|
Мухиддинов Асамиддин - Акыркы жолугушуОкшош аудиолор
Комментарийлер(1)
kyrgyzshaa
![]()
24.06.2012. 14:32
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сөзу жакшы еле жазылыптыр обону музыкасы жаккан жок
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
“Элдик аудио” бөлүмүнө жүктөлгөн аудиого жана анын мазмунуна SUPER.KG порталы жоопкерчиликти албайт.
Адамдын кадыр-баркына жана юридикалык жактардын ишкердик беделине шек келтирүүчү маалыматтар, тиешелүү жактардын жазуу түрүндө жеке кайрылуусу менен гана өчүрүлөт. Мухиддинов Асамиддин - Акыркы жолугушуСөзү : Асамиддин Мухиддинов
Обону : Эрмамат Сопиев,
Музыкалаштырган: Тахир Каримов
Акыркы жолугушуу
Нөшөрлөп жаздагы жамгырдай, Нөшөрлөп, көздөн жаш басылбай. Буулуккан сезимдин түбүндө, Белгисиз сыр жатты, ачылбай. “Кечир” деп, чубалтып көз жашың, “Кечир” деп араңдан сөз айттың. Кечирчү күнөөңдү биле албай, Күмөндөп миң ойду мен жаттым. Көп турдуң көз жашың тыя албай, Көп турдуң эсиңди жыя албай. Жароокер жүрөгүң түтпөстөн, Жал ооруп көп турдуң, кыя албай. Коштоштук, “Кош бол” деп айта албай, Коштоштук аргасыз тайсалдай. Турмушта ким менен болсоң да, Тиледим түгөнбөс бак-таалай. Тагдырыбыз бирге болбоду. Тагдырыбыз бизди кошподу. Ортобуздагы тунук махабат, Өткүн жамгыр же түшкө окшоду... Асамиддин Мухиддинов 05.11.2006-жыл. |
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул элдик аудиого кирди:
|