|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул аудиоклипке кирди:
|
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул аудиоклипке кирди:
|
Маралдын сүтүн эмгенбиз
Касиет бүткөн жерибиз
Каадалуу кыргыз элденбиз
Капкалуу калаам Балыкчым
Качантан жашап келгенбиз
Бакубат шаарым Балыкчым
Байырлап жашап келгенбиз ээй
Балыкчым Балыкчым
Тогуз жол тарыхсың
Тентек жел ойногон
Шамалдуу шаарымсың
Кыдырып Кыдыр даарыган
Көлүмө жүзүм жайылган
Тогуз жол
Тогуз жолдун тоому делип
Жактырган экен абыдан
Акылман ата Калыгул
Батасын берип кеткен жер
Сыйкырлуу таңды ашырып
Сыр тарыхын чечкен жер
Балыкчым Балыкчым
Тогуз жол тарыхсың
Тентек жел ойногон
Шамалдуу шаарымсың
Көл бойлоп ойноп өткөнбүз
Күнгөй бир тескей беттенбиз
Балыкчыны байырлап
Бак дөөлөткө жеткенбиз
Бакубат шаарым Балыкчым
Баяндап айткан тарыхты
Жеримди жердеп сыйласаң
Табасың таалай бакытты ээй
Балыкчым Балыкчым
Тогуз жол тарыхсың
Тентек жел ойногон
Шамалдуу шаарымсың
Балыкчым Балыкчым
Тогуз жол тарыхсың
Тентек жел ойногон
Шамалдуу шаарымсың
Балыкчым Балыкчым
Балыкчым Балыкчым