
саналуу гана достор,
Кеткендер кете берсин, болбоймун ага тоскоол!
Кайырма:
Чыныгы жакын досум таштабайт ара жолго,
Жыгылсаң эңип кетчү шамдагай кара жорго,
Жасалма калп досторум андайда четке чыгат,
Кайгырып чын дилиңден
аларга капа болбо!
Жаралсын ар убакта
намысын уятыңа,
Чындык деп чыркырасаң
күч беремин кубатыңа,
Чылбырды бекем карма
Ооздукту бошотпогун,
Ардайым татыктуу бол энчилүү бул атыңа!
"Жубайым"
Менден кетсе кечир,
Ачууңду мага берчи,
Антип тиктебечи!
Жиндиге теңелбечи!
Өчүң бардай,
жүрөгүң бат муздайт!
Таарынычын кандай,
ошол замат тарайт!
Бактымды таптым жолуктум,
Мен сени алам деп оолуктум,
Байлап башка ак жоолукту,
Жубайым болдуң колуктум!
Кудайыма миң ыраазымын,
Маңдайыма сендей жардын калганына жазылып!
Асыл, жаным, жарым, жарыгым,
Жүрөгүмдүн тең жарымы,
Бирге көгөрүп, агарып,
Келет чогу бир карыгым,
Балдарымдын, апакеси, энеси,
Атакесинин жубайы, жүрөктүн кожойкеси!!!
Кайырма:
Өмүр бою түбөлүкө,
Деп кол коюп күбөлүкө,
Биргеликте бул өмүрдө! -
деп чиелик күндөлүкө!
Турмуш үй бүлө куруп,
Бирге алдыга умтулуп,
Мүчөлөрү толук,
Балачакалуу бололук!
Ата Эне жоопкерчилик,
Ар кимде бар бир кемчилик,
Кимден кетсе да кечирим,
Сурап кою пендечилик!
Ортобузда, болбосунчу таарынуу,
Андан көрө, келчи чогу бололучу бактылуу!!!
Сөзү : Добрдыкы
Обону : Добрдыкы
Сөзү : Добр, Марстыкы
Обону : Добр, Марстыкы
Теңдеши жок бүткүл ааламда
Дем берет, эркелеп ал мага
Каражаным кара көз алтын
Не капаландын!
Жароокерим күнөөгө салба
Тамашаны жүрөккө алба
Жакшы көрөм көлөкөм
Мен сени сүйөм!
Кайырма:
Жүрөгүңдүн түпкүрүнө мени сактап кой,
Күнү түнү басат мени ой, ой, ой!
Көңүлүңдү буруп мага мени карап кой,
Күнү түнү басат мени ой, ой, ой!
Тандар атат а күндөр батат
Көңүлүн көтөрүлбөй жатат
Жүрөкө не керек кек сактап
Ак сүйүүнү баркта!
Айды алып берем деп айтпайм
Ообу сөз берип калп айтпайм
А бирок ишеничти актайм
Бирге болсок ардайым!
Сөзү : Добр, Урпак биримдигиники
Обону : Добр, Урпак биримдигиники
Сегодня на танцполе наша песня тащит,
И я хочу тебя пригласить на танец,
Хочу чтоб ты раскрылась словно дикая лвица,
Ну а пока стобой закажем роллы и пиццу'
Кайырма:
Давай танцуй крошка, это было бы мощно'
Говорила твоя мама моя девочка бомба'
Ты танцуй Опа опа, ты танцуй лока лока
Опа, опа, опа, это песня жестко!
Сени менен өтө берет ушул сонун жайлар,
Жетелешип кетеличи бекем кармап айга,
Күлүп койчу садагасы мага жагасын сен,
Сени менен бирге болот мына ушул таңдар!
Сөзү : Добр, Бахтияр Токторов, Кыялбек Урманбетовдуку
Обону : Добр, Бахтияр Токторов, Modern Talking, Mr President
Сөзү : Добрдыкы
Обону : Добрдыкы
Сөзү : Добр, Тайбастыкы
Обону : Добр, Тайбастыкы
Сөзү : Добр, Муландыкы
Обону : Добр, Муландыкы
Сөзү : Добр, Дони жана Марстыкы
Обону : Добр, Дони жана Марстыкы
Сөзү : Добр менен Тайбастыкы
Обону : Добр менен Тайбастыкы
Сөзү : Добр менен Муландыкы
Обону : Добр менен Муландыкы
Сөзү : Добр, URPac birimdigi
Обону : Добр, URPac birimdigi
Сөзү : Добр, URPac birimdigi
Обону : Добр, URPac birimdigi
Сөзү : Добр, URPac birimdigi
Обону : Добр, URPac birimdigi
Сөзү : Добр, URPac birimdigi
Обону : Добр, URPac birimdigi
Сөзү : URPac birimdigi
Обону : URPac birimdigi
Сөзү : Добрдуку
Обону : Добруку
Тарых беттен чийилгиc,
Кас душманга ийилгис.
Баскан жолун изилдесең,
Эч бир улут теңелгис.
Башка кийген ак калпак,
Колдо суусундук чалап.
Ал жактырган бир тамак,
Ал тамак минтип аталат.
Кайырма:
Беш, беш, бешбармак!
Кадырлуу, сыйлуу тамак.
Беш, беш, бешбармак!
Камыр, эт, калың табак.
Үрп адат, каада салт,
Бабалардан аманат.
Ак калпактуу, Ала Тоолук,
Кыргыз кымыз жыттанат.
Меймандос, жери кооз,
Дастаркону ачат ооз.
Ак серке, боорсок, куймак,
Этке бай, камыр тамак.
Сөзү : Добр, Курал Чокоевдики
Обону : Добр, Курал Чокоевдики
Алтыным, жүрөгүм, жаным, турагой о, кагылайын,
Турагой күн тийип жарык, керемет аба ырайы.
Аракеттин берекети үзүрүн берет ар дайым,
Үзүлбөгөн ынтымакта жаркырасынчы маңдайың.
Кейибейли, кайгырбайлы, бул деген жөн гана байлык,
Бир күн келет, бир күн кетет, аны көңүлгө албайлы.
Кел, турагой андан көрө, жумушуңду көздөй жөнө,
Өз сүйгөн ишиңди кылып, көңүлүңдү бийик көтөр!
Кайырма:
Тур, турагой кыргызым турагой!
Чын дилиңден аракетиң кылагой! (Тур!)
Ар бир күнүң майрам, сен ошону билип жүр,тур!
Көк жарык аппак, чөйрө дарак-бак,
Жашоо ырахат, турагой калайык калк.
Кадырлуум, кайгы-муң, жолобосун эч кимге,
Таң аткандан кеч кирген убакты жөн кетирбе.
Тегеренип, жер айланып, ашпай туруп чек араны,
Ар бир ниетиң, максатың орундалсын кыялдагы.
Кел, турагой андан көрө, жумушуңду көздөй жөнө,
Өз сүйгөн ишиңди кылып, көңүлүңдү бийик көтөр.
Кайырма:
Сөзү : Добрдуку
Обону : Добрдуку
Сөзү : Добр, Биродин, Айбектики
Обону : Добр, Биродин, Айбектики
Сөзү : Урмат Усеновдуку
Обону : Dj. Azis, Раллияныкы
|