super.kg logo



Сыймык Бейшекеев "Жакшы сөз айтчы мага..."

Жүктөлгөн: 20-09-2012
Көчүрүү
03:35
3.28 Мб
  • Currently 4.56/5
Комментарийлер(3)
04.10.2012. 08:22 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
28-07-2010
Соӊку аракети:
04-03-2016 21:10
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+4
Сыймык жакшы ырларды жарата берсин
20.09.2014. 17:35 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
46
Катталган:
22-09-2013
Соӊку аракети:
14-06-2016 18:09
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер-инфо гезитинин жамааты, ушул ырдын Роза Аманова ырдаган вариантын каяктан тапам болот?
22.09.2014. 06:21 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
806
Катталган:
22-02-2011
Соӊку аракети:
28-02-2022 18:29
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
...
0
bektashova_ayzada,
Саламатсызбы! Сунушуңуз эске алынат, рахмат!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 

Сыймык Бейшекеев
"Жакшы сөз айтчы мага..."

Сөзү : Бактыгүл Чотурованыкы
Обону : Сыймык Бейшекеевдики
Кара көз, асылзатым,
Кашымда жүрчү жакын.
Карааның издеп келем,
Кайталап улам атың.

Кайырма:
Жаркылдап кашты кага,
Жакшы сөз айтчы мага.
Жүз жылы жашоочудай,
Жүрөккө тапчы даба.
Жароокер, жарпым жазчы,
Жан дүйнөм тарткан санаа,
Жарыгың чаччы кана,
Жакшы сөз айтчы мага.

Жарыгым, жакшынам, эй,
Таалайым, татынам, эй.
Карегиң тик кароого,
Кантип мен батынам, эй?

Кайырма:

Көп кыздар бара жатса,
Көрүнбөйт сенден башка.
Бакытым өзүң болуп,
Багындың махабатка.

Жароокер, жарпым жазчы,
Жан дүйнөм тарткан санаа.
Жарыгың чаччы кана,
Жакшы сөз айтчы мага.
Жаркылдап кашты кага,
Жакшы сөз айтчы мага.
Жүз жылы жашоочудай,
Жүрөккө тапчы даба.
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул аудиоклипке кирди:

Видеоклиптердин саны:
2893;
Аудиоклиптердин саны:
9299;
Элдик видеолордун саны:
36849;
Элдик аудиолордун саны:
18962;