super.kg logo

Курманбек Ниязбеков - "Айырмам эмне"

Жүктөлгөн: 09-03-2018
Көчүрүү
04:47
5,47 Мб
  • Currently 5.00/5
Жүктөгөн: Kurmanbek_9009
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
“Элдик аудио” бөлүмүнө жүктөлгөн аудиого жана анын мазмунуна SUPER.KG порталы жоопкерчиликти албайт.
Адамдын кадыр-баркына жана юридикалык жактардын ишкердик беделине шек келтирүүчү маалыматтар, тиешелүү жактардын жазуу түрүндө жеке кайрылуусу менен гана өчүрүлөт.

Курманбек Ниязбеков - "Айырмам эмне"

Курманбек Ниязбеков - "Айырмам эмне"
Сөзү: Мырзайым Айтимбетова
Обону: Курманбек Ниязбеков
Аранжировка: Акылбек Карипов
Үн режиссер: Канатбек Амангелдиев

Жүрөгүм сенден түңүлүп турат,
Жүздөгөн суроо үйүлүп турат.
Дартымдын анык өңүндөй болуп,
Дарактар сыртта күбүлүп турат.

Кайырма:
Саанамдын дайым бири сен беле,
Сагыздай ээрип ирисем деле.
Сага мен чындап маанисиз окшойм,
Саргайып жүрүп чирисем деле.

Көңүлүм муздап калтырап тоңуп,
Көздөгү жаштар аргымак болуп.
Кумсарган жүздөн чуркашып далай,
Кулады канча жалбырак болуп.

Кайырма:

Жүрөктү өйкөп сайылган эмне,
Жүлүнгө түп-түз жайылган эмне.
Күндөрүм минтип саргайып жатса,
Күз менен менин айырмам эмне.
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул элдик аудиого кирди:

Видеоклиптердин саны:
2893;
Аудиоклиптердин саны:
9299;
Элдик видеолордун саны:
36849;
Элдик аудиолордун саны:
18962;