|
Сөзү : Дори жана Т.Дамирбековдуку
Обону : Н.Абдыразаковдуку
Сапсары тоогум бар элең,
Жумурткасы сары элең.
Менин сүйгөн кызымдын,
Каштары, көздөрү кара элең, ай.
Кайырма:
Ашкара, башкара, кашкараң,
Казанда кайнайт чучбараң,
Ушундай жыргал тойлордон.
Бийлегиле жигит кыз балаң, эй.
Чачырата таштап чачыңды,
Кычырата боёп кашыңды.
Кылтыңдап чыксаң көчөгө,
Өзү эле токтойт машинаң, ай
Кайырма:
Кыздар кийген шиштакаң,
Жарашпайт экен кыштакаң, ай
Шиштакаңдын пайдасын,
Ала кийиз шырдак жыртмакаң, эй.
Кайырма:
Токотору токойдогу беш терек,
Токойдогу беш терекке суу керек.
Керек дагы мага окшогон жигиткең, эй
Узун эмес, орто бойлуу кыз керек.
Кайырма:
Жалгыз эле сары тоогум бар элең,
Жумурткасы дал өзү сары элең.
Ал эми менин сүйгөн кызымдын, Каштары, көздөрү кара элең, ай.
Кайырма:
Сөзү : Добрдуку
Обону : "Грибы" тобунуку
Сөзү : Добрдуку
Обону : Добрдуку
Сөзү : Расул Маматкулов, Добрдуку
Обону : Расул Маматкуловдуку
Сөзү : Бегиштики
Обону : Аман Бержибаевдики
Келчи досум чыгыш бий сен бийлегин,
Бирге бийлеп кайгыны сен билбегин.
Эгер тоскоол болсо нота тийбегин,
Бул чыгарма сууруп чыгат жыланды да ийиндеги.
Мейли чечилсин жылуу кийимдериң,
Ачык болсун кооз денең жана ийиндериң.
Кыймылдагын бат, калтырбастан издериң,
Учсун бийик ала кийим биздеги.
Ар дайым ырдайлы чыгыш ырларын, түбөлүккө,
Кош келгин биздин чыгыш жомокко!
Жомок дүйнөсүнө биз менен чөмүл,
Бизде күлкү толо жана анын жок өлчөмү.
Шаңга бөлөйт бул майрамды ханыша,
Келгилечи бул жомокко көчөлү.
Балдар бийлеп айланат,
Кооз бизде айлана.
Аттап кирип босогону,
Көп кишилер байланат.
Мейли жарык өчөбү,
Таппай калып көчөнү.
Биздин үйгө кирип сен,
Көрүп кет өзгөчөлүү.
Ар дайым ырдайлы чыгыш ырларын, түбөлүккө.
Сурайт элдер даректерди,
“Жомок дүйнө бар экенби?”, -деп.
Көтөргүлө каректерди, издеп бизге жет.
Билбегендер сурап калат “орун тар экенби?”, -деп,
“Жолу бар экенби?”, -деп.
Сурайт элдер даректерди,
“Жомок дүйнө бар экенби?”, -деп.
Көтөргүлө каректерди, издеп бизге жет.
Билбегендер сурап калат “орун бар экенби?”, -деп,
“Жолу бар экенби?”, -деп.
Биздин эл ынтымакта, өмүрдүн балын татышат,
Эгерде сен маанайың жок жалгыз калсаң.
Кош келгин биздин чыгыш жомокко!
Сөзү : Кайрат Пиримбердиевдики
Обону : Кайрат Пиримбердиевдики
Сенсиз өткөн күндөрүм мен үчүн жарыгы жок,
Сезилет сен жок болсоң жүрөгүмдүн жарымы жок.
Себебин айтчы жаным жазаладың жазыгы жок,
Калдым го гүлдөй соолуп күн тийбеген азыгы жок.
Сен дагы мени сагындыңбы деги айтчы?
Жаралуу жүрөгүмдүн ачуусун бир жазчы.
Дүйнөдө сени мендей сүйгөн бир адам барбы?
Сен деле мени сүйгөндөй сүйбөйсүң эч бир жанды.
Башталып, аягына жетпей калган кайран сүйүү.
Дале угулат кулагыма сүйөм деген сөздөрүң.
Алыстасың, жаным эстедиңби өткөн күндү?
А мен болсо сенден эч качан үзбөймүн үмүтүмдү.
Кечирчи ардагым, сени кармай албадым.
Ансыз деле ачуу сүйүүнүн азабын тартамын.
Жазчы же чалчы, айтып койчу дарегиңди.
Ишенип мен күтөйүн кайра кайтып келериңди.
Кайырма:
Сен дагы мени сагынганда,
Канатсыз учкуң келеби?
А мен өзүңдү сагынганда,
Жолуңду карай беремин.
Кусалык жүрөгүмө толуп,
Ансайын сүйүп өзүңдү.
Үнүңдү жылажындай тунук,
Эстеймин жылуу сөзүңдү.
Эмнегедир жакшы көргөн гүлдөрүңдү ала берем,
Гүлдөрүм терезеде кургап дайым кала берет.
Экөөбүз жакшы көргөн жерлерге бара берем,
Элесиң эстеп алып ырларымды жаза берем.
Сен болдуң менин түгөнбөгөн ыр булагым жаным.
Кайрылып келсең айтып берем арманымдын баарын.
Жазып же чалып койчу, айтып койчу дарегиңди.
Ишенип мен күтөйүн кайра мага келериңди.
Кайырма:
Сенсиз өткөн күндөрүм мен үчүн жарыгы жок,
Сезилет сен жок болсоң жүрөгүмдүн жарымы жок.
Жазчы же чалчы, айтып койчу дарегиңди.
Ишенип мен күтөйүн кайра кайтып келериңди.
Сөзү : Бегиштики
Обону : Аман Бержибаевдики
Келчи досум чыгыш бий сен бийлегин,
Бирге бийлеп кайгыны сен билбегин.
Эгер тоскоол болсо нота тийбегин,
Бул чыгарма сууруп чыгат жыланды да ийиндеги.
Мейли чечилсин жылуу кийимдериң,
Ачык болсун кооз денең жана ийиндериң.
Кыймылдагын бат, калтырбастан издериң,
Учсун бийик ала кийим биздеги.
Ар дайым ырдайлы чыгыш ырларын, түбөлүккө,
Кош келгин биздин чыгыш жомокко!
Жомок дүйнөсүнө биз менен чөмүл,
Бизде күлкү толо жана анын жок өлчөмү.
Шаңга бөлөйт бул майрамды ханыша,
Келгилечи бул жомокко көчөлү.
Балдар бийлеп айланат,
Кооз бизде айлана.
Аттап кирип босогону,
Көп кишилер байланат.
Мейли жарык өчөбү,
Таппай калып көчөнү.
Биздин үйгө кирип сен,
Көрүп кет өзгөчөлүү.
Ар дайым ырдайлы чыгыш ырларын, түбөлүккө.
Сурайт элдер даректерди,
“Жомок дүйнө бар экенби?”, -деп.
Көтөргүлө каректерди, издеп бизге жет.
Билбегендер сурап калат “орун тар экенби?”, -деп,
“Жолу бар экенби?”, -деп.
Сурайт элдер даректерди,
“Жомок дүйнө бар экенби?”, -деп.
Көтөргүлө каректерди, издеп бизге жет.
Билбегендер сурап калат “орун бар экенби?”, -деп,
“Жолу бар экенби?”, -деп.
Биздин эл ынтымакта, өмүрдүн балын татышат,
Эгерде сен маанайың жок жалгыз калсаң.
Кош келгин биздин чыгыш жомокко!
Кооз жерде төрөлгөм деп ойлойм ар дайым,
Төрт мезгил мекенимде күз, кыш, жаз, жайы.
Дайым элимдин алаканы жайык,
Жаратканым буюрса берет, баарыбызга нан жайып.
Мен ишенген адамдар бар, алар мага ишенет,
Бир максатты көздөсөк бошонобуз кишенден.
Бийик учуп, бүркүт сымал Ала-Тоонун үстүндө,
Кыргызстаным муктаж салым кошкон ар бир кишиге.
Кайырма:
Бул чыгарма меники, менин энекемдики,
Угармандыкы, сеники.
Бизге кыргыз тил сабагын берген эжекеники
Сөзү менин мекенимдики,
Сөзү менин энекемдики,
Бул жашоонуку, сеники,
Сага кыргыз тил сабагын берген эжекеники,
Сөзү кымбат кыргыз элдики.
Элимдин жаны менен барабар жерге,
Илгери ата-бабаларыбыз келген.
Улутум сүйлөсүн деп эне тил берген,
Урпагы сактасын деп мээнетин арнаган.
Сөз байлыкты баалаган,
Күндөр өттү арадан.
Жер кургап жамгыр төктү,
Дале кыргыз деген бар адам.
Эй, жашайт мейкин ааламда,
Мен да эркин баратам.
Кайырма:
Кыргыз тил сенин тилиң,
Менин тилим, эне тилим,
Жашайт дайым урпактарга берет билим.
Керек тилим сүйлөгөнгө,
Маселени чечкенге, маектешип түшүнүүгө,
Таарынычты кечкенге.
Кеч калба, эч алба, башка тилди биринчи орунга,
Эне тилиңди тиричилик орунда.
Эсиңдеби эне тилиң колуңда,
Сүйлөсө дейм кыргызча борборумда.
Кайырма:
Кыргыз жерге не жетсин?
Кыргыз элге ким жетсин?
Кыргызстанга ким жетсин?
Кыргыздарга ким жетсин?
Алга аттан, бол бат-баттан,
Маани бер көп нерсеге билгин
Душман, душмандан сактан.
Тазалыкты сакта, оор иштен качпа,
Татыктууну макта, бизди кудайым сакта.
Кыргыз өзүңдү сатпа, көр азабын тартпа,
Үйдө кечке жатпа, бил куранды жатка,
Өз элиңди атпа, кайрылбагын артка,
Келечекти баркта, оор, татаал убакта,
Берилбегин калпка,
Жакшы кепке кулак сал,
Өйдөдөн караба жашка,
Жардам аяба карыга,
Жарашсын ишиң алыңа.
Сүйгөн жумушуңду жаса,
Жаксын ал жаныңа.
Кайырма:
Кыргыз жерге не жетсин?
Таза суу, таза аба.
Кыргыз элге ким жетсин?
Ак көңүл адамдар.
Кыргызстанга ким жетсин?
Бул биздин мекен.
Кыргыздарга ким жетсин?
Элим бол бекем.
Өркүндөсүн мамлекет,
Жоголсун бүт балакет.
Кыймылдасын калкыбыз,
Жасап кыймыл аракет.
Кыргызым эч өчпөсүн,
Жаркырап жанып турсун.
Душман аттап өтпөсүн,
Багытын нары бурсун.
Досуна кыргыз жоош,
Душманга кыргыз жоо.
Айырма жок, Бишкек-Ош,
Бөлүнбө кыргыз бирге бол.
Түшүндүр, көтөрбө кол,
Сүйлөгөнгө бар бир ооз,
Тегерене курчап тоо,
Жерибиз бар абдан кооз.
Көп улутту батырган,
Шаарыбыз бар абдан кооз,
Ал Бишкек 312, ар дайым иште.
Билегибиз жоон, бирок
Жаман ой жок бизде.
Бул Кыргызстан 312
Кош, келгиле!
|