|
Максат Кулуев - Жөнө баламОкшош аудиолор
“Элдик аудио” бөлүмүнө жүктөлгөн аудиого жана анын мазмунуна SUPER.KG порталы жоопкерчиликти албайт.
Адамдын кадыр-баркына жана юридикалык жактардын ишкердик беделине шек келтирүүчү маалыматтар, тиешелүү жактардын жазуу түрүндө жеке кайрылуусу менен гана өчүрүлөт. Максат Кулуев - Жөнө балам
Сөзү, обону: Максат Кулуевдики
Жөнө балам сен чоңойдуң Айыл журтка барып кел Айыл апа кандай жатат Бир кабарын алып кел Чоң атаңдын короо жайын Чөп баскандыр белчеден Чалдын сөөгүн бир агартып Чар тарабын чабып кел Кайрыма: Айда балам жылкыңды Ата баба журтуна Ат дүбүртү атам үнү Бир жаңырсын кыр кырда Жети атаң баскан жер Жетеси бүт жаткан жер Мени тартпай чоң атаң тарт Журт таштабайт кыргызда. Ээсиз калган жайыт дагы Малын журтка айдап кел Ээсин дагы сагынгандыр Дал өзүндөй жайгап кел Мен кеткенде минген аты Аза тартып бош эле Чоң атаңдын мамысына Чабдар атын байлап кел Кайрыма: Айда балам жылкыңды Ата баба журтуна Мен куруюн шаар кезип Айыл калды унутта Кол чаначтан кымыз ичкен Кыргыз элем кырдагы Тундурмадай тунук кезим Төгүлдүңбү турмушта Чоң апаңдын кемегесин Бир түтөтүп жагып кел Келинге деп тикен эле Көшөгөсүн тагып кел Коңшу колоң туугандарга Үйдү жайды табыштап Көңдө калган жалгыз така Там бооруна кагып кел. Кайрыма: |
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул элдик аудиого кирди:
|
Саламатсызбы! http://www.super.kg/superstan/index.php?showtopic=46007 ушул шилтеме менен кирип жүктөө жолун билип алсаңыз болот.