|
Ээ,ий, тентиген элди жыйнадың,
Темирден кана найза ыргадың.
Телбирген жетим-жесирди,
Тегизге бөлөп сыйлалың.
Теңирим,оо, Манас сени мен,
Термелеп жүрүп ырдадым.
Дил болгон гана элди жыйнадың,
Куш канат найзаң,оо, ыргадың.
Куураган жетим-жесирди,
Кутуртуп канча сыйладың.
Куну жок, оо, Манас сени мен,
Кубалап гана жүрүп ырдадым.
Кыргызды белге туу кылдың,
Кымызды чылап уу кылдың.
Кысталак Манса кээбирде,
Кытайга чейин чуу кылдың.
Кыйшайтпай, оо, бирок сөзүңдү,
Мен кылымга жетер гана дуу кылдым.
Санатты гана кылсаң, ээ, ий, сен кылдың,
Сайышкан жооңо тең кылдың.
Сай-сайлап жүргөн кыргыздын,
Санаасын басып эл кылдың.
Сан болсоң, ой, сансыз болгон деп,
Санаттын гана баарын мен кылдым.
Урушту гана кылсаң, ий, сен кылдың,
Ушташкан,оо, жоого тең кылдың.
Уруудан жыйнап уютуп.
Улуу кан журтту эл кылдың,
Улук болсоң, ой, устум болгон деп.
Укмуштун баарын,эй, мен кылдым.
Сөзү : Шайлообек Дүйшеевдики
Обону : Э.Иманалиевдики
Жамалы белең берметтин,
Жабыркап жүрөк дегдеттиң.
Кароосуз калган кайыктай,
Кайыр кош, жаным, сен кеттиң.
Кайырма:
Карап, карап, кайрадан сени самап,
Күттүм, күттүм, күттүм,
Жан биргем, жалгыздыктан жадап бүттүм.
Көпөлөк гүлгө коно албай,
Көңүлүм сыздап, толо албай.
Серпилип жүрөк кыйналды,
Сендейлер сендей боло албай.
Кайырма:
Кош дегим келбейт, кош дегим,
Козгобо, бөлөк жок кебим.
Кайгырсам, жалгыз, аргам жок,
Кош дешер жарым жок менин.
Кайырма:
Карап, карап, кайрадан сени самап,
Күттүм, күттүм, күттүм,
Жалжалым, жагыздыктан жадап бүттүм.
Сөзү : Ж.Алымовдуку
Обону : Р.Абдыкадыровдуку
Элесиңди карап турсам сүрөттөн,
Эске түшөт көлдүн жээги гүл өскөн.
Эсиңдеби кечиндеги сырдашуу,
Сууруп чыгып таттуу сөздү жүрөктөн.
Жүрөгүмдө сүйүү турса чыдатпай,
Жүзүң жарык балбылдаган чырактай.
Суктандырдың, суусаттырдың кайрадан,
Эзелтеден бирге жүргөн ынактай.
Сансыз жылдыз бизди гана карашып,
Сени менден, мени сенден талашып.
Ойноп-күлүп көпкө жүрдүк, жаркыным,
Кеткичекти аппак болуп таң атып.
Сөзү : Ормонбек Асановдуку
Обону : Бектемир Эгинчиевдики
Бешенең Чолпон жангандай,
Беш үркөр чыга калгандай.
Жаркылдап күлсөң кайрылып,
Айнагүл, жайкы таң супа салгандай.
Көздөрүң каухар жангандай,
Көңүлдү тартып алгандай.
Жаштыктын жыпар гүлүсүң,
Айнагүл, жыттаса кумар кангандай.
Айнагүл, бир гана сенсиң сүйгөнүм.
Сөзү : Ашыралы Айталиевдики
Обону : Ашыралы Айталиевдики
Жаш элек шайыр шаттанган,
Алыска сапар аттанган.
Кыймылдап поезд баратса,
Кылгырып көздөн жаш тамган.
Жөнөдүм Нарын калаага,
Ынагым сенсиң садага.
Жүзүмдөй бышкан мөлтүрөп,
Жүзүңдөн жаным садага.
Бир букет гүлдү сунаарда,
Күйүттүү күнгө капталгам.
Саламат баргын агай деп,
Узатып калдың вокзалдан.
Ойлосом болот көңүл шат,
Жолуксак деймин кайра бат.
Театр ачып жатканда,
Нарындан жазган салам кат.
Сөзү : Токтогул Сатылгановдуку
Обону : Бектемир Эгинчиевдики
Атка салган дилдейсиң,
Ачылган кызыл гүлдөйсүң.
Бир күн оору, бир күн соо,
Алымкан, азабың тартсам билбейсиң.
Бетегелүү майданым,
Пейли жакшы жайдарым.
Көлөкөлүү майданым,
Көөнү жакшы жайдарым.
Кашкардын тоосу кайрылыш,
Кайрылып учат улуу куш.
Кайрылып мага келе кет,
Алымкан, карыпка салбай кыйын иш.
Токтогул черткен "Жаш кыял",
Тыңдасаң боло, Алымкан.
Ак шайы жоолук колго алып,
Булгасаң боло, Алымкан.
Аз күнчөлүк өмүрдө,
Жыргасаң боло, Алымкан.
Сөзү : Карамолдо Орозовдуку
Обону : Карамолдо Орозовдуку
Сөзү : Атай Огонбаевдики
Обону : Атай Огонбаевдики
Күйдүм, күйдүм, күйдүм чок,
Күйдүм десем түтүн жок.
Жүрөгүмдүн башында,
Жүгөрүдөй бүтүн жок.
Кан-Жайлоо деген бийик бел,
Кар жааса согот муздак жел.
Кайырма жака, кара көз,
Кадырды билсең өзүң кел.
Ак теректей бүрдөнүп,
Жүрөсүң ак жоолук салып түрдөнүп.
Айласын таап жете албай,
А мен жүрөм,
Адашкан тайлак өңдөнүп.
Боз теректей бүрдөнүп,
Жүрөсүң боз жоолук салып түрлөнүп.
Болжолун таап жете албай,
Мен жүрөм,
Боздогон тайлак өңдөнүп.
Сөзү : Сыртпайдын ыры
Обону : Сыртпайдын ыры
Сөзү : Элдики
Обону : Элдики
Сөзү : Н.Абдрахмановдуку
Обону : Н.Абдрахмановдуку
Болсоң эгер менин жарым,
Болбос эле эч арманым.
Элесиңди унута албай,
Эсимде сенсиң ар дайым.
Кааладым өзүңдү,
Карагат көзүңдү.
Кайрылчы, жаш селки,
Калчабай сезимди.
Сезим куштун канаттары,
Сен деп какты, эч талбады.
Алгач түшкөн жолдорубуз,
Айрылуу болор ары жагы.
Алоолоп жага албай,
Каранып кала албай.
Арга жок жүрөмүн,
Айламды таба албай.
Сөзү : Абдыкалый Темировдуку
Обону : Абдыкалый Темировдуку
Ак маңдай келин, мен сага,
Арнаймын ушул ырымды.
Ар дайым айтам өзүңө,
Ичимде терең сырымды.
Аркаңа салган эки өрүм,
Маңдайдан типтик бөлүнгөн.
Ай чырайлуу, нур жүздүү,
Адамга сүйкүм көрүнгөн.
Айбы, Күнбү, Чолпонбу
Балбылдап күйгөн эки көз.
Адамды тарткан өзүнө
"Агай" деп айткан сылык сөз.
Сөзү : Саид Бекмуратовдуку
Обону : Саид Бекмуратовдуку
Сөзү : Муса Баетовдуку
Обону : Муса Баетовдуку
Сагынам сени ойлонуп,
Санадым эстеп кадырың.
Кайсы эле күнү өчүрөм,
Жүрөктүн күйгөн жалынын?
Аттандым алыс эртеси,
Алтыным мында келсечи.
Айлыңда жүрөт булбулу,
Акындын сүйгөн эркеси.
Ар кимдин ойлойт сүйгөнүн,
Алтыным аман жүрөбү?
Аралаш ойноп бир жүргөн,
Акындын сүйгөн чүрөгү.
Сөзү : Элдики
Обону : Элдики
Сары-Ойдун салкын тоосунан,
Сагызган учат зоосунан.
Санаама салып издесем,
Кантейин, табалбай койдум ордуңдан.
Көк-Ойдун көркөм тоосунан,
Көгүчкөн учат зоосунан.
Көңүлгө алып издесем,
Кантейин, көрө албай койдум ордуңдан.
Салкындуу жерге Сары-Ойго,
Сагызган учуп конбойбу.
Зарлантып мени койгончо,
Кантейин, санаалаш болсоң болбойбу?
Сөзү : Жусуп Турусбековдуку
Обону : Атай Огонбаевдики
Жайдын бир толук кезинде,
Адырлуу тоонун бетинде.
Сан гүлдөн тандап бирди үзгөн,
Жайдары селки эсимде.
Өзүмдү сага берем деп,
Өмүрдүн гүлүн терем деп.
Сүйлөшкөн күндөр эсимде,
Турмуштун сыры тереңдеп.
Агарып тоодон таң аткан,
Суюлуп жылдыз бараткан.
Антташкан күндөр эсимде,
Кыйышпай күлө карашкан.
|