|
|
Кайырма:
Төкчү, төкчү жазгы жамгыр,
Сүйгөнүмдүн арманын
Нөшөрүңө дирилдеген,
Жалбырактар ыйласын
Жакшы көрөм, жаздын жытын,
Кызгалдактар аңкыган.
Делебелди козгоп келет,
Жаз жамгыры тамчыга.
Экөөбүздүн сүйүүбүздү,
Алыс дагы жашынган
Ачкым келет жан сырымды,
Жалбырактар жашырган.
Кайырма:
Төкчү, төкчү жазгы жамгыр,
Сүйгөнүмдүн арманын
Нөшөрүңө дирилдеген,
Жалбырактар ыйласын
Көргөнсүймүн элесиңди,
Ак куу сымал учкансыйт
Жоогазындай кош көздөрүң,
Мага карап тургансыйт.
Сырдуу бакта басчу элек,
Кыялдарга чөмүлүп.
Сагындырат ошол күндөр
Ак жамгырдай төгүлүп.
Сүйөм десең жүрөк туйлап.
Мен бактылуу сеземин
Кайда кеттиң ошондогу
Махабаттын бөлүмү
Кайырма:
Күн болуп күйүп, ай болуп турган жылмайып
Таң болуп атып, тагдырын сага ыйгарып
Байлыгым ошол, бакытым болсо болду деп
Сезими назик сен деген жанда эмне айып
Жолуңда баскан гүл болуп өскөн ыргалып
Ырахат берген ыр болуп бүтпөс ырдалып
Ырысым ошол үй-бүлөм аман болсо деп
Бактысын сага байлаган жанда эмне айып
Акырын басып алдыңан чыкса буралып
Ала-Тоо көрктүү айымдар бар го суйкайып
Акактай тунук, ак куудай назик ар дайым
Аздектеп алган асылкеч жанда эмне айып
Сөзү : Т. Казаковдуку
Обону : Т. Казаковдуку
Көл үстүндө көпкөк, көк жылгаяк,
Бара жатат андагы эл абайлап.
Эл артынан мен дагы бара жатам.
Шылдың болуп калбайын деп,
Башты жерге салбайын деп,
Көк жылгаяк, эй.
Кандай сонун табигаттын кышындагы,
Карайган жер жамыныптыр аппак карды.
Табигаттын кызыгына терең батып,
Унутупмун таптакыр жылгаякты.
Пайдаланып оңунан көк жылгаяк,
Буттан тартты, жерде калдым мен чалкалап.
Мотурайган татынакай боорукер кыз,
Тура кой деп колдон тартты,
Жайды сурап, эй, жайды сурап.
Кыз кармады колумдан калтыраган,
Турдум дагы салам бердим аргасыздан.
Ошондогу окуя эстен кетпейт,
Уяламын аябай,
Сулуу кыздан.
Сөзү : Медер Осмоналиевдики
Обону : Эркин Мээркановдуку
Кыйыры көрүнбөс кыйын жолдо,
Бактыңды бербессиң алсыз колго.
Бал ширин өмүрдө, жетсем дейсиң,
Кыялың жетпеген күлүк ойго.
Ой-кыял жетелеп учкан күндөрдө,
Жашоону айлантса арзуу көлүнө.
Жаралап жүрөгүң кеткен болсо да,
Жагымдуу турбайбы биздин көңүлгө.
Кайырма:
Көкүрөктөн чыккан жылуу сезим,
Жан дүйнөңдөн барып орун алса.
Башкаларга бергис махабатым,
Жүрөгүңө барып конуп алса.
Тереңин көргөндө көздөрүңдүн,
Күчүнө ишендим сөздөрүңдүн.
Болду эми башкага коё бербейм,
Мейли сен миң ирет өзгөрүлгүн.
Колумдан учурбайм бакыттын кушун,
Ичтеги сезимди айттырбай түшүн.
Мейли сен миң ирет өзгөрүлсөң да,
Мен сага далилдейм сүйүүмдүн күчүн.
Кайырма:
Көкүрөктөн чыккан жылуу сезим,
Жан дүйнөңдөн барып орун алса.
Башкаларга бергис махабатым,
Жүрөгүңө барып конуп алса.
Мейли сен миң ирет өзгөрүлcөң да.
Мен сага далилдейм сүйүүмдүн күчүн.
Кайырма:
Көкүрөктөн чыккан жылуу сезим,
Жан дүйнөңдөн барып орун алса.
Башкаларга бергис махабатым,
Жүрөгүңө барып конуп алса.
Жарык дүйнө, жашоо берген энекем,
Баскан жолуң бийик, ашуу бел экен.
Жан кейиткен азаптарга чыдаган,
Кайрат күчүн аска-зоого тең экен.
Балаң үчүн төккөн ысык мээримиң,
Айтып бүткүс баатырдыкка тең экен.
Сен мен үчүн жарык чачкан шооласың,
Өмүрдөгү түгөнбөгөн берекем...
Жарык дүйнө, жашоо берген энекем,
Баскан жолуң бийик, ашуу бел экен.
Жан кейиткен азаптарга чыдаган,
Кайрат күчүн аска-зоого тең экен.
Сөзү : Биримкул Алыбаевдыки
Обону : Райхан Бейшеналиеваныкы
Бараткан ак жолумдан түн ыраактап,
Актым мен сен тарапка күнчубактап.
Алдымдан чыга калсаң сунайын деп,
Актым мен сен тарапка гүл кучактап.
Кайырма:
Сени эстеп бүгүн түнү ойго баттым,
Сени эстеп бүгүн түнү ойгоо жаттым.
Сени эстеп бүгүн түнү оргудум да,
Кайнаган булак суудай мөлт-мөлт актым.
Алмаздай курчуй бердим, бүлөнбөдүм,
Тамчыдай тама бердим, түгөнбөдүм.
Элесиң жылдыздардай жылт-жулт этип,
Мен дагы жылдыздардай түмөндөдүм.
Кайырма:
Сени эстеп бүгүн түнү ойго баттым,
Сени эстеп бүгүн түнү ойгоо жаттым.
Сени эстеп бүгүн түнү оргудум да,
Кайнаган булак суудай мөлт-мөлт актым.
Таң атты. Тереземди кенен ачтым,
Жел менен үйгө кирди бир тал бактым.
Нур чайып жаздыгымдын бир жак четин,
А мен дале ойгоо жаттым, ойгоо жаттым...
Кайырма:
Сени эстеп бүгүн түнү ойго баттым,
Сени эстеп бүгүн түнү ойгоо жаттым.
Сени эстеп бүгүн түнү оргудум да,
Кайнаган булак суудай мөлт-мөлт актым.
Сүйүүбүздүн баяны,
Кездешүүнүн келип аягы.
Эзилишкен эски мүнөттөр,
Эске келет, кетпейт эми баягы
Кайырма:
Көкүрөктү ээлеп алып тунжуроо,
Өттү мезгил билбейм канчалык.
Жүрөктөдү эзип бүттү бир суроо,
Биз сүйүүдөн кантип чарчадык.
Мөлтүр суудай тунук шаркырап,
Өткөн күндөр таза жаркырап.
Чолпон сындуу жанып маңдайда,
Бет алдыга улам-улам тартылат.
Кайырма:
Сүйүүбүздүн баяны,
Кездешүүнүн келип аягы.
Текке кетти сүйүү сөздөрү,
А биз болсо дале баягы.
Кайырма:
Сөзү : М. Осмоналиевдики
Обону : А. Мамадалиевдики
Айтпайым десем аргам жок.
Айлам да эч бир калган жок.
Арзууңа жетээр күн келсе,
Анда менде арман жок.
Кайырма:
Чынбы же жалганбы.
Сүйүүбү, арманбы
Табышмак жүрөгүң,
Таш болуп калганбы.
Таарынган жүрөгүң
Сүйө албай калганбы.
Жалганбы, жалганбы
Сүйүүбү арман
Кызыгы бүтпөс дүйнөдө,
Кыйноосуз өткөн жан барбы.
Күттүрбөй айтчы батыраак,
Сезимдер чынбы, жалганбы.
Кайырма:
Арнаган ырым жактыбы,
Айтылбас ойлор таттуубу.
Арзууңа жетер күн болсо,
Анда эле менмин бактылуу.
Себеленип ойлордун жумшак жамгыры,
Салкын тартып караның менден узады.
Кетпе алыска, кетпе менин жаштыгым,
Тумчуктурба агызып шаарын ызанын.
Кайырма:
Жылт эткен жылдыздын үзүгүндөй,
Сен кайда кеткенсиң асыл кечим?
Жүрөктө толукшуп сүйүү жазы,
Сен качан келесиң жан секетим?
Тереңдерден балбылдап сезим бермети,
Ыйык ойлор шыбырын сенден жашырат.
Күнгө умтулган биздеги жашыл өмүргө,
Аппак жаандай тилектер жаап, басылат.
Кайырма:
|