|
Алымбек Сооронбаев - АпамаОкшош аудиолор
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
“Элдик аудио” бөлүмүнө жүктөлгөн аудиого жана анын мазмунуна SUPER.KG порталы жоопкерчиликти албайт.
Адамдын кадыр-баркына жана юридикалык жактардын ишкердик беделине шек келтирүүчү маалыматтар, тиешелүү жактардын жазуу түрүндө жеке кайрылуусу менен гана өчүрүлөт. Алымбек Сооронбаев - Апама
Сиз бар үчүн менде болбойт муң кайгы,
Кечириңиз уулуңуздун болсо айыбы. Күнгѳ окшош деп жаңылыпмын мен сизди, Тескерисинче күн сисге окшош турбайбы. Ажарымсыз, асылымсыз менин энем, Бул саптарды сизге арнап жазып келем. Аябаймын эч нерсемди сиз үчүн, Керек болсо курмандыкка жаным берем. Мээримиңиз мага чексиз тѳгүлгѳн, Сиз аркылуу дүйнѳ тунук кѳрүнгѳн. Эч убакта жүрѳгүмдѳн ѳчпѳйсүз, Ѳтсѳңүзда бул кең турмуш ѳмүрдѳн. Бакытымсыз, таалайымсыз менин энем, Чарчабастан сизге алкыш айта берем. Адам болдум ордумду таап жашоодон, Сиздин айткан «АЛГА»- деген девиз менен. Сиздин жүрѳк бир кири жок суудай тунук, Орун алган эмес анда бузукулук. Жараткандан сизге арналып берилген, «ЭНЕ» деген атыңыз бар чексиз улук. Ардагымсыз, кымбатымсыз менин энем, Пейилиңиз бардыгына дайым кенен. Айтыңызчы канткенде мен актай алам, Сүйүүңүздү, сүтүңүдү мага берген. |
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул элдик аудиого кирди:
|