|
|
Кичине эмесмин,
Гүлзарга теңештим.
Гүл багы ар түркүн,
Гүл менен тең өстүм.
Кайырма:
Ак гүлдөр, көк гүлдөр
Асырап көп күндөр,
Карачы татына,
Кааласаң көркүн көр.
Суу куям маалында,
Сындырбайм шагын да.
Апакем сүйүнөт,
Ал болсо жанымда.
Кайырма:
Сөзү : Самат Уланбековдуку
Обону : Самат Уланбековдуку
Сөзү : Жылдызбек Турсунбаевдики
Обону : Өктөм Сапар уулунуку
Кыйналсам ойлогон, жыгылсам колдогон,
Жүрөгү мага тамырлаш...
Чарчасам дем берген, билгенин тең бөлгөн,
Сендей дос такыр табылбас!
Кайырма:
Эң жакын досум, эң асыл досум,
Кеңеш айтып, кубат берген жанга.
Эң жакын досум, эң асыл досум,
Колум узун жанымда сен барда.
Достуктан чеп куруп, намыска бек туруп,
Чогулуп далай кырды аштың...
Бүткөнчө өмүрлөр, калбасын көңүлдөр,
Мен үчүн дайым кымбатсың!
Сөзү : Султан Алишер
Обону : Султан Алишер
Жан дүйнөмдү үмүткө термей, кыялга термей.
Сага,сага санаалар сансыз агылат селдей.
Карап, карап карегим талып издесем да,
Бүт дүйнөдө таппадым сендей, көрбөдүм сендей.
Карап, карап карегим талып издесем да,
Бүт дүйнөдө таппадым сендей, көрбөдүм сендей.
Өзүң үчүн нур чачкым келет асманда күндөй.
Өмүр бою өзүң деп ырдайм чарчоону билбей.
Карап, карап карегим талып издесем да,
Бүт дүйнөдө таппадым сендей, көрбөдүм сендей.
Карап, карап карегим талып издесем да,
Бүт дүйнөдө таппадым сендей, көрбөдүм сендей.
Айдың көлдү айланып учкан айдарым желдей.
Сендей жанга көз арткан көптөр эч тынчтык бербей.
Ишен жаным, абайла жаным ким болсо да.
Чын баркыңды биле албас мендей, сүйө албас мендей.
Ишен жаным, абайла жаным ким болсо да.
Чын баркыңды биле албас мендей, сүйө албас мендей!
Сөзү : Жылдызбек Турсунбаевдики
Обону : Эдил Маматовдуку
Махабаттын жылдыздары,
Жайнап турсун ай-асманда.
Көңүл кайра табылбас,
Эмне жетсин кадырлашканга?
Кайырма:
Адамзат жаман иш кылбайлы!
Ансыз да өмүр аз турбайбы...
Тартпайлы болбоско муң-кайгы,
Эй, адамзат!
Арылып тескери адаттан,
Алдыга учалы канатчан,
Ар дайым колдосун Жараткан,
Эй, адамзат!
Дүйнө көздү кызыктырат,
Алтын сымал ай жылтылдап.
Тилегеним ар үйгө,
Орноп турсун бакыт, ынтымак!
Кайырма:
Күрөшкөн талбастан – адамзат,
Күн сайын алмашкан – адамзат!
Жер кезип, жол баскан – адамзат,
Жашоо деп кармашкан – адамзат!
Сөзү : Бек Борбиевдики
Обону : Бек Борбиевдики
Сөзү : Ж Абдраимовдуку
Обону : М.Баековдуку
Сен келерсиң бир күнү,
Аруу таңды аралап.
Шүүдүрүмдөй карегиң,
Ак чыныда карагат.
Сен келерсиң бир күнү,
Нур жүзүңдөн чачырап.
Айдыңыңдан көзүңдүн,
Баратамын магдырап.
Шамалына жытыңдын,
Азгырылам артыла.
Карааныңа атыңдын,
Баргым келет батыраак.
Кайдан, качан белгисиз,
Сен келерсиң бир күнү.
Сен келерсиң бир күнү,
Ызгаарымдын жолунда.
Илебиңдин кайтпаган,
Жылынайын отуңа.
Сен келерсиң бир күнү,
Адаштырып акылдан.
Араң турган жаным, ай,
Ала качып закымдап.
Сөзү : Анатай Омуркановдуку
Обону : Каныкей Эралиеваныкы
Сөзү : Акбар Рыскулов
Обону : Малик Акурпеков
Сөзү : Жакут Сыдыковдуку
Обону : Улан Осмон уулунуку
Сөзү : Ж.Рамазановдуку
Обону : Имран
Таң атып бар жатат түн өкүм сүрүп,
Таңдын кучагында ойлуу жүрөмүн.
Бир кыз бар дүйнөнүн эң жаман кызы,
Мен ушул жаман кызды жакшы көрөмүн.
Жаныңа барамын, күйүп барамын,
Дүйнөнү чекеге сүрүп барамын,
Жамандыгын билип туруп барамын.
Ырга салдым нурлуу жүзүңдү,
Жамалыңды жакшы көрөмүн.
Көргүм келет кара көзүңдү,
Мен сулууну жакшы көрөмүн.
Өзү да кашымда майрамдайт ар күн,
Менден кечип кайра кайтат ал ар күн.
Жамандыгын дагы айтат ал ар күн,
Мен ушул жаман кызды жакшы көрөмүн.
Ыр менен айтайын жарчылар билсин,
Кабагын бүркөгөн каршылар билсин.
Мага эмне бүт жакшылар билсин,
Мен ушул жаман кызды жакшы көрөмүн.
|