super.kg logo



Бакыт Шатенов "Күйдүм чок"

Жүктөлгөн: 22-01-2013
Көчүрүү
03:48
3,47 Мб
  • Currently 5.00/5
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 

Бакыт Шатенов
"Күйдүм чок"

Кыргыз элинин уулу, ырчы, чыгаан комузчу, композитор Атай Огонбаевдин ыры (1902-1949ж.) ХХ кылымдын башы
Сөзү : Атай Огонбаевдики
Обону : Атай Огонбаевдики
Күйдүм, күйдүм, күйдүм чок,
Күйдүм десем түтүн жок.
Жүрөгүмдүн башында,
Жүгөрүдөй бүтүн жок.

Кан-Жайлоо деген бийик бел,
Кар жааса согот муздак жел.
Кайырма жака, кара көз,
Кадырды билсең өзүң кел.

Ак теректей бүрдөнүп,
Жүрөсүң ак жоолук салып түрдөнүп.
Айласын таап жете албай,
А мен жүрөм,
Адашкан тайлак өңдөнүп.

Боз теректей бүрдөнүп,
Жүрөсүң боз жоолук салып түрлөнүп.
Болжолун таап жете албай,
Мен жүрөм,
Боздогон тайлак өңдөнүп.
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул аудиоклипке кирди:

Видеоклиптердин саны:
2893;
Аудиоклиптердин саны:
9299;
Элдик видеолордун саны:
36849;
Элдик аудиолордун саны:
18962;