super.kg logo



Абидин Темиров "Курбуларга"

Жүктөлгөн: 19-12-2012
Көчүрүү
03:19
3.03 Мб
Жанр: Эстрада
  • Currently 5.00/5
Комментарийлер(1)
23.12.2012. 16:32 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
49
Катталган:
03-02-2012
Соӊку аракети:
14-07-2021 12:45
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кербен
+3
Абидин Темировтун ырлары эн соонун!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 

Абидин Темиров
"Курбуларга"

Сөзү : Эркин Тазабековдуку
Обону : Абидин Темировдуку
Көл жээгинде ойлуу турам,
Ташты ургулайт толкундар.
Толкун болуп тарап кеткен,
Жандайынан курбулар.
Көргүм келет көзүңөрдү
Жаштык жанган, от жанган.
Куса болуп карай берем
Ордуңарды бош калган.

Кыял күткөн кызык күндөр
Калды алыс, алыста.
Башка-башка жолдор менен
Кеттиңерби алыска?
Оо, курбулар, сагындырган
Ар бириңди эстеймин.
Жылдыз сымал жанып турган
Ал күндөрдү эңсеймин.

Жүрөбүз деп ойлогонбуз
Түбөлүккө айрылбай.
Ар ким издеп өз бактысын
Кеттик, достор, кайрылбай.
Көргүм келет көзүңөрдү,
Жаштык жанган, от жанган.
Куса болуп карай берем
Ордуңарды бош калган.
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул аудиоклипке кирди:

Видеоклиптердин саны:
2893;
Аудиоклиптердин саны:
9299;
Элдик видеолордун саны:
36849;
Элдик аудиолордун саны:
18962;