|
|
Сөзү : Октем Алтаевдики.
Обону : Октем Алтаевдики.
Бир кезде сени сүйчү элем,
Алоолонуп отко күйчү элем.
Бирок сен аны сезбедиң,
Сүйүүмдү менин тепседиң.
Кайырма:
Таштаба, мени таштаба,
Атыңды айттырып зарлантпа.
Суранам, сенден суранам
Калтырба мени башкага...
Баштагы менде күлкү жок,
Жанымда жүрчү өзүң жок.
Ойлоном бир сен жөнүндө,
Не кылам менде айла жок?..
Кайырма:
Ушунча бооруң таш беле?
Же мендик сүйүүң жок беле?
Сүйүүмдү менин булгадың,
Жигиттик намыс жок беле?
Кайырма:
Сөзү : М. Кенжетайдыкы
Обону : Ж. Абдихановдуку
Сөзү : Руслан Нарынбаевдики
Обону : Руслан Нарынбаевдики
Сөзү : Алтынбек Алымовдуку
Обону : Эрлан Андашевдики
Сөзү : К.Тайчабаровдуку
Обону : Э.Маматовдуку
Сөзү : Жыпара Умарованыкы
Обону : Тумонбай Колдошовдуку
Сагындыңбы?.. Мен да сагындым…
Кусалуу бир күнгө кабылдым.
Буйругу жок ушул тагдырга,
Таарындыңбы?.. Мен да таарындым…
Кайырма:
Жолугушуу болду арманым,
Жолукпайбыз эми ардагым.
Жолду карап эми издебе,
Жалгыз аяк жолдо калгамын.
Кыйналдыңбы?.. Мен да кыйналдым…
Мүдүрүлдүм бирок сынбадым.
Жүрөгүңдү эзип жалгыздык,
Унуттуңбу?.. Унуталбадым…
Кайырма:
Ыйладыңбы?.. Мен да ыйладым…
Өзүмдү-өзүм алдап кыйнадым.
Жанга баткан жалгыздык ырын,
Ырдадыңбы?.. Мен да ырдадым…
Сөзү : Эмил Балтагуловдуку
Обону : Эмил Балтагуловдуку
Дүйнөлүк бул улуу жарышта
Жазылдык биз бүгүн тарыхка
Кыз болсо да балбан Мээримай
Кыргызыма бүткөн бакыт да
Дүйнөлүк жарышта
Жазылдык тарыхка
Атыңдан сенин, затыңдан сенин
Элдин кызы эстүү Мээримай,
Кайратка толуп, элге дем болуп,
Канчаларды жыгып, жеңдиң ай,
КУДАЙДАН сурап, жалпы элиң турат,
Эсен аман журтка келгин ай,
Сыйлыгыбыз сен, сыймыгыбыз сен,
Билегинде күч бар Мээримай,
Жүрөгүңдө от бар сенин ай.
Байгени сен алган кезиңде,
Көздөр жашка толду эсимде,
Көтөрүлдү кыргыз желеги,
Дүйнө көрдү экран бетинде,
Желбире желегим,
Бийикте желбире.
Сөзү : Ж.Турсунбаевдики
Обону : Ө.Сапар уулунуку
Сымбаты назик, мүнөзү жайдары,
Суктанат көктөн, кызганып ай дагы.
Ак көйнөк кийип ааламды ажарландырат,
Анткени бүгүн ал кыздын майрамы.
КАЙЫРМА:
Келинчек татына,
Келишкен аты затына.
Келбети көздү уялтат,
Керемет, жакшына!
Перизат татына,
Пейили шайкеш затына.
Көктөгү күндөй жана бер,
Көз тийбей бактыңа.
Ырыска толгон кареги чырактай,
Ыйманы тунук, тоодогу булактай.
Жылмайса жүзү жаздагы таңдай жаркырайт,
Жараткан берген, чырайын суратпай.
Сөзү : Зарлык Камбаралиевдики
Обону : Зарлык Камбаралиевдики
Күн чыгат маанайымдан
Сыласаң саамайымдан
Эң кымбат белегимсиң
Берилген таалайымдан
Уялап жүрөгүмдү
Махабатым козгодуң...
Козголбос оңой менен
Бакыт болуп орнодуң
Чын бакыт сенин барын,
Көтөрүп жашыганым.
Сооротсоң эркелетип,
Мүнөттө басыламын.
Чын бакыт сенин барың
Көтөрүп жашыганым
Мен сенин эркең
Мен сенин таарынчагың...
Сен мени жандап жүрсөң
Жүзүмдү нурга боёп
Мен сени жүрөк менен
Эселеп сүйүп коём
Күн сайын сагындырып
Күн сайын ашык кылар
Эркелээр адамыңдын
Бары өзү бакыт чыгар
Сөзү : Мурат Ниматовдуку
Обону : Мурат Ниматовдуку
Сөзү : Эрлан Андашевдики
Обону : Эрлан Андашевдики
Ардагым, ай, асылым, ай,
Арбадың го жан дүйнөмдү бир далай.
Алсызмын, ай, аярым, ай,
Арманга салбачы жанды кыйнабай.
Кайра-кайра эстеп өткөн күндөрдү,
Карааныңа зар болуп турам, түшүнчү.
Көргүм келип сенин сүйүүгө толгон кара көзүңдү.
Кайырма:
Коё бербейм, мен сени эч кимге бербейм,
Жүрөгүңдү бир жалгыз өзүм ээлейм.
Экөөбүздүн сүйүүбүз түбөлүк болушун тилейм.
Адаштым, ай, жаңылдым, ай,
Чын бакыттын баркын сезбей калдым, ай.
Баарын эми түшүндүм, ай ,
Сендей жанды таба албаарым билдим, ай.
Кайра-кайра эстеп өткөн күндөрдү,
Карааныңа зар болуп турам, түшүнчү.
Көргүм келип сенин сүйүүгө толгон кара көзүңдү.
Сөзү : Мелис Карыбековдуку
Обону : Съездбек Искеналиевдики
Сөзү : МС Айбаныкы
Обону : Рашид Калыковдуку
Сөзү : Ж.Сыдыковдуку
Обону : К.Урманбетовдуку
|