super.kg logo



Керим Турапов "Насаат ыр"

Жүктөлгөн: 05-07-2013
Көчүрүү
03:55
3,58 Мб
  • Currently 4.43/5
Комментарийлер(5)
08.07.2013. 02:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Sonun yr
17.07.2013. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мына атандын корууу ыр
11.11.2013. 01:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул ырды издеп журдум эле
15.12.2013. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер-Инфо силерден сураныч, К.Тураповдун "Айылга кат" деген ырын жуктоп коёсунарбы?
15.12.2013. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
создору:
Эски там ээн турат кыштагымда,
Эбактан ээси жок деп бузбагыла.
Түбү бир тууган болом силерге мен,
Түңүлүп тизмеңерден сызбагыла.

Бозоргон боз там турса жол боюнда,
Боордош бирөө бар деп ойлогула.

Ата-энем ак тилектен салган эле,
Арбагын унут кылып койбогула.

Аз болсо да көз салып бак-шагына,
Алакандай жеримди сактагыла.
Барбай калсам, тагдырг
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 

Керим Турапов
"Насаат ыр"

Бирде жигит төө минет,
Бирде жигит жөө жүрөт.
Төө мингенде жигитти
Төбөсүнө көтөрүп,
Төгөрөктөп эл жүрөт.
Жөө жүргөндө жигитти
"Жөн жүрбүйт го мобул" деп,
Жөөлөй түртүп эл күлөт.

Аскар тоонун этеги
Барып-барып чат болот.
Бир атанын балдары,
Алты тууган болсо да,
Катташпаса жат болот.
Ага-иниңди жаман деп,
Тууган кайдан табылмак?
Аргымакты жаман деп,
Буудан кайдан табылмак?

Жалгыз өгүз кош эмес,
Жаакташкан дос эмес.
Жакшы-жаман күндөрү
Жардам берип жаныңда,
Жан күйбөсө дос эмес.
Тайгак жолдо, тар жолдо,
Тагдыр тайкы болгондо,
Тамашалап кеп айтып,
Табалаган дос эмес.

Ага-иниңдин кадырын,
Өзү барда билип жүр.
Карызы бар бабанын,
Ата-энеңдин кадырын,
Көзү барда билип жүр.
Кулун кезден өстүргөн,
Ээсин тепкен ат жаман.
Өзөк өрттөп, куйкалап,
Өздөн чыккан жат жаман.

Көптү көргөн аксакал
Кары болот, билип жүр.
Кары сөзүн капка сал,
Кары сөзү жаштарга
Дары болот, билип жүр.
Керкейгенге керкейгин,
Көктөн түшкөн пир эмес
Ийилгенге ийилгин,
Баалап берген кул эмес.

Алган жарың Айпери,
Айдын кызы болсо да,
Ажаандашып, кыйкырып,
Айтканыңа көнбөсө,
Сулуулугу не пайда?
Аркан-жипти үзгүлөп,
Азоолонгон кез кайда?
Аштан, тойдон калган соң,
Күлүктүгү не пайда?
Күлүктүгү не пайда?
Сулуулугу не пайда?
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул аудиоклипке кирди:

Видеоклиптердин саны:
2893;
Аудиоклиптердин саны:
9299;
Элдик видеолордун саны:
36849;
Элдик аудиолордун саны:
18962;