super.kg logo



Бурул Арунова "Махабат вальсы"

Жүктөлгөн: 09-09-2021
Көчүрүү
04:04
3,74 Мб
Жанр: Поп
  • Currently 0.00/5
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 

Бурул Арунова
"Махабат вальсы"

Сөзү : Сулайман Рысбаевдики
Обону : Сулайман Рысбаевдики
Махабат келди бизге
Бакыттын кушундай
Качырбай боосун бекем
Кармайлы учурбай
Ак сүйүү гүлүн ачты
Таалайдын гүлүндөй
Багалы соолубасын
Бариги күбүлбөй

Кайырма:
Барчылык күндө дагы
Тарчылык түндө дагы
Ачта да, токто дагы
Барда да, жокто дагы
Жүрөлү ушундай
Бактыбыз бузулбай

Тартуулап күндө дагы
Шаттуусун көңүлдүн
Арнайлы ар бир таңда
Таттуусун өмүрдүн
Жазылбай бекем болсун
Кармашкан колубуз
Эртенге жол баштайлы
Бир болуп оюбуз

Кайырма:
Ысыкта суукта дагы
Алыста жуукта дагы
Сен болуп бир мен үчүн
Мен болуп бир сен үчүн
Бололу ушундай
Бактыбыз бузулбай

Отуна ак сүйүүнүн
Жылытып көңүлдү
Өчүрбөй тутанталы
Үшүтпөй өмүрдү
Эч качан бүркөлбөсүн
Айыбыз, күнүбүз
Түгөйлүү аккуулардай
Бүтпөсүн бийибиз

Кайырма:
Күлсөк да, кайгырсак да
Турсак да, тайгылсак да
Жаш курак алмашса да
Чач бубак кар басса да
Жүрөлү ушундай
Бактыбыз бузулбай.
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул аудиоклипке кирди:

Видеоклиптердин саны:
2893;
Аудиоклиптердин саны:
9299;
Элдик видеолордун саны:
36849;
Элдик аудиолордун саны:
18962;