super.kg logo



Алина Жетигенова "Насыйкат"

Жүктөлгөн: 15-09-2015
Көчүрүү
03:45
3.44 Мб
Жанр: Эстрада
  • Currently 5.00/5
Комментарийлер(4)
15.09.2015. 11:40 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
797
Катталган:
12-01-2009
Соӊку аракети:
20-02-2022 21:57
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Сөзү Акбар Рыскуловго таандык, музыкасын Түгөлбай Казаков иштеп чыккан.
Бала кезден бери угам, анда маанисин жакшы түшүнчү эмесмин, бирок жакшы көрчүмүн. Ушу кезге чейин эле мазмунуна кандай сыр катылган деп жакшы түшүнө албай келем. Бирок кичине-кичине түшүнүп калдым, ошентсе да автордун өзүнөн уккум келип жүрөт, тарыхын.
Мэри түзөттү 2015-09-15 17:59:34
15.09.2015. 18:31 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
222
Катталган:
07-07-2013
Соӊку аракети:
21-12-2020 13:10
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мэри, men da sizge kowulam uwul yr bashka4a syrduu sezilet maga dagy...
Uwul yr taryhy kandai boldu eken maalymat beruunordu suraim urmattu super info! Rahmat
16.09.2015. 10:27 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
7609
Катталган:
22-02-2011
Соӊку аракети:
28-02-2022 18:29
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
...
0
sumka, саламатсызбы!
Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө жеткирип койдук. Рахмат!
20.09.2015. 19:31 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
35
Катталган:
22-04-2012
Соӊку аракети:
31-05-2017 21:21
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+1
Залкар атабыз Карамолдо Орозовдун Насыйкат куусунун негизинде соз жазылган обондун созуно ылайык формасын Т Казаков иштеп чыккан
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 

Алина Жетигенова
"Насыйкат"

Сөзү : Акбар Рыскуловдуку
Обону : Түгөлбай Казаковдуку
Бул насыйкат, бул насыйкат,
Бул насыйкат мага калган,
Бул насыйкат сага калган.
Калган керээз бабалардан өттү насыйкат,
Тоолордон, талаалардан, эй.

Айкашканы азынатып,
Ат жалына казан асып.
Келген элдин тилеги бул,
Улуу тарыхтын,
Чоктон ысык илеби бул, эй.

О, мезгилдин өктөмдүгү, ылдамдыгы,
Кандай кезде жаралды экен "Сынган бугу"?
Комуз кылын дирилдетип,
Бириндетип, бизге насаат ыр калдыбы, эй?

Аппак марал ыры, жаңырдыңбы сен?
Аппак марал, кайра табылдыңбы сен?
Аппак марал туяк кагат,
Журт которгон сыяктанат,
Каран күнгө, марал, кабылдыңбы сен?

Каран түнгө, марал, кабылдыңбы сен?
Конушуңдан үркүп, жаңылдыңбы сен?
Мөлтүлдөп аккан булак кайда?
Моюндаш өскөн улак кайда?
Кадырлуу журтту сагындыңбы сен, эй?
Аппак марал, эй!

Аппак марал,
Артыңдан сая түшүп жебе келет,
Көзүңдөн жер айланат, тегеренет.
Жебе келет, жөнө, демек!
Турбачы, ак марал, түңүлүп сен!
Турбачы, ак марал, түңүлүп турба,
Жебе жетпейт,
Чурка түйүлүп сен.

Аппак, ак марал, аппак марал, жеңилбечи,
Батат, батабы, батып барат өмүр кечи?
Жебе келет, жөнө, демек,
Турбачы, ак марал,
Жебе жетпейт,
Чурка, түйүлүп сен, эй!

Жанып өтөбү, жебе жетеби?
Тагдыр чыркырайт, тамыр зыркырайт.
Марал кубулуп, эй,
Кайып болуп кет эми!
Аппак марал, марал туяк кагат,
Жебе жетпейт, жетет сыяктанат,
Үмүт өчөт, үмүт кайра жанат, эй.

Бул насыйкат мага калган,
Бул насыйкат сага калган,
Калган керээз бабалардан.
Канат байлап өмүргө,
Каршы турган өлүмгө,
Карылардан санжыра,
Аппак марал жөнүндө.
Талыбайт элдик үмүт,
Карыбайт элдик ырлар.
Аппак марал, неге күлүңдөдүң?
Жакшылыктан асты түңүлбөдүң, эй!
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул аудиоклипке кирди:

Видеоклиптердин саны:
2893;
Аудиоклиптердин саны:
9299;
Элдик видеолордун саны:
36849;
Элдик аудиолордун саны:
18962;