super.kg logo

Толсун Сулайманов - "Кайдасын?"

Жүктөлгөн: 29-12-2012
Көчүрүү
03:08
2,88 Мб
  • Currently 0.00/5
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
Жүктөгөн: Marlis
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
“Элдик аудио” бөлүмүнө жүктөлгөн аудиого жана анын мазмунуна SUPER.KG порталы жоопкерчиликти албайт.
Адамдын кадыр-баркына жана юридикалык жактардын ишкердик беделине шек келтирүүчү маалыматтар, тиешелүү жактардын жазуу түрүндө жеке кайрылуусу менен гана өчүрүлөт.

Толсун Сулайманов - "Кайдасын?"

Толсун Сулайманов - "Кайдасын?"

Сөзү: Марлис Сулаймановдуку;
Обону: Толсун Сулаймановдуку;

Санаадан чыккан караандай,
Сагындым сага бара албай.
Сабырым бошом өзүмдүн,
Сагыныч калды тарабай.

Кусадан чыккан караандай,
Кубардым сага бара албай.
Кучагым бошоп өзүмдүн,
Кумарым калды тарабай.

Кайырма:

Таба албай калдым айласын,
Таң атып жарык жайнасын.
Таарыныч такыр басылбай,
Татынам азыр кайдасын?

Карлыгач кушум кайдасын?
Каректен нуруң жайнасын.
Карааның күтүп зар болдум,
Кымбатым айтчы кайдасын?


Алыска таштап кадамым,
Алсырап күтүп жатамын,
Азапка салба жүрөктү,
Арзыган менин ардагым.

Узака таштап кадамым,
Утурлай жолуң карадым.
Убайга салба жүрөктү,
Унута албайм карааның.

Кайырма:

Таба албай калдым айласын,
Таң атып жарык жайнасын.
Таарыныч такыр басылбай,
Татынам азыр кайдасын?

Карлыгач кушум кайдасын?
Каректен нуруң жайнасын.
Карааның күтүп зар болдум,
Кымбатым айтчы кайдасын?

Кайырма:

Таба албай калдым айласын,
Таң атып жарык жайнасын.
Таарыныч такыр басылбай,
Татынам азыр кайдасын?

Карлыгач кушум кайдасын?
Каректен нуруң жайнасын.
Карааның күтүп зар болдум,
Кымбатым айтчы кайдасын?
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул элдик аудиого кирди:

Видеоклиптердин саны:
2893;
Аудиоклиптердин саны:
9299;
Элдик видеолордун саны:
36849;
Элдик аудиолордун саны:
18962;