|
Кубаныч Алиев "Атакем"Окшош аудиолор
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
“Элдик аудио” бөлүмүнө жүктөлгөн аудиого жана анын мазмунуна SUPER.KG порталы жоопкерчиликти албайт.
Адамдын кадыр-баркына жана юридикалык жактардын ишкердик беделине шек келтирүүчү маалыматтар, тиешелүү жактардын жазуу түрүндө жеке кайрылуусу менен гана өчүрүлөт. Кубаныч Алиев "Атакем"
"Атакем"
с. Баян Акматов о.Кубаныч Алиев Көздөрүңдүн нурлары бар, Сөздөрүңдүн сырлары бар, атакем. Балам десең балкып турган, Балдарыңдын жыргалы бар, атакем. Кайырма: Атакем менин, аска-зоо белим, Арстан жүрөк, айкөлүм шерим. Калк урматтаган, казынам кеним, Пайдубалым сен падышам бегим. Нарк насилим, насыятым, Оомат кутум, осуятым, атакем. Карааныңдан кубат алам, Калкагар тоо касиетим, атакем. Кайырма: Атакем менин, аска-зоо белим, Арстан жүрөк, айкөлүм шерим. Калк урматтаган, казынам кеним, Пайдубалым сен падышам деген. Азаптардан калкалайын, Ата жолун аркалайын, атакем. Аттаналы макул болчу, Ажылыкка алпарайын,атакем. Кайырма: Атакем менин, аска-зоо белим, Арстан жүрөк, айкөлүм шерим. Калк урматтаган, казынам кеним, Пайдубалым сен падышам деген. Атакем менин айкөлүм,шерим! |
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул элдик аудиого кирди:
|