|
Омар - Булбулум (минус)Окшош аудиолор
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
“Элдик аудио” бөлүмүнө жүктөлгөн аудиого жана анын мазмунуна SUPER.KG порталы жоопкерчиликти албайт.
Адамдын кадыр-баркына жана юридикалык жактардын ишкердик беделине шек келтирүүчү маалыматтар, тиешелүү жактардын жазуу түрүндө жеке кайрылуусу менен гана өчүрүлөт. Омар - Булбулум (минус)
Сөзү : Э. Иманалиевдики
Обону : Э. Иманалиевдики Ар кечте, ар таңда боздоп сайрап, Азгырып сезимди козгоп сайрап. Бир булбул буулугуп келет күндө, Биз жүрчү алма бакты болжоп сайрап. Ал чакта адашып күүгүм калган, Ар шакта алмадай сүйүүм калган. Ал сүйүүм булбулга айланганбы? Ашыгын издеген үрүл таңдан. Кайырма: Булбулум, булбулум ай, Буулуккан кургурум ай. Бул кечте үнүң баспай, Буулуктум неге мынча, Булбулум, булбулум ай? Жаңшайсың жаш булбул токтобогон, Жашоодо жан жок эй боздобогон. Жашыймын көп эстеп ал күндөрдү, Жаштыгым жаштыкка окшобогон. Сайрашың өткөндү эске салып, Санааркайм, ал күндөр четте калып. Буулуккан булбулдай сени жоктоп, Буйруксуз сүйүүмдү мен жектеп алып. Кайырма: |
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул элдик аудиого кирди:
|