|
Сөзү : Бердибек Жамгырчиевдки
Обону : А.Сыдыкованыкы
Жан дүйнөбүз ал кезде тоолуу шаң эле,
Ар бир баскан жолубуз жарык таң эле.
Күйүтү жок балалык төгүп мээримин,
Күлкүбүздө канаттуу кайрык бар эле.
Кайырма:
Биздин балалык кетти кайдадыр шашып,
Жазда кусалык турат жүрөккө батып.
Эске түшөт ал учур жаздын ирмеминдей,
Кайра бизди чакырып бакытка,
Кайра бизди жетелеп бакытка.
Мезгил шашып токтобой учуп убакыт,
Мээрим төккөн бала чак кетти кыр ашып.
Баткан күндүн нурундай калды кол булгап,
Балалыктын ирмемин алыс узатып.
Кайырма:
Күн шооласын жерге чачып,
Айылымдын шаңын ачып.
Достор менен жолугушсам,
Кайгы-капа кетет качып.
Өтө тунук суулар агат,
Шылдыр үндүү обон салат.
Жылдыз толсо көк асманга,
Жымыңдашып күйүп-жанат.
Кайырма:
Айыл кечи керемет,
Ак булуттан тунук жамгыр себелеп.
Айыл кечи керемет,
Бейпил жашоо булагы тереңдеп.
Көчө бойлоп күлүп-жайнап,
Кыздар өтөт кылыктанып.
Гүл бакчада булбул сайрап,
Айылымдын көркүн ачып.
Күүгүм кирсе айланага,
Көчө карап кайра-кайра.
Кыздар күтөт жигиттерин,
Кубанычы жетип айга.
Кайырма:
Термелгенде бак-дарактар,
Теребелди козгоп салат.
Жалындаган биздин жашта,
Алоолонуп күйүп-жанат.
Табигаттын атыр жыттуу,
Абасына моокум канбай.
Айылымдын сулуулугу,
Карай берем көзүм талбай.
Кайырма:
Сөзү : Ш.Бөрүкуловдуку
Обону : И.Абдыразаковдуку
Билбей кабылдым ай,
Жомоктогу кызга.
Жандап басып өтсөм,
Калды жүрөк сыздай
Кайырма:
Ачылган кызыл гүлдөйсүң,
Азгырып назик сүйлөйсүң.
Ашыккан сага жүрөгүм,
Айттырбай неге билбейсиң?
Сезбей карындаш ай,
Кыйнадыңго мени,
Кантип багындырам,
Жүрөгүңдү сенин?
Кайырма:
Бактылуумун мен, бакытымсың сен
Бир келген сезим өчпөсө экен
Дүйнө сен менен, көз жеткис кенен
Бул аруу сезим көктөсө экен
Кайырма:
Сүйүү, биздин сүйүү
Күнгө канат сермейт
Жүрөгүм менин
Жалгыз сен гана дейт
Сүйүү, биздин сүйүү
Кыялдарга термейт
Жүрөгүм менин
Жалгыз сен дейт
Жүрөсүң жандай, жашообуз балдай Жарыгым сен кымбатсың кандай
Асыл бир жандай, ак жарык таңдай Ардагым сен кымбатсың кандай
Кайырма:
Сүйүү, биздин сүйүү
Күнгө канат сермейт
Жүрөгүм менин
Жалгыз сен гана дейт
Сүйүү, биздин сүйүү
Кыялдарга термейт
Жүрөгүм менин
Жалгыз сен дейт
Сөзү : Шахназар Бөрүкуловдуку
Обону : Ильяз Абдыразаковдуку
Назданып басып, тоготпой бой саласың,
Сүйлөсөм укпай, кыялданып качасың.
Сулуусуң айдай, нур жүздүү чырайың бар,
Суусаткан жүрөк сүйлөсөң сөздөрүң бал.
Кайырма:
Ичтеги сезимди жашырбай айтайын,
Ирмелтип көздөрүң, жанымдан качпагын.
Жаралган тунук жүрөктөгү сүйүүмдү,
Сага арнайын.
Кыйнабай мени, аячы көңүлүмдү,
Кыялбай сени, сан ойго бөлүндүмбү?
Кымбатым болуп жашайсың кыялымда,
Кыялбай сени, айланып жыргалыма.
Кайырма:
Кыздар неге мынча назик болушат,
Беттерине атыр, упа коюшат
Көргөн жерде жигиттерге көз салып,
Жүрөктөргө чок салышып коюшат.
Кайырма:
Оой, кыздар
Мынча назик, мынча сулуу болушат
Сүрдөнүшүп болоор-болбос сөз үчүн
Жигиттерди неге мынча кыйнашат.
Кыздар неге мынча наздуу болушат,
Каштарына кара калем коюшат.
Эгер жигит сүйөмүн деп сөз айтса,
Көпөлөктөй көтөрүлүп коюшат
Кайырма:
Кыздар неге мынча наздуу болушат,
Каштарына кара калем коюшат.
Эгер жигит сүйөмүн деп сөз айтса,
Кылыктанып жылмайышып коюшат
Сезимибиз болсун жанган жылдыздай,
Өчпөй жанып жалындасын дайыма
Улуу тоодой бийик болуп махабат,
Жүрөлүчү бирге жаным айрылбай.
Кайырма:
Сүйүү жарык, сүйүү бакыт
Сезимимди жашарткан сүйүү жомок, жүрөгүмдө
Жан дүйнөмдү тазарткан
Жаштык кездер өтөөр кетээр билинбей,
Жакшы сезим мага калат сезилбей.
Кайгырбайлы түгөнбөсүн тирүүлүк
Күн бүткөнчө жүрөлүчү бөлүнбөй
Кайырма:
And now, the end is near;
And so I face the final curtain.
My friend, I'll say it clear,
I'll state my case, of which I'm
certain.
I've lived a life that's full.
I've traveled each and ev'ry highway;
But more, much more than this,
I did it my way.
Regrets, I've had a few;
But then again, too few
to mention.
I did what I had to do
And saw it through without
exemption.
I planned each charted course;
Each careful step along
the byway,
But more, much more than this,
I did it my way.
Yes, there were times, I'm sure you knew
When I bit off more than I could chew.
But through it all, when there was
doubt,
I ate it up and spit it out.
I faced it all and I stood tall;
And did it my way.
I've loved, I've laughed and cried.
I've had my fill; my share of
losing.
And now, as tears subside,
I find it all so amusing.
To think I did all that;
And may I say -
not in a shy way,
"No, oh no not me,
I did it my way".
For what is a man, what has he got?
If not himself, then he has naught.
To say the things he truly feels;
And not the words of one who kneels.
The record shows
I took the blows -
And did it my way!
Меня так сильно греет лишь твой взгляд,
Твои глаза, улыбка и слова о любви.
Я понимаю, как мне повезло
И быть всегда нам вместе суждено, ты пойми.
Кайырма:
Во сне я вижу лишь тебя,
Ты шепчешься со мной любя
И говоришь что любишь ты меня.
А зеркало моей души покажет мир большой любви,
Мы будем там лишь только я и ты.
С тобой вдвоём мы в этом мире, слышишь?
Лишь с тобой вдвоём.
С тобой вдвоём гуляем мы по миру, лишь с тобой вдвоём.
Упадёт звезда в мою ладонь,
Разожжёт своим теплом любви огонь.
И в страну безоблачной весны,
Мы летим на крыльях ветра я и ты.
Усталый день пройдёт, наступит ночь,
Наполнит ароматом сладких грёз мои мечты.
Я верю, что однажды на заре
Услышу нежный голос в тишине,
Это будешь ты...
Кайырма:
Күн батып тоо артына,
Күлмүңдөп жашына.
Карачы кандай сонун,
Кечкиси Кочкорумда!
Кайырма:
Ай чыгып, жылдыз толуп,
Багына куштар конуп.
Шаттанып көчөлөрү,
Жаштыктын ыры толуп.
Жаркырап Кочкор кечи,
Жалындап бизге келчи.
Шаттанып көчөлөрү,
Жаштыктын сүйүү кенчи.
Оттору жарык чачып,
Көркүнө көркүн ачып.
Кечкисин суктанамын,
Аралап жайдан басып.
Кайырма:
Айдай сулуу айымдар,
Агын болуп бул ырлар,
Силер үчүн, айымдар.
Чырай жүздүү айымдар,
Силер жашоо жалыны,
Чексиз күчүң, айымдар.
Жадыраган жан дүйнөм,
От чачат чексиз.
Нуруң төгүп жүзүңөн,
Баркың кол жеткис.
Кайырма:
Аяна - айымдардын эң назик периси,
Аяна - бакыттын белгиси.
Аяна - жадыраган менин жан садагам,
Аяна, берекем, Аяна.
Толкун жашоо шарында,
Таазим кылам айымга,
Таң булбулу - айымдар.
Эне болуп балага,
Дары болуп жарага,
Аман болсун айымдар.
Балбылдаган көздөрүң,
Жымыңдап сулуу.
Бал жыттанган сөздөрүң, Баарынан улуу.
Кайырма:
Аппак, аппак таң,
Айлуу түндө маанайым ачкан,
Өзүңдү ойлоп өмүрүмдүн тынчтыгы качкан.
Арзуум албууттап ашыгып, жаным, сени тапкам.
Айтчы, алтыным, жамалың кайда нурун чачкан?
Кайырма:
Таңдагы сулуу жан белең,
Табышмактуу жан дүйнөң менен.
Таттуу сүйүүнүн,
Даамын татчы, перим, мени менен.
Тумарым болчу, туздуу жаштан мени сактаган,
Туурума кончу, түбөлүктүү сүйүүм арнасам.
Жалынып сага өмүрүмдү арнайм өзүңө,
Жылуу сүйлөсөң жылынамын сенин сөзүңө.
Кайырма:
Көзүмдөн учуп элесиң,
Көңүлдү бийлеп келесиң.
Жабыркап жалгыз жүргөндү,
Жарыгым качан сезесиң?
Кайдасың азыр кайдасың?
Тагдырдан тапкан табылгам.
Кылчая карап өткөнгө,
Сагынам сени сагынам.
Өчүрүп көңүл арманы,
Ак сүйүүм келет арнагым.
Жылт этип мага көрүнчү,
Жылдыздуум менин ардагым.
Кайырма:
|