|
Спорт : ФИФА жылдын мыкты 10 голунун тизмесин жарыяладыОкшош видеолор
"Элдик видео" бөлүмүнө жүктөлгөн видеого жана анын мазмунуна жүктөгөн колдонуучу жоопкер.
Адамдын кадыр-баркына жана юридикалык жактардын ишкердик беделине шек келтирүүчү маалыматтар, тиешелүү жактардын жазуу түрүндө жеке кайрылуусу менен өчүрүлүшү мүмкүн.
http://www.super.kg/kabar/news/38317/
ФИФА жылдын мыкты 10 голунун тизмесин жарыялады Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) расмий сайтында Ференц Пушкаштын атын алып жүргөн “Жылдын кооз голу” наамына талапкер 10 голдун авторлорунун тизмесин жарыялады. Тизмеге кирген 10 голдун 8и клубдар аралык мелдештерде киргизилген. Калган 2 гол курама командалардын беттешинде катталып, алардын ээлери бразилиялык Неймар (Конфедерациялар Кубогунда Япониянын дарбазасына киргизген) менен швециялык Златан Ибрагимович (жолдоштук беттеште Англиянын дарбазасына киргизген) болду. Клубдар аралык мелдештерде киргизилген голдордун ичинен кооз гол сыйлыгына Петер Анкерсен (клубу “Эсберг”, Дания), Лайз де Ванн (“Скай Блю”, Жаңы Зеландия), Антонио ди Натале (“Удинезе”, Италия), Панайотис Коне (“Болонья”, Италия), Даниэль Лудуэнья (“Пачуки, Мексика), Неманья Матич (“Бенфика”, Португалия), Луиза Несиб (“Лион”, Франция), Хуан Мануэл Оливер (“Наутико”, Бразилия) сыяктуу футболчулардын голдору көрсөтүлүүдө. 9-декабрга чейинки добуш берүүнүн жыйынтыгында 10 голдун ичинен эң мыкты 3 гол тандалат жана 2014-жылы, 13-январда сыйлык ээси аныкталат. |
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул элдик видеону көрдү:
|