|
|
Түшүмө кирдиң түндө,
Күмүш жал чабдар атчан.
Алыпсың бир аз жүдөп,
Чачыңды буурул баскан.
Болдубу алда неме,
Жүдөдүң анча неге?
Аттиң, ай, жашайт тура,
Беш миң жыл арча деле.
Мүмкүн, сен болот элең,
Абышка аппак сакал.
Ызаттап, калк кадырлап,
Ар сөзүң болуп макал.
Уулуңдун уулун көрүп,
Турбадың мээрим төгүп.
Ошону эстегенде,
Чиркин, ай, жүрөктү өйүп.
Түшүмө кирчи дагы,
Кайраттуу, мурункудай.
Жүрөктө жүрчү дайым,
Эч качан унутулбай.
Сага арнап, сени эскерип,
Эч нерсе жасай албайм.
Тек гана жүрөм эстеп,
Атаке, атакебай.
Атакем, ай, акыл айтып чоңойттуң,
Ыйлап ийсем шашып кетип соороттуң.
Эми сизге ак тилегим билгизем, атакем,
Бакытын көр эң бактылуу жомоктун,
Таалайын көр эң таалайлуу жомоктун.
Кудай колдоп аткарылсын оюңуз,
Каалаарыбыз дагы көпкө толуңуз.
Куттуу үйдүн кубанычын арттырып, атакем,
Эл ичинде эсен-аман болуңуз,
Калк ичинде кадыр-барктуу болуңуз.
Кыргызымдын кымбат наркын сактайлы,
Бийик тутуп ата-энени барктайлы.
Коломтонун оту болгон атакем,
Эртеби кеч эмгегиңиз актайлы,
Дайым сыйлап жакшы сөздү арнайлы.
Ата-энени урматтайлы, барктайлы.
Жаз күнүндөй татына, сулуусуңар,
Жигиттердин жүрөгүн элжиретип, кыздар.
Жанды эритет назданып турушуңар,
Айдай сулуу биздин кыздар.
Кайырма:
Кыздар... Кыздар...
Болбогула жигитке кайгы муза.
Түбөлүккө сүйүп жүрүп өтөлүчү, кыздар,
Күн келбесин силер үчүн жүрөк музда.
Биздин кыздар.
Силерсиңер жашоодо бүтпөс кумар,
Каректерден төгүлгөн мээримиңер, кыздар.
Жарык чачып, өмүрдү узартып турар,
Айдай сулуу биздин кыздар.
Кайырма:
Кыздар.. Кыздар...
Болбогула жигитке кайгы муза.
Түбөлүккө сүйүп жүрүп өтөлүчү, кыздар,
Күн келбесин силер үчүн жүрөк музда.
Биздин кыздар.
Санаанын жүгүн артынып,
Сагынып келдим шашылып.
Бут тоскон адамдарга,
Ишенбей жалгандарга,
Жолуктук элден жашынып.
Сүйдүм го бала кезимден,
Ал күндөр кетпейт эсимден.
Көзүмдөн аккан жашым,
Ысытып карындашым,
Акты го менин бетимден.
Махабат кандай улуулук,
Маңдайга жазган сулуулук.
Бар беле жашырганың?
Ыйладың неге, жаным?
Өксүдүң айтпай буулугуп,
Ыйладың неге буулугуп?
Жүрөктү жалган кыйнады,
Сезимим сени кыйбады.
Көзүңдү карап турдум,
Өзүңдү аяп турдум.
Түн дагы сен деп ыйлады,
Коюу түн кошо ыйлады.
Жаныңда дайым болоюн,
Бакытка салып ороюн.
Көтөрүп көңүлүңдү,
Көп тилеп өмүрүңдү,
Сүйүүңө сенин толоюн.
Обону : Ильяз Абдыразаковдуку
Көздөрүң нурун жанып,
Жүрөктүн отун жагып,
Карагым, кайда кеттиң?
Зарыгып сени күтсөм,
Сагынтып жүрөктү эздиң.
Күлгөнүң шыңгыр булак,
Өзүңдө күлгүн курак,
Арманга мени салдың.
Артыңдан бара албай.
Алоолоп күйүп-жандым.
Кайырма:
Күндөрүм өтөт сенсиз арманда,
Көрөмбү, жаным, сени жалганда?
Кайдасың, кара көзүм?
Кайрылып келчи мага.
Берметтей күйүп-жанып,
Сөзүңдүн балы тамып,
Ээледиң беле жүрөктү?
Отурам сени самап,
Ортодон далай күн өттү.
Дарегиң таппай келем,
Дайынын айтпайт белең,
Мынча не жанды кыйнадың?
Жел менен учуп сага,
Жетеби менин ырларым?
Кайырма:
Сөзү : И.Жунусовдуку
Обону : И.Жунусовдуку
Көп умтулдум, унута албадым,
Жүрөгүмдөн орун алыпсың.
Капилеттен сага жолуктум,
Татынакай келин болупсуң.
Сен экөөбүз калдык бир болбой,
Кошулбайбыз эки тоолордой.
Эмне кылабыз, арман жоктур, ай?
Жүрөктөрдө арман толтура.
Көгүчкөнүм, кош болгун эми,
Суранам сенден, эстей жүр мени.
Капилеттен сага жолуктум,
Татынакай келин болупсуң.
Кош болгун эми,
Унутпайм сени.
Эстей берем унута албай элесиң,
А сен, апа, түбөлүксүз жердесиң.
Куса болуп бейитиңе келгенде,
“Кайрат кыл” деп жүрөккө дем бересиң.
Алтын апа, кымбат элең биз үчүн,
Асыл элең ага-тууган, эл үчүн.
Балдарым деп төккөн эне мээримиң,
Бакыт эле, ырыс эле биз үчүн.
Алтын апа, кеттиң неге эртелеп?
Баса албадың небереңди жетелеп.
Кайгы басып, боздоп ыйлап, буркурап,
Кала берди балдарың бойго жете элек.
Урмат көрүп жашаар кезде ачылып,
Апакебай, сенден калдык айрылып.
Балдарым деп айткан насаат сөздөрүң,
Унутпастан биз эстейбиз кайгыны.
Бата берип жаш-карылар, апам жок,
Көңүлүмдү көтөрөргө адам жок.
Атам болсо момундардын момуну,
Өгөй апа турган үйдө бакыт жок.
Анын айткан сөздөрүнөн чыга албай,
Ата десек, үч уулуна көнө албай.
Өз билгенин жасайт эми, Кудай, ай,
Ыйлап жүрөм өз үйүмө бара албай.
Укта, апа, жер жазданып уктагын,
Биз ыйлайбыз, бирок аны укпагын.
Периштелер гүлзарынан узаткан,
Атыр жыттуу бейиш гүлүн жыттагын.
Жаз айы эле, жарашат беле,
Жанашып алсак бирге?
Жалкыган сезим, жарым жан кезим,
Убалы эми кимге?
Карманам, кайтпайм, кайталап айтпайм,
Каалаган сөздөрүмдү.
Кароосуз калган, айыкпай арман,
Аядым көздөрүңдү.
Кайырма:
Адаштың, алдадың,
Ачуусу жалгандын,
Артылып мойнуңа азабы.
Кайрат бер мага,камынам кайра,
Кала албайм куюнуңа.
Кадамым алсыз, карааным жалгыз,
Жете албай тунугуна.
Издедим сени, ишенбейм эми,
Ишенген каректерди.
Багынып байтпайм, балынан татпайм,
Баратам жалгыз эми.
Кайырма:
Сөзү : И.Жунусовдуку
Обону : И.Жунусовдуку
Балапан кез, бала чак,
Мөлтүр, таза булактай.
Төрт айланып ааламды,
Жүрөм сени таба албай.
Кайырма:
Бала, бала, бала чак,
Кандай сонун ушул чак!
Мөлтүр, таза булактай,
Балапан кез, бала чак.
Бала, бала, бала чак,
Бала, бала, бала, бала чак,
Шүүдүрүмдөй таптаза,
Бала, бала, бала, бала чак.
Чагылгандай чарт этип,
Өттү, кетти бала чак.
Кош айта албай калыпмын,
Кетип калды таарынчаак.
Жомок сымал бир келип,
Кетип калдың, балалык.
Издеп, издеп таппадым,
Кеткен окшойт таарынып.
Кайырма:
Асылым менин, жүрөкө сактап келген,
Жыргалым менин, сырыңды айтар белең.
Сүйүүмдү коштоп, колуңду берчи мага,
Жүрөктүн демин экргитип жүрөт белең сен.
Ардактап жүрөт белем мен,
Кайырма:
Жылмайып койчу мага.
Сүйүү гүл сунам сага,
Сүйөрүм айтар элем мен.
Жамалың сенин, жылдыздай жанат беле?
Жылмайып күлсөң, жанаша жандайт элем.
Кол сунуп бирге, бакытка жетер элек,
Жалгызың сенин, түбөлүк болор элек.
Мен, эргитип жүрөт белең сен.
Кайырма:
Эргитип жүрөт белең сен,
Ардактап жүрөт блем мен.
Сөзү : Алтынбек Алымовдуку
Обону : Сапар Эркебаевдики
Мейли, жылдар өтсүн арадан,
Мейли, күндөр өтсүн санаган.
Мейли, күнөө кетсин өзүңдөн,
Мейли, кечиремин, садагам.
Кайдасың деги?
Кел эми,
Кучагым гүл жыттансын, жаным, сени менен,
Өзүңө жетким келет учуп жел менен.
Кайырма:
Кантем эми, канттим деги?
Кайрылбайсың, аттиң, эми.
Кезигишпей калдык окшойт биз эми.
Кантем эми, кантем деги?
Карааныңды таппайм эми,
Кечиришпей калдык окшойт биз эми.
Жоктоп сени жүрөк кыйнады,
Жолугам деп үмүт кыйбады.
Күтөм, бирок үмүт алдана,
Күйүт коштоп сүйүүм арналат.
Кайырма:
Бардыгы өз ордунда,
Биздин өткөн көчөлөр.
Биз сүйгөн шамалдар,
Жамгырлар, обондор жана кыялдар.
Кечинде жанган шамдар,
Дирилдеген жалбырактар.
Сен гана жоксуң менде,
Биздин сүйүү, бактыбыз бүттү беле?
Кайырма:
Алтыным, сагынам,
Андагы махабат багынан.
Жалынымсың, жарыгымсың,
Буюрбаган бакытымдын сен гана.
Бактымды сага берип,
Жолукса, мен тагдырда.
Бардыгын алмашмакмын,
Махабаттын бир гана саатына.
Деңиздей шарпылдаган,
Сезимдерден кантип танам?
Сен азыр жоксуң менде,
Өлчөөсүз арман, кайгы кечип барам.
Кайырма:
Сөзү : Сөзү: Жоодарбешим
Обону : Обону: Эдил Маматовдуку
Ак булут учат көктө сабалап,
Асылым, мени койчу аярлап.
Алыстап мезгил учуп баратат,
Бактылуу биздин ал убак.
Жан дүйнөм турат азыр жабыркап,
Жашоомдун баарын кеттиң кайчылап.
Адаштык окшойт эми экөөбүз,
Ай күндө көрүшпөй калсак.
Кайырма:
Сагынба, сен эми кайгырба,
Ыйлаба, тагдырыңа таарынба.
Сагынба, сен эми кайгырба,
Ыйлаба, тагдырыңа таарынба.
Кайрылбас биздин эми махабат,
Кантейин, тагдыр, койдуң жаралап.
Бир келген менин тунук сүйүүмдү,
Буйрубай койдуң мени жазалап.
Алыстап көктө учат ак куулар,
Алардын кайгы-муңу дагы бар.
Ыйлаба, жаным, эми ыйлаба,
Ызага түшүп, жаным, кайгыра.
Кайырма:
Шынарлайм сага күндө эчен,
Шыңгырайт үнүң сүйлөсөң.
Балапан кезде эңсеген,
Бакытым болуп жүрбө сен.
Сагынып саат санайын,
Салаалап чачым тарайын.
Балбылдап турган көзүңдөн,
Балакет дартың алайын.
Кайырма:
Жаныңа жаным садага,
Жалының чаччы жаныма.
Жароокер тиктеп ар дайым,
Жоодурап сырдуу караба.
Жан, жан...
Жаш жаным бирге дешейин,
Жанымды сен деп эзейин.
Серпилип турган кашыңдын,
Секети болуп кетейин.
Эзбечи жанды эзилген,
Эч качан кетпейт эсимден.
Жоголгон сүйүүң көрүндү,
Жоодурап турган көзүңдөн.
Кайырма:
Карекке карек кадалып,
Каныма сыйкыр таралып.
Келгенсийм ушул дүйнөгө,
Сен үчүн гана жаралып.
Жалындап жүрөк эңсеген,
Жароокер жарым сен белең?
Өмүрдүн ушул калганын,
Өткөргүм келет сени менен.
Кайырма:
Тушаган сезимге багынып,
Тумардай жүрөккө тагынып.
Жүзүмө күлкүңдү жашырып,
Жүрөмүн өзүңдү сагынып.
Өмүрдүн бактысы өзүңдө,
Сүйүүнүн ачкычы көзүңдө.
Берметтей алдыңа чачылып,
Ишенгин, жаным, сен сөзүмө.
Кайырма:
Периштем, жамалың жайнаган,
Жаныңдан кете албай байланам.
Жолугуп, жаңы эле узатсам,
Жолуксам деп эңсеймин кайрадан.
Жүрөктүн эңсеген себебин,
Сурасаң мен гана билемин.
Суусаткан сезимдин кыйноосун,
Сүйүүмдүн күчүнөн жеңемин.
Кайырма:
Периштем, гүл болуп мен сунулам,
Периштем, ыр болуп мен угулам.
Бактыма мен ыраазы болоюн,
Периштем, төгүлчү нуруңан.
Кайырма:
Талбай күтөмүн,
Күндүн батышын мен.
Таңдай түтөдү,
Аны билесиң сен.
Окшош күндөрдөн,
Ай, чарчадым мен.
Окси деминен,
Оюнуңан мага,
Бөлүшкүн сен.
Кайырма:
Эквалайзер жаны тынбай,
Ээрчип эргийт сени тыңдай.
Бир ылдыйдан, бир өйдөдөн,
Нота тандап ыр ырдайм.
Бир ылдыйдан, бир өйдөдөн,
Нота кармап, тандап ырдап берем.
Темпти тебелеп,
Тегизинен бийлеп.
Тегерегинен,
Тердегенин билбей.
Горизонт кенен,
Кара мени менен.
Жаштык деминен,
Жалындаган,
Жалынбаган денем.
Кайырма:
|