super.kg logo



БИЗ тобу "Азиза"

Жүктөлгөн: 16-01-2013
Көчүрүү
04:02
3.69 Мб
Жанр: Эстрада
  • Currently 4.13/5
Комментарийлер(7)
17.01.2013. 19:35 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
247
Катталган:
14-10-2011
Соӊку аракети:
19-05-2024 19:36
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Текес 特克斯
0
Эх жаштык, эх мастык курагым. кимдерге калтырдым убалын!
Бактыяр акенин тун кызына арналган ыры "Азиза" деп укчу элем! кандай ыр дедим эле, мына бугун эт кулагым кубо болду бул ырга да!?!!!?
26.02.2013. 05:52 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
117
Катталган:
14-03-2009
Соӊку аракети:
09-12-2014 18:03
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир "Биз" тобунун театралдаштырган концертине баргам. Ошондо ушул ырын ырдаган эле. Аябай таасир калтырган эле. Азыр Азиза канчага чыгып калды экен.
05.01.2014. 07:59 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
12-03-2013
Соӊку аракети:
16-11-2016 16:10
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сонун экен го эч укпаган экем
22.01.2014. 17:58 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
17-02-2013
Соӊку аракети:
15-09-2020 20:40
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырдын текстин да кошуп коюуунарды суранат элем....
25.01.2014. 22:53 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
41
Катталган:
03-01-2014
Соӊку аракети:
10-04-2014 20:25
Жынысы:
Белгисиз
-2
Эээээээ,,,,,бул ыр жаны чыкканда мен да очошконсуп Азиза деген бир келин менен таанышып анан "....." журуп аа,суйуу ушундай болот экен деп журуп акыры ошол куйоосу бар келиндин айынан соттолуп да кеттим го....Же азиза аттуулардын баары эле "ошондойбу"???.....Мен 16 жашта а Азиза 21 жашта эле,куйоосу,бир уулу бар келин эле.Иши кылса аман эле бол да Азиза!!!
Модератор admin_media түзөттү 27.01.2014 10:28
22.03.2014. 10:50 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
09-10-2011
Соӊку аракети:
23-11-2014 17:04
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ноокат
+1
Ото сонун ыр!
24.06.2017. 10:22 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
78
Катталган:
10-12-2014
Соӊку аракети:
28-10-2021 02:12
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ноокен
0
бактыяр менен аксананын кызы азизага арналган эле азыр аксана кайда экен эч ким билбейт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 

БИЗ тобу
"Азиза"

Сөзү : Б.Токторовдуку
Обону : Б.Токторовдуку
Кээ күнү унутуп каламын,
Эстесем каякка барамын?
Эсен бол, эсен жүр, Азиза,
Кудайдан өмүрүң сураймын.
Күнү өтүп баратат санаанын,
Күлкүсүн сагынып баланын.
Эх, жаштык, мастык курагым,
Кимдерге калтырдым убалым?

Кайырма:
Азиза, Азиза, Азиза,
Алмончок, айтунук булагым,
Азиза, Азиза, Азиза
Ай кызым, арманым, чырагым.

Куураган куурайга суу койчу,
Сүйүүмдүн мөмөсү белең сен?
Кур намыс кудугун толтурчу,
Сүйүүмдүн төрөсү белең сен?
Айы өтүп баратат санаанын,
Бал тилин сагынып баланын.
Эх, жаштык, мастык курагым,
Кимдерге калтырдым убалым?

Кайырма:

Убакыт улгайтар кылымды,
Бой жетип чоңоюп өсөрсүң.
Ошондо чырмалган чындыкты,
Сен өзүң чечмелеп көрөрсүң.
Жылы өтүп баратат санаанын,
Жытына зар болуп баланын.
Эх, жаштык, мастык курагым,
Кимдерге калтырдым убалым?

Кайырма:

Азиза, Азиза, Азиза,
Алмончок, айтунук булагым,
Азиза, Азиза, Азиза,
Арманым, ай кызым, чырагым.
Азиза, Азиза, Азиза
Алмончок, айтунук булагым,
Азиза, Азиза, Азиза,
Арманым, күйүтүм, чырагым.
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул аудиоклипке кирди:

Видеоклиптердин саны:
2893;
Аудиоклиптердин саны:
9299;
Элдик видеолордун саны:
36849;
Элдик аудиолордун саны:
18962;