super.kg logo



Тамга "Кыргыз уулу"

Жүктөлгөн: 04-08-2025
Көчүрүү
05:00
3,87 Мб
  • Currently 0.00/5
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 

Тамга
"Кыргыз уулу"

Сөзү : Ч. Алиев
Обону : Ч. Алиев
Көкүрөгү көк асманга тартып кыргыз уулу тынбайт
Көкөлөгөн көр заманда ысык-суугу сынга сынбай
Көпөлөктөй бир күн дүйнө жыргалына жанды кыйбай
Көлөкөсү калың журтка көмүскөдөй, кызыл туудай

Эээ-ээй түндүгүнө тал-бакан
Эээ-ээй таштар жыйра шар аккан
Каштар бүркөп булут-калкан басса да дагы
Эээй айкөл жүрөк берген о Жараткан

Манас урпактары намыс ыргактары
Жүрөгүмдү булкуп жулкуп турган маалы
Ыйманыңа кыйбат кылгандар коп кыйнап
Унутпагын Кыргыз уулу ыйман арты таң атаарын

Тилиң менен көөлөгөндү токтот өзүңдү бир сында
Көгөргөндү көргө малба көңүл өчсө да кымындай
Улуу жолуң Кыргыз жолду тоспо бир бириңе чыдай
Жыгылба деп жол ачканга белек камдап койгон Кудай

Эээ-ээй түндүгүнө тал-бакан
Эээ-ээй таштар жыйра шар аккан
Каштар бүркөп булут-калкан басса да дагы
Эээй айкөл жүрөк берген о Жараткан

Манас урпактары намыс ыргактары
Жүрөгүмдү булкуп жулкуп турган маалы
Ыйманыңа кыйбат кылгандар коп кыйнап
Унутпагын Кыргыз уулу ыйман арты таң атаарын
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул аудиоклипке кирди:

Видеоклиптердин саны:
2893;
Аудиоклиптердин саны:
9299;
Элдик видеолордун саны:
36849;
Элдик аудиолордун саны:
18962;