super.kg logo



Тамга, "Сагындым"

Жүктөлгөн: 04-08-2025
Көчүрүү
03:44
3,62 Мб
Жанр: Эстрада
  • Currently 0.00/5
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 

Тамга

"Сагындым"

Өмүрбек Андарбеков
Сөзү : Ч. Алиев
Обону : Ч. Алиев
Байкоосуздан сага кабылдым
Кайдан жүрүп, неге табылдың
Элестериң бура бастырбай
Ээлеп алдың баарын жанымдын

Ааай, бирге жүргөн күн
Ооой, кайра кайрылгын
Көргүм келип абдан сагындым
Көргүм келип абдан сагындым

Эстеп көргүн ошол күндөрдү
Биз өткөргөн айлуу түндөрдү
Кол кармашып, өрдөп коктуну
Ушул ойноп терген гүлдөрдү

Ызгар күндүн салкын шүдүрүмү болдуң
Сен мага жамгыр себелей
Гүл бакчамдын жаркыган күнү болдуң
Нурларыңа мен бөлөнүп(а) эркелей
Күүгүмдөгү Чолпон жылдызым
Жүрөгүм тандаган жан дүйнө ырысым
Көргүм келип сени мен жалгыз,
Сагындым о

Ааай, бирге жүргөн күн
Ооой, кайра кайрылгын
Көргүм келип абдан сагындым
Көргүм келип абдан сагындым

Аз күнчөлүк бакыт мен үчүн
Албан аалам, өмүр алп үчүн
Мейли жашоо, мейли эмгекте
Болчу, жаным бирге, сен түшүм

Элестердин эң көркөмү бирге
Биз жүргөн күндөрүбүз
Эстегеним менин экөөбүздүн
Бир соккон эгиздей кош жүрөгүбүз
Күүгүмдөгү Чолпон жылдызым
Көңүлүм көнгөн жан дүйнө ырысым
Көргүм келип сени мен жалгыз
Сагындым о

Ааай, бирге жүргөн күн
Ооой, кайра кайрылгын
Көргүм келип абдан сагындым
Көргүм келип абдан сагындым
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул аудиоклипке кирди:

Видеоклиптердин саны:
2893;
Аудиоклиптердин саны:
9299;
Элдик видеолордун саны:
36849;
Элдик аудиолордун саны:
18962;