|
|
Сөзү : Түмөнбай Колдошовдуку
Обону : Медер Шакир уулунуку
Талкалап баарын бүттүң,
Эң назик көңүлдөрдү.
Текебер мүнөзүңө,
Үмүттөр көмүлгөнбү?
Кайырма:
Жүрөктөр сенсиз кагып,
Ыйлады дагы, дагы.
Кол шилтеп кете бердим,
Кош эми сүйүү багы.
Мурдагы жакшы көрүү,
Жашабайт сезимдерде.
Кайрылып келбейм сага,
Көз жашың төгүлгөндө.
Кайырма:
А азыр башка менин,
Жанымдай сүйгөн жарым.
Түбөлүк коштошомун,
Мени эстеп кайгырбагын.
Кайырма:
Сөзү : Жылдызбек Турсунбаевдики
Обону : Ирлан Таалайбековдуку
Капилет сен карасаң, мен да карап,
Каректе сезимдердин оту жанат.
Көктөмдө жайнап чыккан кызгалдактай,
Көңүлүм сүйүп калган сыяктанат.
Кайырма:
Махабат тунук мүрөк,
Махабат сүйгөн жүрөк.
Маанисин билген жандар,
Мазмундуу өмүр сүрөт.
Махабат тунук сезим,
Махабат туура чечим
Мен бүгүн махабатка,
Мас болуп турган кезим.
Жанашпай бакытыма азыр ылдам,
Жаныңа жакындаймын акырындан.
Жанымды сыйкырлаган сымбатыңды
Жашаймын чыгарбастан акылымдан.
Сөзү : Акбар Кубанычбековдуку
Обону : Өктөм Сапар уулунуку
Ээлеген эрке жел чырайын,
Энчилеп алууну сурайын.
Көп күндү уйкусуз өткөрдүм,
Болсо деп келечек жубайым.
Издеп бактымды жолуңду карагам,
Арылбай муңдуу санаадан.
Түшүмдө билсең колуңду кармагам,
Ал түштү ойдо сактагам.
Кайырма:
Жанымдай сезилесиң сен мага,
Теңи жүрөктүн өзүң тек гана.
Жаңылбай убакыттар өтсө да,
Болсунчу биздин жолдор бир гана.
Махабат кемеси сүйүүнүн,
Бир болуу - түбөлүк үмүтүм.
Ааламдын ажарын атайын,
Арнагым келет бир сен үчүн.
Издеп бактымды жолуңду карагам,
Арылбай муңдуу санаадан.
Түшүмдө билсең колуңду кармагам
Ал түштү ойдо сактагам.
Кайырма:
Сайраган булбул тилиндей,
Көшүтүп көзгө илинбей.
Жаш кезиң өтөт турбайбы.
Жадырап-жайнап билинбей.
Селкилер менен алышып,
Бозойлор менен жарышып.
Жүргөн кез түшсө эсиме,
Жүрөгүм кетет сайышып.
Чечедей болуп кадала,
Чыкпайт го ал кез санаада.
Чачымды бурул басса да,
Картайтпайт мени замана.
Сөзү : К.Абыловдуку
Обону : К.Абыловдуку
Мейли атак, мейли байлык жыйбасам,
Мен өзүң деп дүйнө кезип ыр жазам.
Мелмилдеген дайра, деңиз суу кечип,
Мелмелжиген далай, далай кырды ашам.
Кайырма:
Сени сүйүп, сен деп күйүп ыр жазам,
Сергектенем сен жөнүндө ырдасам.
Сезимдерге тынчтык бербейт жүрөгүм,
Сени көрүп, сени карап турбасам,
Кагылайын каражаным, кайда жүрдүң мурдатан?
Менден катып жамалыңды бурбасаң,
Мен сендикмин, кайдигерлик кылбасаң.
Мерез болбо, кеч болсо да жолуктук,
Мени ая, ак сүйүүңдү сыйласаң.
Кайырма:
Жагалданып, жалбарганым кыйбасаң,
Жан дүйнөмө кантем анан сыйбасаң?
Жаралгандай бир өзүңдөн бүт аалам,
Жалгыз сага жүрөктөгү сырды ачам.
Кайырма:
Сөзү : А.Айталиевдики
Обону : А.Айталиевдики
Көлдүн жээги, бирге бастык салкындап,
Жайдар мүнөз, жаз гүлүндөй жаркылдап.
Жумшак шамал бетти аймалап сыласа,
Майда толкун жээкке урунат шарпылдап.
Кошкун дедиң көпкө карап, кол булгап,
Кете бердиң пароходдо калкылдап.
Эми алысмын, куса болуп, сагынып,
Бирок дайым бирге жүрөт тамашаң.
Түбөлүктүү өмүрүмдүн шериги,
Сени сүйүп, жалгыз сени жаратам.
Ашыктыгым ого бетер артылат,
Сагынганда сүрөтүңдү карасам.
Ар бир кыял, мүнөздөрүң көңүлдө,
Унутпастан ойлойм өзүң жөнүндө.
Сары алтын дейт түбү келип сабырдын,
Сагынуунун зардабына жеңилбе.
Аз күн калды жолугушчу убагы,
Сен узаткан Ысык-Көлдүн жээгинде.
Сөзү : Ж.Мамытовдуку
Обону : К.Рыскуловдуку
Гүл жыттуу кызга ашык кандай кыйын,
Жадырап көрсөткөн бар, урмат-сыйын.
Апкарып маңдайымда турсаң дагы,
Сезилбейт бүт түйшүгүң, тунук сүйүүң.
Кайырма:
Махабат отун чындап чачасыңы?
Сезимге тунук күчүң катасыңбы?
Билбеймин мен да сенин сырларыңды,
Абайлап, арзып билбей жатасыңбы?
Сагынып жүзүңдү мен көргүм келет,
Мен сага асыл ойду айткым келет.
Мас болуп, ак сүйүүңө мен чөмүлүп,
Сүйүүмдөн махабатты тапкым келет
Сөзү : Биримкул Алыбаевдики
Обону : Р.Абдыкадыровдуку
|