Сөзү : Ерболат Каракойшы
Обону : Мерхалил Махмудов
Ай сулуу кыз аткан таңдай,
Көңүл учту сага карай,
Карайм карегимди албай...
Тилегиңиз жанга дос бекен?
Жүрөгүңүз али бош бекен?
Кечиктимби мен ай, билемин кандай?
Баатыр жигит болчу Абай,
Сендейлерди көргөм далай.
Анча, ашыкпаңыз андай...
Жүрөк ээси болуу урмат го,
Аны ачуу сизге кымбат го,
Ачкычын да албай,
Ачасыз кандай?
Кайырма:
Ачып алам, оңой жолу керек,
Ашык адам тапкыч болуу керек.
Максаттарын бийик коюу керек,
Эки жүрөк бирдей согуу керек.
Көзүңүздү жатка ыйгарбай,
Өзүңүздү бекер кыйнабай.
Бөлүнбөй, биз күндө, бололу бирге!
Кабагыңа конгон Күн-Ай,
Карегиңе толгон чырай,
Сени шүгүр берген Кудай.
Сезимиңди арнап келсең ай,
Эркелеген менин эркем ай.
Бакытты далай, көрөлү ары карай.
Эркелетип эчен курдай,
Кылыгыма жүрсөң чыдай,
Бактылуу боломун тынбай.
Сен болосуң менин шерим ай,
Мен болоюн сенин теңиң ай,
Сүйүүмдү арнай, жүрөйүн талбай.
Кайырма:
Ары жагы биздин багыбыздан,
Арылалы жалгыз жагыбыздан.
Сагыналы ойлоп таңыбыздан,
Табылалы дайым жаныбыздан.
Көзүбүздү жатка ыйгарбай,
Өзүбүздү бекер кыйнабай,
Бөлүнбөй, биз күндө, бололу бирге!
Коздорунон жылдыз жанып айланат
Ким ырдайт айтып койгулачы
Саламатсызбы! http://www.super.kg/media/useraudio/162247/
Сөзү, обону:
Сагын Молдобаевдики
Ат арытып алыстан жайлоо
тараптан,
Сапар алып айлыңа сага
баратам.
Аппак жоолук салынган ак
көйнөкчөн Алымкан,
Жылкы багып жүргөн агаң сени
сагынган.
Ала-Тоого жаз келип, арнап
сага гүл терип,
Аргымакты чаптырып мен
жолугууга шашып баратам.
Жолугалы айылдын ылдый
жагынан,
Же болбосо сен сүй
Кыргызча бутпой аягына чыкпай калган ырдай болуп калыптыр
Саламатсызбы! Жакында порталга жүктөлөт, сунушуңузга рахмат!