|
"Кыз Бурак" тобу - Андай жигит мырзасы эмес кыргызымдын (Минус)Окшош аудиолор
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
“Элдик аудио” бөлүмүнө жүктөлгөн аудиого жана анын мазмунуна SUPER.KG порталы жоопкерчиликти албайт.
Адамдын кадыр-баркына жана юридикалык жактардын ишкердик беделине шек келтирүүчү маалыматтар, тиешелүү жактардын жазуу түрүндө жеке кайрылуусу менен гана өчүрүлөт. "Кыз Бурак" тобу - Андай жигит мырзасы эмес кыргызымдын (Минус)
Ат жалында шамалдай ойнобосо,
Ала-Тоого жүрөгүн толгобосо, Ата Журттун эртеңин ойлобосо, Андай жигит мырзасы эмес кыргызымдын. Кылыч болуп душманга чабылбаса, Сен дегенде селдей каптап агылбаса, Жерин коргоп жарагын тагынбаса, Андай жигит мырзасы эмес кыргызымдын. Бабалардын салтына багынбаса, Кырк чилтенге сыйынып жалынбаса, Имерилип тоолорун сагынбаса, Андай жигит мырзасы эмес кыргызымдын. Калпак кийип башына эрденбесе, Калк ишине билек түрүп шерденбесе, Жети атасын сурасаң, "билбейм" десе, Андай жигит мырзасы эмес кыргызымдын. Кыздарынын намысын коргобосо, Абийир үчүн чеп болуп орнобосо, Энесинин көз жашын ойлобосо, Андай жигит мырзасы эмес кыргызымдын. Бири сымал көктө толгон жылдыздын, Бири өңдүү сууда сүзгөн кундуздун, Эл ичинде баш калкалап күн көрсө, Андай жигит мырзасы эмес кыргызымдын. |
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул элдик аудиого кирди:
|