super.kg logo



Дархан "Кыялымда"

Жүктөлгөн: 22-02-2013
Көчүрүү
03:48
3,48 Мб
Жанр: Поп
  • Currently 5.00/5
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 

Дархан
"Кыялымда"

Жылдыздар толуп асманга,
Нурларын чачып ааламга.
Көрсөм деп, сенин жүзүңдү
Кыялым учат алыска,
Колумду сунуп жете албай,
Жаныңда турам айта албай.

Кайырма:
Кыялымда, сырларымда,
Сен жашайсың ойлорумда.
Кыялымда, сырларымда,
Сен жашайсың кыялымда.

Сүйүү издеймин сөзүңдөн,
Сени издеймин түшүмдөн,
Жалдырап карап артыңдан,
Өзүмдү издейм көзүңдөн.
Колумду сунуп жете албай,
Жаныңда турам айта албай.

Кайырма:

Колумду сунуп жете албай,
Жаныңда турам айта албай.
Кыялымда, сырларымда,
Сен жашайсың ойлорумда.
Кыялымда, сырларымда,
Сен жашайсың кыялымда.
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул аудиоклипке кирди:

Видеоклиптердин саны:
2893;
Аудиоклиптердин саны:
9299;
Элдик видеолордун саны:
36849;
Элдик аудиолордун саны:
18962;