Сөзү : Клара Умаралиеваныкы
Обону : Ильяз Абдыразаковдуку
Кеч болсо да кечир мени, таарынбагын,
Кезиктирбес тагдыр бизди, жаным дагы.
Эркелетип, карегиңе толбосом да,
Эстеп сени түбөлүккө жаныңдамын.
Кечир эми жалыныпмын таңым, багым,
Кечтеринде көз жаш төгүп сагынбагын.
Эркелетип эриниңден өппөсөм да,
Эстеп сени түбөлүккө жаныңдамын.
Кайырма:
Амансыңбы, сүйгөнүм?
Ачуу жашым, күйгөнүм.
Артылгандай бүт жүгү, дүйнөнүн.
Мейли сүйбө менчелик,
Түшүнөрсүң кез келип,
Бирге өткөн күндөрдү эскерип.
Ичте калсын арманым да , махабатым,
Издерибиз өткөн эми санаалашым.
Ыза, муңга толгон ошол биздин сүйүү
Ыраазымын бир өзүмү жазаласын.
Бакыт тапкан башка жүрөк эшигинен,
Бактысыздык далай сени эзди билем.
Акым дагы калбагандай сагынууга,
Айыбымды тан алганым кечтигинен.
Саламатсызбы!
Уюлдук телефон менен кирсеңиз оpera mobile браузери менен көчүрүп көрүңүз.
Саламатсызбы! Концерт болордо кабарлайбыз.
Саламатсыздарбы!
Уюлдук телефон менен кирсеңиз оpera mobile же башка браузерлер менен көчүрүп көрүңүздөр.
Саламатсызбы! http://www.super.kg/superstan/index.php?showtopic=46007 ушул шилтеме менен кирип жүктөө жолун билип алсаңыз болот.
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!