|
|
Сөзү : Джонни менен Айбек Курманбаевдики
Обону : Джонниники
Жарык болуп, жашоомдо жаралдың,
Жаркыным деп, эркелеттим сүйө алдым.
Жаным менин, жаркыраган алтыным,
Жарты кылып кимге, кимге мени кыя алдың?
Мен сени күттүм, күттүм, күттүм, күттүм ай,
Жүрөгүм ооруп турат сага жете албай,
А мен өзүңдү издеп келемин таба албай!
Алоолоп оттой жанып, жанып күйдүм ай,
Неге мен жаным сени мынча сүйдүм ай?
А мен өзүңдү күтүп келемин тажабай!
Жүрөгүм жакындатпай эч кимди,
Жүдөттү го, жүрөгүм аруу сезимди.
Жамгыр болуп, төгүлүп ыйлап келет,
Жабыркаган жүрөгүмдүн тең кесими.
Мен сени күттүм, күттүм, күттүм, күттүм ай,
Жүрөгүм ооруп турат сага жете албай,
А мен өзүңдү издеп келемин таба албай!
Алоолоп оттой жанып, жанып күйдүм ай,
Неге мен жаным сени мынча сүйдүм ай?
А мен өзүңдү күтүп келемин тажабай!
Өзүңдү күттүм, күттүм, күттүм, күттүм ай,
Жүрөгүм ооруп турат сага жете албай,
А мен өзүңдү издей беремин таба албай!
А мен өзүңдү күтүп келемин тажабай!
А мен өзүңдү күтүп келемин тажабай!
Мен өзүңдү күтүп келемин тажабай!
Сөзү : Акбар Кубанычбековдуку
Обону : Айбек Замировдуку
Бир кеч бүтүн өмүр болуп,
Сезилип калды мага.
Биригип кыялда жашасак да,
Ырахат мага.
Бир кубанып кайра-кайрадан,
Бул ойлорума байланам.
Кайырма:
Жай, жай жүрөгүм согуп турат,
Үнүн угат.
Жай, жай күндөрүм жолуктурат,
Жолун курап сунат.
Бир сен, жарык нуруң чексиз,
Ачылбайт көңүл сенсиз .
Бардыгын берсе да,
Сенден башка өмүрүм теңсиз.
Бир кубанып кайра-кайрадан,
Бул ойлорума байланам.
Кайырма:
Өзүңсүз билсең,
Өмүрүм ирмем, ирмем.
Туптунук сезим,
Жүрөктө бир сен, бир сен.
Кайырма:
Сөзү : Акбар Кубанычбековдуку
Обону : Джонниники
Бул айлана нурга айланат,
Сени көргөнүмдө жанга жагып
Көздөрүңдөн, өзгөрүлгөн,
Мен эңсеген таңдар атып.
Желге ойногон чачтарыңдан,
Көрүп кыялдарым алып учкан.
Жазым менин, жалгыз сенсиң,
Менин жүрөгүмдө жашап келген.
Жазым менин, жарык кечим,
Болгум келет сени менен.
Байланамын, тандаганым,
Бул өмүрдүн белегисиң.
Бүт дүйнөмдүн арнайм баарын,
Тунук сүйүү сезимдерин.
Желге ойногон чачтарыңдан,
Көрүп кыялдарым алып учкан.
Жазым менин, жалгыз сенсиң,
Менин жүрөгүмдө жашап келген.
Жазым менин, жарык кечим,
Болгум келет сени менен.
Сөзү : Сагынбек Молдоевдики
Обону : Сагынбек Молдоевдики
Сулуусуң, ажарлуусуң сен бүгүн өзгөчө
Ак жүзүң нурга бөлөнүп.
Анткени сен каралдым бир канча жылдар алдын
Келгенсиң дал ошол күн дүйнөгө жаңы төрөлүп.
Кайырма:
Дагы бир гүлүң ачылып бүгүн
Куттуу болсун, жаным, сенин туулган күнүң
Бакыт коштоп менин сүйгөн ардагым болуп
Жүрө бер, гүлүм, жүрө бер, гүлүм,
Кут болсун туулган күнүң.
Ыр, күлкү шаңдуу кече,
Каалоолор бир сага арнашып достор белегин,
Кеченин аягында жаныңа барамын да
Сен сүйгөн ырды бүгүн сага арнап, ырдап беремин.
Сөзү : Сагынбек Молдоевдики
Обону : Сагынбек Молдоевдики
Сөзү : Шаршен Термечиковдуку
Обону : Шаршен Термечиковдуку
Сөзү : Турар Кожомбердиевдики
Обону : Сардарбек Жумалиевдики
Сөзү : Жылдызбек Турсунбаевдики
Обону : Кубаныч Сатаевдики
Сөзү : Акбар Кубанычбековдуку
Обону : Ж. Жеңишбековдуку
Бул айлана, нурга айланат,
Сени көргөнүмдө жанга жагып.
Көздөрүңдөн, өзгөрүлгөн,
Мен эңсеген таңдар атып.
Желге ойногон чачтарыңдан,
Көрүп кыялдарым алып учкан.
Жазым менин, жалгыз сенсиң,
Менин жүрөгүмдө жашап келген.
Жазым менин, жарык кечим,
Болгум келет сени менен.
Байланамын, тандаганым,
Бул өмүрдүн белегисиң.
Бут дүйнөмдүн арнайм баарын,
Тунук сүйүү сезимдерин.
Желге ойногон чачтарыңдан,
Көрүп кыялдарым алып учкан.
Жазым менин, жалгыз сенсиң,
Менин жүрөгүмдө жашап келген.
Жазым менин, жарык кечим,
Болгум келет сени менен.
Сөзү : Таалай Бектургановдуку
Обону : Таалай Бектургановдуку
Уурдатып жатам кимге жаштыгымды,
Улгайды сени көпкө көрбөй көзүм.
Көөдөндү жарып чыккан үшкүрүккө,
Окшото берчү болдум өзүмдү өзүм.
Мен үчүн сени сүйбөй койуу күнөө,
Бакыт деп сени мага берген дүйнө.
Сенсиз өткөн өмүр жалаң арман,
Сенсиз өткөн күндөр баары жалган.
Ордуңду толтура албай сыздайт күкүк,
Муңканган күкүккө да убал керек.
Мендеги сүйүү менен бул тагдырда,
Бактысыз болуу бирок мүмкүн эмес.
Түгөнгүм келет менин күтүп жүрүп,
Күтүүдөн кетти айларым күйүп-күйүп.
Кагазды өрттөсөң да күл калат,
Жүрөгүм күл калтырбай күйүп жанат.
Сөзү : Жыпара Умарова
Обону : Түмөнбай Колдошев
Сөзү : Нурлан уулу Аргендики
Обону : Муратбай Ниетуллаевдики
Сага арнап жакшы ыр жазгым келип жүрөт,
Санаага, сагынычка батып жүрөк.
Жүзүмдөй мөлтүрөгөн жароокерим,
Жүзөөгө ашар бекен аруу тилек?
Толкуса көңүлүңүз мени самап,
Тор жайган балыкчыдай көлдү карап.
Токтоосуз чалынсам дейм торуңузга,
Мен болуп сиз эңсеген, мен болуп сиз эңсеген алтын чабак.
Өмүрдүн өтчү кези өткөн кезде,
Өткүрлүк өз айылынан көчкөн кезде.
Өзөккө чок таштадың өчпөй турган,
Өрүкзар гүлүн күбүп төккөн кезде.
Армандын ачуу даамын ким татпаган?
Ашыктык алоосуна ким батпаган?
Айыкпас оору болду таппай жүрөк,
Сиз берген жылуулукту мен башкадан.
Арбалып ай жүзүңө алда качан,
Айрылбай элесиңден турсам-бассам.
Тушалган туткун болдум бир өзүңө,
Айперим чыгарып ал боор оорусаң.
Жоодурай карап коюп бирибизге,
Жол таппай жүрүптүрбүз дилибизде.
Ак сүйүү нурун чачты мына бүгүн,
Жашыбыз тоскоол болбойт эми бизге.
Сөзү : Кудрет Тайчабаровдуку
Обону : Сапар Эркебаевдики
Сөзү : Бек Борбиевдики
Обону : Бек Борбиевдики
Сөзү : Сейит Алтымышовдуку
Обону : Тараз Асанакуновдуку
Сөзү : Айсалкын Алибаеваныкы
Обону : Ильяз Абдыразаковдуку
Ээлечи, жүрөктү жалгыз өзүң,
Экөөбүз, бололу бирге түбөлүк.
Жашоонун даамын бирге,
татып күндө жаным,
Бүт өмүр, бирге болуп,
жашайлычы дайым.
Кайырма:
Тагдырдын татаал жолун, басып өтүп экөөбүз,
Түбөлүк кол кармашып болуп бирге жүрөлү
Эркеси жүрөктүн болуп өзүң,
Жүрөлү күндөрдү бирге өткөрүп.
Турмуштун жолу татаал
билем аны жаным,
Экөөбүз жеңип бирге
жашайлычы дайым.
Сөзү : Таалайбек Абдыганиевдики
Обону : Таалайбек Абдыганиевдики
Сөзү : Автандилдики
Обону : Автандил, Эдил Маматовдуку
|