super.kg logo



Юлия Руцкая "Күттүрбө"

Жүктөлгөн: 25-12-2012
Көчүрүү
03:36
4,95 Мб
Жанр: Поп
  • Currently 5.00/5
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 

Юлия Руцкая
"Күттүрбө"

Сөзү : Кыялбек Урманбетовдуку
Обону : Бакыт Алишеровдуку
Өрттөнүп кетели,
Өкүнгөн кеч эми,
Үйдөмүн жалгыз,
Үнүм сага жетеби?
Мурда сезим өрт эле,
Муздайбы эрте эле?
Мелтиреп жашыдым,
Мен канча мертебе.

Күндөргө кечээги
Жүрү кетели,
Керек болсо кечели от, деңизди…
Жашыл жазбы махабат мекени?
Жалындап жетели,
Жүрү кетели.

Жан батпай тоолорго,
Жай таппайм коёрго.
Жоготпо мени,
Өзүң дагы жоголбо.
Жүрөгүмдү сен эзе,
Күттүрбө эмесе.
Жолуңа телмирген
Көздөрүм – терезе.

Күндөргө кечээги
Жүрү кетели,
Керек болсо кечели от, деңизди…
Жашыл жазбы махабат мекени?
Жалындап жетели,
Жүрү кетели.
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул аудиоклипке кирди:

Видеоклиптердин саны:
2893;
Аудиоклиптердин саны:
9299;
Элдик видеолордун саны:
36849;
Элдик аудиолордун саны:
18962;