super.kg logo



Лира Райымбекова, Дилбар Райымбекова, Анапия Райымбекова "Ак Мөөр - кыргыз периси"

Жүктөлгөн: 11-09-2013
Көчүрүү
04:12
7,67 Мб
Жанр: Эстрада
  • Currently 3.50/5
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 

Лира Райымбекова
Дилбар Райымбекова
Анапия Райымбекова
"Ак Мөөр - кыргыз периси"

Сөзү : С.Дөлөевдики
Обону : Ж.Сыдыковдуку
Кылымды санап мөл даңкы,
Жайлатып ойду төр даңкы.
Ааламда мындай ажайып,
Соң-Көлдөй бермет көл, көл барбы?

Жыргалга толгон өрүшү,
Ырахат жанга бериши.
Табият көркү - кең Соң-Көл,
Ак Мөөр - кыргыз элдин периси.

Кыялдай көрктү талашкан,
Кыялың буудан таң ашкан.
Тамшантып адам пендесин,
Соң-Көлгө Ак Мөөр жарашкан.

Соң-Көлдө көңүл турмушу,
Соң-Көлдө Мөөр нур кызы.
Соолубас көлдөй нурданган,
Соң-Көлдө сүйүү, өмүр жылдызы.

Суурулуп өмүр мүрөгү,
Сулуулук сүйүү жүрөгү.
Ак Мөөр өскөн бейиш жер,
Арзышкан жаштар билеби?

Жалындуу жаштык өмүрдөй,
Жанбаган кумар көңүлдөй.
Кылымдар турат айкашып,
Ак Мөөр менен Соң-Көл бөлүнбөй.

Жыргалга толгон өрүшү,
Ырахат жанга бериши.
Табият көркү - кең Соң-Көл,
Ак Мөөр - кыргыз периси.

Жыргалга толгон өрүшү,
Ырахат жанга бериши.
Табият көркү - кең Соң-Көл,
Таттыбүбү - кыргыз элдин периси.
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул аудиоклипке кирди:

Видеоклиптердин саны:
2893;
Аудиоклиптердин саны:
9299;
Элдик видеолордун саны:
36849;
Элдик аудиолордун саны:
18962;