|
Сөзү : Аалы Токомбаевдики
Обону : Асанкалый Керимбаевдики
Сүт эмген бала жыттанган, илебиңди сагындым,
Мойнумду сылап артылган, билегиңди сагындым.
Талпынсам таппайм айласын,
Талаада калган өңдөнөм,
Таалайым Мунар, кайдасың?
Кучактап турсам туйлаган, жүрөгүңдү сагындым,
Эңкейсең эрке чайпалган, күбөгүңдү сагындым.
Муңаям таппай айласын,
Муңканып жалгыз отурам,
Муңдашым Мунар, кайдасың?
Балбылдап карап оштонуп, күлгөнүңдү сагындым,
Керүүдөн чыккан маралдай, жүргөнүңдү сагындым.
Талпынам таппайм айласын,
Таң атат дагы күн батат,
Тагдырым Мунар, кайдасың?
Гүл бурак жийде жыттанган, илебиңди сагындым,
Мойнума жумшак оролгон, билегиңди сагындым.
Көксөймүн таппай айласын,
Көңүлгө тете кылайын,
Түшкө кир, Мунар, кайдасың?
Сөзү : Омор Султановдуку
Обону : Асанкалый Керимбаевдики
Ак булут тоодо калкылдап,
Айдалып барат шамалга.
Булутка окшоп мен дагы,
Буулугуп жылам сен жакка.
Булутка окшоп мен дагы,
Буулугуп жылам сен жакка.
Тыңшасам мезгил шоокумун,
Кылымдын доошу угулат.
Жылт этип жарык из салып,
Жылдызым учат зуулдап.
Жылдызым менин өчпөгөн,
Маңдайга нурун таратып.
Өзүңдү ойлоп турамын,
Өмүрдөн өтүп баратып.
Сөзү : Абды Сатаровдуку
Обону : Текебай Мураталиевдики
Ай, кез эле да калган таң атып,
Оо, кездештик да жолдо баратып, эй.
Керме каш сулуу беш көкүл,
Олдо, кыялымда жаратып, эй.
Өтсө экен аа, деймин өмүрүм,
Олдо, өзүңө эле өзүм жанашып.
Эй, артыңдан барсам бакчага, эй,
Оо, артылып да алып башкага, эй.
Жалынып сүйлөп жатыпсың,
Олдо, жактырбай сени жатса да, эй.
Сүйүүнүн эй күчү керемет,
Олдо, жалынтат тура, ий, башкага.
Эй, кыраңдай Акин кымча бел,
Оо, кынама да, толдуң көңүл бөл, эй.
Арамзанын белинде анда,
Ашуулап, жайлап биздин эл, эй.
Кымбатым эй, сенден сурарым.
Олдо, кыйып кетпей, ий, мендей көр.
Кымбатым сенден сурарым.
Олдо, кымбатым Акин кыйбай жүр.
Жайдагы гүлдөр соолуп, көңүл сыздап,
Жан-жактан салкын тартып, аба муздап.
Күркүрөп-шаркырабай бир калыпта,
Күзгү жаан жалбыракты жатат туздап.
А балким, убакыттар өлгөн бөөдө,
Көчөгө чатыр кармап чыгам кээде.
Жаркыным, бүгүн дагы келбейсиңби?
Жапжалгыз телмиремин терезеде.
Андагы гүлдөр өчүп, аба сууган,
Булуттар ойкуп-кайкып шамал кууган.
Жайдары көргөнсүймүн элесиңди,
Жаркырак терезеде жамгыр жууган.
Булбулдар таңшып шагында,
Булактын бастык жанында.
Татына жүздүн шооласы,
Таралып турду канымда.
Айрыкча сулуу сезилди,
Ажайып жайдын,
Агарган жайдын таңында.
Көңүлдүн сүйгөн ардагы,
Көз караш сонун андагы.
Элесиң улам жарк этсе,
Эргиди сезим кандагы.
Жайнаган чолпон белемсиң,
Жарыгын чачкан таңдагы.
Түшүмдө мейли, өңүмдө,
Түспөлүң турат көңүлдө.
Оргуштап жаштык махабат,
Ойлорум өзүң жөнүндө
Алдыга карай үндөгөн,
Ак шоола болдуң өмүргө.
Сөзү : Ш.Молдокеевдики
Обону : Асанкалый Керимбаевдики
Көл түбүндө эл жашаган жер калып,
Көркү анын унутулбас ырдалып.
Көп издээрбиз балалыктын элесин,
Көп кыз-жигит көл үстүндө көк кайыкчан ыргалып.
Кылаасынан сансыз жылдыз жаркырар,
Кыялымда кылым күүсү тартылат.
Тоолук жаштар, кайыгыңды токтотуп,
Тоолук элдин күүлөрүнөн калпып ал, ырларынан калпып ал.
Толкуп-ташкан чоң Нарын да буулду,
Кетенчиктеп кайра артка бурулду.
Токчулукка суусун болгон деңиздин,
Толкун күүсү тоодон ашып угулду, бүткүл элге угулду.
Каректен нуруң төгүлүп,
Кат-каттап оюм бөлүнүп.
Кайгыга салып, карындаш,
Мен картайган кезде көрүнүп.
Ууртуңдан күлкүң төгүлүп,
Удургуйт санаа бөлүнүп.
Убайга салдың, карындаш,
Мен улгайган кезде көрүнүп.
Убайга салдың агаңды,
Мен улгайган кезде көрүнүп.
Мекендеп чыкчу кайберен,
Мелжиген бийик жай белең?
Мезгилсиз кезде жолуктуң,
Мен боз жигит кезде кайда элең?
Мээнетиң алып жүрөйүн,
Мен боз жигит кайда элең?
Болумуң толгон ай белең?
Болжошкон бийик жай белең?
Бой тумар сындуу периштем,
Мен боз улан кезде кайда элең?
Кара-Көлдүн кыздары жылдыз маңдай,
Көздөрүн көр жымыңдашкан жылдыздардай.
Жүрөгүмө түнөтүп бир сулуусун,
Жүрөмүн кыялымда алыстабай.
Жээгинде дайранын шарпылдаган,
Күлгөнүңдү сагындым мен шаңкылдаган.
Чыгып барып аскага тизгениңди,
Жылдыз кармап колуң жаркылдаган.
Сырдап жаткан үйлөрдү алтын менен,
Сыйда, назик колдоруң алтын беле?
Сыймактанат элиң да, куруучу кыз,
Сенин атың эмгегиң, даңкың менен.
Эңсейм сени көңүлүмө ырыс толуп,
Эңсейм сени көздөрүмө жылдыз конуп.
Мени өзүңө чакырчы, сыйкырлачы,
Учуп түндө жетейин жылдыз болуп.
Биз жүргөн айлуу түн кайда?
Биз үзгөн жыпар гүл кайда?
Көзүңдөн секет болоюн,
Көрүнүп койчу бир кайра?!
Жашыл бак, жайдын кечи эле,
Жанаша баскан кез эле.
Тамаша кыял сөз айтсам,
Таарына түштүң тез эле.
Кыялдын минип кемесин,
Кыйналдым, качан келесиң?
Кыйнаган менин жанымды,
Кымбаттуум, кандай немесиң?
Кыялым чертип түркүн күү,
Сен карап койсоң сүйкүмдүү.
Тымызын ичим тызылдап,
Сагындым сенин күлкүңдү.
Сөзү : Шайлообек Дүйшеевдики
Жар көчкөн өңдүү бүт жерден,
Жан кишим калбай күткөнгө.
Жаралбай койсом негедир,
Жалгыздык башка түшкөндөй.
Баркыңды калың эл көрөт,
Башыңды кара жер көмөт.
Басмайыл тартар иниң жок,
Басынып турсаң тең бөлөр.
Баткан күн аткан таңга маал,
Балдарың калар, жар калар.
Дүңгүрөп турган атың жок,
Дүнүйөң түшкүр, ал калар.
Сөзүмдү ташып алыска,
Сөз кылар кас да калыстай.
Ырларың ыйга айланар,
Айланар достор таанышка.
Жакшы жан элең аялуу,
Жакшыны качан аядың?
Боз шыбак баскан мүрзөңдү,
Боздотуп турар караңгы.
Сөзү : Бактияр Токторовдуку
Обону : Бактияр Токторовдуку
Биз жолуктук, билбейм, качан үмүтүм,
Бийлеп алдың жүрөк эркин сен бүтүн.
Бир өзүңө жолукканга бир жолу эмес,
Тагдырга миң ырахмат.
Бизди кошкон өмүр бою,
Ошол бейпил түн үчүн.
Мен өмүрдө далай жолу ыйладым,
Мээрим издеп, өзүмдү-өзүм кыйнадым.
Жолукканда көзүң карап ошол күнү,
Эң биринчи өзүңө.
Көңүл дегдеп, жүрөк толкуп көлкүлдөдүм,
Көөдөнүмө сыйбадым.
Ошондогу сулуулугу, эй, дүйнөнүн!
Мен Жер шаарын бүт айланып жүргөнмүн.
Кайырма:
Билбесем да бар экенин
Бул дүйнөдө ак сүйүү.
Бир өзүңө эрте-кечтир
Жолугарым билгенмин.
Сөзү : Бактияр Токторовдуку
Обону : Бактияр Токторовдуку
Жагымдуу жанга, музыка шанга, бөлөнүп кечки бульвар,
Жаштыктын оту, жалындап кайра, эс алат жигит-кыздар.
Ойлонуп эмнени олтурат жалгыз сулуу,
Көңүлү барбай, кошула албай бул күндүн майрамына.
Кабылды бекен, жеңил ой менен, жаштыктын ыргагына,
Кыйналды неге ыйлады неге чыдабай ызасына.
Көзүнөн тамчы, куюлуп мөлтүр жашы,
Көңүлдүн жазы, айланып жатты кайгынын муздарына.
Токтобой дагы, музыка шаңы жаңырат жандуу ырлар,
Ээрчише басып, махабат жаштык, жүрүшөт жигит-кыздар.
Сөзү жок желдин, узатып демин сооротуп сылагандай,
Ал сулуу кызга эркелеп жатты, курбусу кечки бульвар.
Сөзү : С.Бейшекеевдики
Обону : С.Бейшекеевдики
Көк көйнөк кийсең, көңүлүм сага бөлүнөт,
Көркөмүң мага күн нуру болуп төгүлөт.
Көңүлүм чындап бурулуп калды, көлдүк кыз,
Көңүлдө сырым, көксөгөн муңум угуңуз.
Көңүлүм чындап бурулуп калды, көлдүк кыз,
Көксөгөн муңум, жүрөктө сырым угуңуз.
Ак көйнөк кийсең, акылым сага бөлүнөт,
Ажарың мага ай нуру болуп төгүлөт.
Ашыкмын дагы, ашыктым сизге, көлдүк кыз,
Атайын менин арнаган ырым угуңуз.
Ашыкмын дагы, ашыкмын чындап, көлдүк кыз,
Атайын сизге арнаган ырым угуңуз.
Кызылды кийсең, кыялым сага бөлүнөт,
Кылыгың мага кызгалдак болуп көрүнөт.
Кымбатым менин, көлдүк кыз, ырым угуңуз,
Кылымдар бою бүтпөсө экен ырыбыз.
Кымбатым менин, көлдүк кыз, ырым угуңуз,
Кылымдар бою бүтпөсүн ушул ырыбыз.
Кат жазчы мага,
Аз калган биздин өмүрдө.
Дил бурак арнап,
Токтонуп калган көңүлгө.
Мен күлсөм күлүп,
Кайгырсам кошо кайгырган.
Мен өчпөй, өчпөс,
Бир жарык жылдыз жөнүндө.
Кайырма:
Кат жазчы мага,
Билдирип аман барыңды.
Адамдар курчап,
Агылган жолдо жалгызмын.
Ак желек тагып,
Ар күнү сагыныч жөнөткөн,
Айнектей тунук сүйүүнү кайда калтырдың?
Кат жазчы мага,
Негедир абдан кусамын.
Канча жыл өттү,
А сенден дарек укпадым.
Канча бир түндөр
Кабарын бербей койду деп,
Таарынып жатып,
Сагынып жатып уктадым.
Кайырма:
Кат жазчы мага,
Жолукпа, бирок бүлүнүп.
Кат менен келсе кабарың – ошол сүйүнүч.
Катыңды жыттап,
Жарк этип жайнап алармын,
Өзүңсүз жылдар өтүштү мени үшүтүп.
Кат жазчы мага,
Кусадар күндөн ал сурап.
Кут болуп катың жанымда жүрсүн ар убак.
Жообумду жазам,
Жөнөтчү дагы жаңы кат,
Сезимдер үчүн, көңүлдөр үчүн жаркырап.
Жүрөгү дитин берип самаганды,
Теңебейм тирүүлүктө сага жанды.
Болсо да кыялымдан чагылдырам,
Теңдешсиз сүйүүдөгү даражамды.
Кайырма:
Сен азыр жемиш багы мөмөсү бар,
Сен азыр Ак-куу болдуң жөжөсү бар.
Сен азыр капкалуу шаар мен кире албас,
Сен азыр тамырлаган укмуш жылың .
Коболгон тоскоол күчөп багымдары,
Көз жеткен кетериңе жалынбадым.
Туш болуп аз өмүрдөн зор бакытка,
От болуп татаал жолдон жалындадым.
Кайырма:
|