super.kg logo

Асамиддин Мухиддинов - Сагынып сени

Жүктөлгөн: 26-06-2012
Көчүрүү
04:37
4,23 Мб
  • Currently 3.67/5
Жүктөгөн: Suyuu_Jarchysy
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
“Элдик аудио” бөлүмүнө жүктөлгөн аудиого жана анын мазмунуна SUPER.KG порталы жоопкерчиликти албайт.
Адамдын кадыр-баркына жана юридикалык жактардын ишкердик беделине шек келтирүүчү маалыматтар, тиешелүү жактардын жазуу түрүндө жеке кайрылуусу менен гана өчүрүлөт.

Асамиддин Мухиддинов - Сагынып сени

Созу: Асамиддин Мухиддинов
Обону: X_MAN
Музыкалаштырган: Тахир Каримов


САГЫНЫП СЕНИ

Сабыр жетпей сан ойлор санааман кетпей,
Самап көңүл заарыгат сагынып сени.
Сүйкүм жүзүң көрөм дей жүрөгүм дегдей,
Сыйбай дүйнөөм таарыгат сагынып сени.

Жүрөгүмдө жарамды жубатаар даары,
Жашыгансыйт гүл багым сагынып сени.
Жарык жашоом караңгы түн болуп баары,
Жашынгансыйт күн дагын сагынып сени.

Сыздатып козгоп жараатым,
Сумсайба дейсиң каралдым,
Сыноо бул дейсиң чыдай тур,
Сабырдын түбү саралтын.
Сезимге болуп аралжым,
Санаамды келет таралткың.
Сагынчтан арылалбаймгоо
Сезбей кучактап демиң.
Сүйбөсөм эриндериң,
Сылабай саамайың алтын.

өкүнүчтү аркалап, өзүңдү самап,
өкүм сүрөт жалгыздык сагынып сени,
өтүп күнүм саат карап, секундту санап,
өрттөйт ичти алсыздык сагынып сени.

Таарып улам туш тарап, өндөнуп абак,
Тыбырчылайм, сыгылып, сагынып сени,
Туйлап күтүүдөн жадап, жүрөгум канап
Турат ичте сызылып сагынып сени.

Сыздатып козгоп жараатым,
Сумсайба дейсиң каралдым,
Сыноо бул дейсиң чыдай тур,
Сабырдын түбү саралтын.
Сезимге болуп аралжым,
Санаамды келет таралткың.
Сагынчтан арылалбаймгоо
Сезбей кучактап демиң.
Сүйбөсөм эриндериң,
Сылабай саамайың алтын.

Түндүн көзүн тиктемей кирпик ирмебей,
Таңды тосом ойлонуп сагынып сени.
Тапкан аргам эңсемей түтпөйм эстебей,
Таттуу ойго толгонуп сагынып сени.

Татынам деп эселек сүйүп эркелеп,
Турсаң деле койнумда сагынып сени,
Тамып көз жаш кубанчтан ыйласам керек,
Тарабастан кумаарым сагынчтан эми!!!
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул элдик аудиого кирди:

Видеоклиптердин саны:
2893;
Аудиоклиптердин саны:
9299;
Элдик видеолордун саны:
36849;
Элдик аудиолордун саны:
18962;