super.kg logo



Бакыт Шатенов "Түшүмдө"

Жүктөлгөн: 21-01-2013
Көчүрүү
03:30
3,21 Мб
  • Currently 5.00/5
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 

Бакыт Шатенов
"Түшүмдө"

Автор - композитор, ырчы Абдрашит Бердибаев, ХХ кылым.
Сөзү : Абдрашит Бердибаевдики
Обону : Абдрашит Бердибаевдики
Суюлуп жылдыз бириндеп,
Суу ылдый шамал дирилдеп.
Айылдын асты терең сай,
Ташыган өзөн күрүлдөп.
Өзөндү бойлоп келатсам,
Алдымдан чыктың күлүңдөп.

Сыдырым соккон жел менен,
Саамай чачың сеңселтип.
Жанымда турсаң буралып,
Жалындайт жүрөк энтелеп.
Жароокерсиң алтыным,
Жаш баладай эркелеп.

Эзилип сүйгөн жалжалым,
Эсимде сенсиң ар дайым.
Эсенсизби агай деп,
Ийилип колдон кармадың.
Белегим сага ушул деп,
Белестин гүлүн арнадың.

Аңгыча чочуп ойгонсом,
Өңүмдө эмес түш экен.
Капилеттен көргөн бул түшүм,
Каалаган селким өзү экен.
Унутпай эстеп жүрсүн деп,
Урматтап айткан сөз экен.
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул аудиоклипке кирди:

Видеоклиптердин саны:
2893;
Аудиоклиптердин саны:
9299;
Элдик видеолордун саны:
36849;
Элдик аудиолордун саны:
18962;