|
Сагынбек Момбеков
Бардык видеолор: 0
Бардык аудиолор: 25
Кайрандарым май бастырып көздөрүн,
Элин тытып, талап-тоноп өз жерин.
Жорулардын жоруктарын жасашып,
Бүркүт сезип жүрүшпөйбү өздөрүн.
Эл тагдырын каалагандай чоюшат,
Акыйкатты кууп жүрүп союшат.
Комдонгону жолборско окшоп турса да,
Кысталактар иттик кылып коюшат.
Комдонгону жолборско окшоп турса да,
Кысталактар иттик кылып, иттик кылып коюшат.
Төрүбүздө тайраңдашып ким-жогу,
Ата Журтка тийбесинчи кир колу.
Заман көчү кайда барат, жашырбай,
Акыйкатын айткылачы бир жолу.
Заман көчү кайда барат, жашырбай,
Акыйкатын айткылачы, айткылачы бир жолу.
Ишенебиз алдашса да миң жолу,
Ушул эмей көкүрөктө кир жогу.
Чыңгыз эмес, чындык келип кетсинчи,
Чыркыраган айылыбызга бир жолу.
Чыңгыз эмес, чындык келип кетсинчи,
Чыркыраган айылыбызга, чыркыраган айылыбызга бир жолу.
Бешенеге жазбагандыр кулдукту,
Же биз эмне кечкис күнөө кылдыкпы?
Жүзүн жаап камап койбой капаска,
Бир көрсөтүп койгулачы чындыкты.
Жүзүн жаап камап койбой капаска,
Бир көрсөтүп койгулачы чындыкты.
Бир көрсөтүп койгулачы чындыкты,
Жүзүн жаап камап койбой капаска,
Бир көрсөтүп, бир көрсөтүп койгулачы, бир ырдатып койгулачы чындыкты.
Жумурткадан кыр тапканга ашыгып,
Бүткөн ишке сын такканга машыгып.
Тагдыр бизди таразалап көрөрдө,
Аялдардын этегине жашынып,
Саймедиреп саясаттан сүйлөйбүз,
Бир чоң тоюп алган жерге,
Бир чоң тоюп алган жерге баш уруп,
Бир чоң тоюп алган жерге баш уруп.
Баштагыдай эле биздин түрүбүз,
Балекеттей бапырт чыгат үнүбүз.
Кечээ күнү чындык ыйлап жатканда,
Катыгүн, ай, биз каякта жүрүбүз?
Кылыч болуп суурулганды мындай кой,
Колтугунан жөлөдүкпү,
Колтугунан жөлөдүкпү, жөлөдүкпү бирибиз?
Өлкөбүз биздин общий дом,
Ойнойбуз, ырдап, бийлейбиз.
Орулуу бир иш бүтүрбөй,
Ооз көптүрүп сүйлөйбүз.
Бузуп, тоноп жатса да
Бурулбайбыз, күйбөйбүз.
Кытайы да, түркү да
Тең укуктуу бирдейбиз.
Ким кожоюн, ким конок,
Кызыкпайбыз билбейбиз.
Ак үйдүн даамын таткандар,
Акимдерде жаккандар.
Абийирди, намысты,
Ала-Тоону саткандар.
Арам кылган иш үчүн,
Адал орден таккандар.
Кожоюндун кылычын,
Кош колдошуп чапкандар.
Жат дегенде жаткандар,
Бас деген жакка баскандар.
Өзү түшөр чуңкурун,
Өзүлөрү каскандар.
Хан сарайды кургандар,
Калкка көзүн жумгандар.
Келечектин үлүшүн
Кабыргадан жулгандар.
Казынаны курутуп,
Маарыгандар, туңгандар.
Тукуму эмес кыргыздын
Туура кудай ургандай.
Кайгы-капа болушса,
Кышкысын үшүп тоңушса.
Бир жылда үч, төрт той берип,
Билермандар тоюшса.
Пенсиясын чалдардын,
Каалагандай чоюшса.
Акимдер өзү баш болуп,
Ооз менен орок орушса.
Биздеги ушул абалды,
"Бордак" деп коет орусча.
Окуусун бүтүп келебиз,
Орносок акча беребиз.
Ортокеч тапсак эле биз,
Айла жок айтса көнөбүз.
Орундун баарын сатат дейт
"Отдел кадр" эжебиз.
Элибиз айтат жалайт деп,
Май кармаган бармагын.
Керегине жарайт дейт,
Керексизип ар дайым
Эбин тапкан көрөт дейт
Эжебиздин жардамын
Кечеги чоң базарчы
Нарынга кантип барганын.
Ысык-Көлгө жиберет
Ысык көргөн балдарын.
Он жылдык тоюн өткөрдүң
Иши жүрүп жарманын,
Айта берсең сөз бүтпөйт,
Өзүң түшүн калганын
Кыргызым деп кыйкырып күйүп жүргөн,
Кыргызына аркасы тийип жүргөн
Кыйын чыкма жигиттер кайдасыңар,
Журтка таштап иттериң уулуп жүргөн.
Кайдасыңар кыргыздын тегиздери,
Кайрылгыла эл, жерге келип бери.
Канат бутак бололу кайран элге,
Караан тутуп турганда сени, мени
Базар деген баарысын кыйнап турат,
Багылбастан балдарың ыйлап турат,
Камчыга сап, кайраттуу баатыр таппай,
Кайран кыргыз карайлап, кургап турат.
Элди бакчу жан барбы дубаныңда,
Эркектериң жокпу же бул айылда.
Көп катынды көксөгөн көнөк баштар,
Көөшүдүбү төшөктүн кумарына.
Заман эмне болоорун сезчү барбы,
Зар болгондун тагдырын чеччү барбы.
Жаш-карыңды көрүнгөн эзип турса.
Жардам берип жанынан кеччү барбы.
Уландарың аракка кирип кетти,
Уул-кызың акчага тийип кетти.
Семичкедей чагылып жигиттериң,
Чет өлкөнүн чепкенин кийип кетти.
Сырттан келген, сыр тартып жылып кетти,
Сыйга тиккен багыңды кыйып кетти.
Кайран элиң карайлап турганында,
Канча жигит мертинип сынып кетти.
Жабыгып улап жан дүйнө туюм
Удургуп булут, уюлгуйт куюн
Кабарлап жатат окшойбу деймин
Карайлап турган замандын кунун
Ызгаары күздүн өктөмдүк кылат
Кең дүйнө тарып кеткенсип турат
Үшүтүп койду, үшкүрүк чыгып
Үмүттүн оту өчкөнсүп турат
Күрөштүн куну жеңишти туймак
Көк түтүн бүркүп көмүскө туйлап
Чокулар тилип этеги далдал
Булуттар тоодон келишти ыйлап
Буулугуп асмап,эшилип карды
Чагылган тийип тешилип калды
Астын-үстүн болуп алаамат дүйнө
Ачылып калган эшиги барбы?
Бороону боздоп сапырып көлдү
Борошо кышты чакырып келди
Табият улуу күрөштү бүгүн
Карекке минтип батырып берди
Аязга деле кайыкса мейли
Ата Журт эрте айыкса дейли
Каруусун казык кылбаган өлкө
Жыгыла берет айыпка эми
“Кайрылып кайра Семетей келет
Айланып кеткен кайыпка”, - дейби?
Кайрылыш жолдо, кайгыбыз жондо.
Кайчылаш көздөр, айтылбай сөздөр.
Кетесиң солго, кетим оңго,
Тагдырым тартып бактыман тайып.
Аяба, ая караба, кара,
Үзүлбөй үмүт, күбүлбөй күйүт.
Жүдөтсө санаа, жүрөктө жара,
Ойлорум жарык болобу кайып.
Кетемин солго, кетесиң оңго,
Кайчылаш жолдо, кайчылаш жолдо,
Кетемин оңго, кетесиң солго.
Кайрылыш жолдо, кайгыбыз жондо,
Учалы кутум, тушалып бутум,
Түшчүдөй орго, түйшөлүп зорго.
Барттың салкын караттың артың,
Арбадым тартым азапка баттым.
Сагыныч күчөп каңырык түтөп,
Асылым кайткын акырын айттым,
Энчилүү дартым эзилдим калдым.
Кайрылыш жолдо, кайгыбыз жондо,
Ой-саана узун көтөргүн учун.
Азгырык ойго алдырып койбо,
Айжамал жаркын таалайың тапкын.
Дарегиң кайда, карегим дайра,
Буркурайт сезим, ыр сурайт сезим.
Табалбай айла, жаналбай кайра,
Жоготуп бактым жалгыздык таптым.
Сат, сат, сат, сат, сат!
Тоонун аккан суусун сат, көлдүн аппак куусун сат,
Пейлиңди сат, дитиң сат, сарыкка деп битиң сат.
Төлдөттүрүп төркү үйгө, тай-торпоктой итиң сат,
Чөнтөк түбү жукарса, сууруп алтын тишиң сат.
Ак тамыңдын теңин сат, костюмуңдун женин сат,
Пайдасы жок а жетсе эй, келиндер, койнуңдагы эриң сат!
Сат, сат, сат, сат, сат!
Долларга көз кычышса, алтын казкан кениң сат,
Ысык-Көлдөй жериң сат.
Оптом десе чет элдик көлгө кошуп элин сат,
Койду жаяр жериңн сат, жылкы жаяр керүүң сат.
Айраныңн сат, сүтүн сат, байыймын деп бүтүн сат,
Тукум болор малыңдын сен бирин сатпай, үчүн сат.
Жагып калса бирөөгө ай, жакшы көргөн түшүн сат,
Топчулар да пул болот, ага кошуп бүчүң сат!
Сат, сат, сат, сат, сат!
Сат жана сат сата бер, бир кызыкка бата бер,
Өндүрүшүң жок болсо, кырдын артын аша бер.
Кыбыр эткен дүйнөңдү сен Кытай жакка чача бер,
Ырыскысын урпактын чекесинен каза бер.
Кытай бомба жардырса сен жамбаштап жата бер,
Бул турмуштун азабы кетирди го мазаны,
Бизнес деген неменин борк-борк этип казаны.
Жылкы этине барабар казактардын сазаны,
Анан дагы Бишкектин, кытайский тооктун жумурткасын ашады.
Кытай тоогуң эмине күмүш тууп жатабы?
Кудай уруп кыргыз тоок же кызыр калып жатабы,
Короздорго жаңы жур береличи батаны,
Илбирсиңдин терисин ителгиңе кошуп сат,
Иниң сенден тың чыкса, сен атаңдан озуп сат.
Апан сага конкурент, анын алдын тосуп сат,
Эки көзүң чакчайтып эй, эки колуң созуп сат!
Сат, сат, сат, сат, сат!
Картошкөң сат, наның сат, денеңдеги каның сат,
Жанталашып жаның сат, байыймын деп баарын сат.
Аның сатпай мунуң сат, латунаң сат,метиң сат,
Бир өпкөнгө бетиң сат, коюң союп этин сат,
Түндүгүң сат, үйүн сат, коломтодо күлүң сат,
Баарын сатып бүткөн соң оо, КЫРГЫЗЫМ!
– Колтугуңдун жүнүн сат эй!
Сат, сат, сат, сат, сат!
|