super.kg logo



Нурак Абдырахманов "Бул дүйнө"

Жүктөлгөн: 06-03-2013
Көчүрүү
04:48
6.64 Мб
  • Currently 4.67/5
Комментарийлер(7)
06.03.2013. 08:32 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
454
Катталган:
28-05-2012
Соӊку аракети:
18-01-2022 16:31
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
нарын
0
менин тайкем да.каарыбаныз эч качан,ден соолукта болунуз
09.07.2014. 10:37 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
294
Катталган:
12-03-2012
Соӊку аракети:
19-07-2019 13:25
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Ушул ырды Мээрим Карыпованын аткаруусунда жүктөп коесуздарбы
16.12.2014. 05:17 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
08-12-2014
Соӊку аракети:
10-07-2015 13:38
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсызбы, Superinfo! Сиздерге чон отунуч бар эле.. Нурак агабыздын "Бул Дуйно" деген ырын мындан 2 жылча мурун бир аял ырдаганын уктум эле. Сыраштырсам Турдукан Сарбанова деп айтышты, бирок эч бир таппай койдум. Чынында ырдады беле? Билсенер айтып жардам берип койгулачы табышып же сиздерде болсо кайсы жерде? Рахмат!
16.12.2014. 05:54 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
7609
Катталган:
22-02-2011
Соӊку аракети:
28-02-2022 18:29
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
...
0
Dalik,
Саламатсызбы! Шилтеме менен кириңиз: http://www.super.kg/media/useraudio/116185/
01.05.2015. 14:09 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
09-04-2015
Соӊку аракети:
03-04-2020 12:36
Жынысы:
Белгисиз
0
super.kg Кундуз Карыпбаеванын аткаруусундагы " сага " деген ырын да жуктоп коюнуздарчы сураныч???
01.05.2015. 14:13 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
09-04-2015
Соӊку аракети:
03-04-2020 12:36
Жынысы:
Белгисиз
0
эженин ырдаганын анык билем, дайым кыргыз радиосунан да суранып угам. Мумкун талап коп тушсо жуктолот деп ойлогом, эч бир сайттан издеп таппадым
22.10.2020. 03:24 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
26
Катталган:
19-01-2016
Соӊку аракети:
15-02-2021 09:39
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
соонун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 

Нурак Абдырахманов
"Бул дүйнө"

Сөзү : Нурак Абдрахмановдуку
Обону : Нурак Абдрахмановдуку
Жарыкчылык өмүргө кимдер келип-кетпеген,
Жаркыраган ааламга кимдер таазим этпеген.
Тагдыр жолу - татаал жол, бирөөлөргө кепкенен,
А бирөөгө азап менен арман-муңун чектеген,
Туңгуюкка кептеген.

Жаралганда дүйнөгө жаңжал салып ыйламай,
Ал-кубатка келгиче ата-энени кыйнамай.
Эрезеге жеткенде эл мүдөөсүн сыйлабай,
Жаман адат күтөбүз – көр оокатты жыйнамай,
Кара жанды кыйнамай.

Бул дүйнөнүн байлыгын жалгыз ээлеп алчу бар,
Мансап үчүн эл-журтун курмандыкка чалчу бар.
Адамзаттын ушулар убалына калчулар,
Арабызда болбосунчу адамдыкты танчулар,
Акыр заман салчулар.

Максат менен чырмайлы, ызат-сыйга чулгайлы,
Өмүрлөрдүн чак түшү алтын жаштык турбайбы.
Каран калсын көр оокат, кана, достор, ырдайлы,
Эл-журт болсо, биз болобуз, эл мүдөөсүн сыйлайлы,
Эркин ойноп жыргайлы.

Өткөн өмүр – качкан куш, канаттары дилдиреп,
Гүл жайнаган бакчаңды күлүк мезгил бүлдүрөт.
Жан дил менен барктайлы жаш күндөрдү үлбүрөк,
Тагдырларга бөлүнгөн өмүр канча ким билет,
Бакыт канча ким билет.

Кырчын жаштын кадырын кыярганда билерсиң,
Кызыл өңдүн кадырын кубарганда билерсиң.
Бар байлыктын кадырын чачылганда билерсиң,
Бак-таалайдын кадырын басынганда билерсиң,
Качырганда билерсиң.

Адал жүрөк, ак ниет алсыздарга шум дүйнө,
Жан дүйнөсү бош калган наадандарга кур дүйнө.
Кадырына жеткенге катасы жок нур дүйнө,
Биз өтсөк да калар жаркып дайым жапжаш бул дүйнө,
Дайым сулуу бул дүйнө.

Жашоо – деңиз чалкыган, жарашыгы саймадай,
Мүнөт санап өмүрлөр өтүп жатат байма-бай.
Биз – кемечи калкыган, турмуш аккан дайрадай,
Орду менен сүзөлү, оң-тетири айдабай,
Бактыбызды байлабай.

Бир берилген бул өмүр бүтпөчүдөй ойлойсуң,
Болбос ишке кор кылып оюнчуктай ойнойсуң.
Шумкар болуп сызасың, жылан болуп сойлойсуң,
Миң-миң сырлуу бул өмүргө жүз жашасаң тойбойсуң,
Миң жашасаң тойбойсуң.
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул аудиоклипке кирди:

Видеоклиптердин саны:
2893;
Аудиоклиптердин саны:
9299;
Элдик видеолордун саны:
36849;
Элдик аудиолордун саны:
18962;