super.kg logo



Асылбек Өзүбеков "Көлдүн жээги"

Жүктөлгөн: 11-02-2013
Көчүрүү
05:44
10,5 Мб
Жанр: Эстрада
  • Currently 4.78/5
Комментарийлер(3)
09.07.2013. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
издеп жургон ырымды таптым! Рахмат сиздерге супер инфо
25.05.2015. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
maks0908,
Саламатсызбы! Браузердин кэшин тазалап, кайра аракет кылып көрүңүз.
15.05.2018. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
соонун!!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 

Асылбек Өзүбеков
"Көлдүн жээги"

Сөзү : А.Айталиевдики
Обону : А.Айталиевдики
Көлдүн жээги, бирге басып салкындап,
Жайдар мүнөз, жаз күнүндөй жаркылдап.
Жумшак шамал бетти аймалап сыласа,
Майда толкун жээкке урунат шарпылдап.
Кошкун дедиң көпкө карап, кол булгап,
Кете бердим пароходдо калкылдап.

Эми алысмын, куса болом самасам,
Бир жүргөнсүйт күлүп сенин тамашаң.
Түбөлүктүү өмүрүмдүн шериги,
Жаным сүйүп, жалгыз сени жаратам.
Ашыктыгым ого бетер артылат,
Сагынганда сүрөтүңө карасам.

Жазган катың, жанга кубаныч киргизет,
Кеп ойлоодон тынч ала албай дирилдеп.
Кыял деген күлүк нерсе эмеспи,
Сага жетип, кайра мага жүгүрөт.
"Кара көзүң калбайсыңбы?", дегенсип,
Курган жүрөк кээде коёт дүкүлдөп.

Ар бир мүнөт, элестериң көңүлдө,
Унутпастан эстейм өзүң жөнүндө.
Сары алтын дейт түбү келип сабырдын,
Сагынуунун зардалына жеңилбе.
Аз күн калды жолугушчу убакыт,
Сен узаткан Ысык-Көлдүн жээгинде.
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул аудиоклипке кирди:

Видеоклиптердин саны:
2893;
Аудиоклиптердин саны:
9299;
Элдик видеолордун саны:
36849;
Элдик аудиолордун саны:
18962;