|
С.Момбеков "Жалтактык"Окшош аудиолор
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
“Элдик аудио” бөлүмүнө жүктөлгөн аудиого жана анын мазмунуна SUPER.KG порталы жоопкерчиликти албайт.
Адамдын кадыр-баркына жана юридикалык жактардын ишкердик беделине шек келтирүүчү маалыматтар, тиешелүү жактардын жазуу түрүндө жеке кайрылуусу менен гана өчүрүлөт. С.Момбеков "Жалтактык"
Жалтактык
Өлкө жашап жалган цифраларда, Сөөк талаш кимдир бирөө ыргыткан. Өлбөс болуп жүрөсүңөр дүйнөдө, Коркосуңар Кудай эмес чындыктан. Ким жактырат ачып турсаң айыбын? Пенде барбы мактаганды сүйбөгөн? Эч ким менен урушпай да талашпай, Бул жашоодон өтсөк дешет сый менен. Кирген чыккан сүртүп өтөөр буттарын, Эл эмине эшиктеги талпакпы? Койдун канын кокус куюп алгансып, Уул-кызың ушунчалык, ушунчалык жалтакпы? Мекен бүгүн чоң базарга айланып, Чөнтөкчүнүн күнү тууган убагы. Кагылайын, кантип сени уктатат? Кан какшаган калың журттун убалы. Өчөөр-өчпөс качанкы бир чийиндин Ар жагын, бер жагына чыга албай. Өзүмдү өзүм иренжитип келемин, Өмүрдө бир тобокелдик кыла албай. |
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул элдик аудиого кирди:
|