super.kg logo



Айпери Кубик кызы "Кимдир бирөө"

Жүктөлгөн: 26-01-2013
Көчүрүү
04:04
3,71 Мб
Жанр: Поп
  • Currently 5.00/5
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 

Айпери Кубик кызы
"Кимдир бирөө"

Сөзү : К.Калыковдуку
Обону : К.Калыковдуку
Кылымдар жашап келген кыргыз жерим,
Кылычын бербей келген кыргыз элим.
Кыр ашып жоо келсе да күттүрбөгөн,
Кармашка тике турган менин элим.

Кайырма:
Кимдир бирөө киндик каны тамган жерди,
Көз жашы апалардын аккан жерди.
Кой жайып аталарым баккан жерди,
Таштап качпаса экен, шашпаса экен, сатпаса экен.

Байыртан эч кимиси жеңген эмес,
Басынтып кыргызымды келген эмес.
Батышы, чыгышыбы, кыргыз жерин,
Баатыр Манас эч бир жоого берген эмес!

Кайырма:
Кимдир бирөө күнү-түнү атканы ок,
Кимдир бирөө курсагына бир наны жок.
Кимдир бирөө эч нерсени укпадым деп,
Уктап жатпаса экен, качпаса экен, шашпаса экен.

Кыйкырсам үнүм жетпейт кыйындарга,
Бакырсам башым жетпейт жыйындарда.
Бар болсо Жараткандын жакшылары,
Бардыгын тең кылбайбы, эли-жерин?
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул аудиоклипке кирди:

Видеоклиптердин саны:
2893;
Аудиоклиптердин саны:
9299;
Элдик видеолордун саны:
36849;
Элдик аудиолордун саны:
18962;